Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңби?

Билесиңби?

Байыркы убакта бирөөнүн талаасына отоо чөптүн уругун сээп кеткен учурлар чындап эле болгонбу?

Император Юстиниандын «Дигесталар» жыйнагынын 1468-көчүрмөсү — байыркы убактагы сот иштери майда-баратына чейин түшүндүрүлгөн көптөгөн эмгектердин бири

МАТАЙ 13:24—26-аяттарда Иса пайгамбар мындай мисал айткан: «Асман Падышалыгы талаасына жакшы үрөн сепкен кишиге окшош. Баары уктап жатканда, душманы келип, буудайдын арасына отоо чөптүн уругун сээп кетти. Буудай өнүп чыгып, баш алып калганда, отоо чөптөр да өсүп чыкты». Айрым жазуучулар бул мисалды чындыкка коошпойт деп ойлошот. Бирок байыркы римдиктердин юридикалык документтери андай жагдайлардын болгонун далилдейт.

Бир ыйык китептик сөздүккө ылайык, «өч алыш үчүн бирөөнүн талаасына уулуу отоо чөптүн уругун себүү,.. Рим мыйзамы боюнча, кылмышка жаткан. Буга байланыштуу өзүнчө мыйзам чыгаруу зарыл болгонуна караганда, андай жагдайлар көп эле кездешкен деп айтууга болот». Юриспруденция илиминин окумуштуусу Аластер Керр б.з. 533-жылы Рим императору Юстиниандын «Дигесталар» деген жыйнагын чыгарганын жазган. Ал жыйнакта Рим мыйзамдары менен Рим классик юристеринин (б.з. 100—250-жылдары) эмгектеринен үзүндүлөр камтылган. «Дигесталар» (9.2.27.14) эмгегине ылайык, Ульииан деген юрист 2-кылымда жашаган Рим мамлекеттик ишмери Цельс караган сот иши жөнүндө кеп кылган. Ал сотто бирөөнүн талаасына отоо чөптүн уругун сээп, бүт түшүмгө зыян келтирген кишинин иши каралган. «Дигесталарда» жердин ээсине же аны ижарага алган кишиге келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланышкан юридикалык чаралар талкууланган.

Ошентип, Рим империясында кара өзгөйлүккө жаткан ушундай иштердин жасалганы Иса пайгамбардын турмуштан алынган мисал айтканын ырастап турат.

1-кылымда Рим өкмөтү Жүйүт жериндеги жүйүт башкаруучуларына канчалык эркиндик берген?

АЛ КЕЗДЕ Жүйүт жери римдиктердин көзөмөлү астында болгон. Алардын өкүлү болуп кол алдында аскери бар башкаруучу кызмат кылчу. Анын башкы максаты Рим өкмөтү үчүн салык чогултуу жана тынчтык менен тартипти сактоо болгон. Римдиктер мыйзамга каршы келген иш-чараларды дароо басып, козголоң чыгаргандарды жоопко тартууну көздөгөн. Бирок күнүмдүк турмушка байланыштуу маселелерди адатта жергиликтүү башкаруучуларга тапшырышчу.

Жүйүттөрдүн Синедриону ишти кароодо

Синедрион жүйүттөрдүн мыйзамы боюнча иш алпарган жогорку сот жана мамлекеттик кеңеш катары кызмат аткарган. Андан сырткары, бүт Жүйүт жери боюнча төмөнкү баскычтагы соттор болгон. Кыязы, ал соттор жарандык жана кылмыш иштеринин көбүн Рим башкаруучуларысыз эле карашкан. Бирок аларга бир чектөө коюлган: кылмышкерлерди өлүм жазасына, негизинен, римдиктер өздөрү тартышкан. Анткен менен жүйүттөр өздөрү жазага тарткан учурлар да болгон. Мисалы, Синедриондун мүчөлөрү Степанды суракка алышкан жана таш бараңга алып өлтүртүшкөн (Элч. 6:8—15; 7:54—60).

Демек, Синедрионго чоң бийлик берилген. Бирок, Эмил Шюрер деген окумуштуу белгилегендей, ал сотко «олуттуу чектөө коюлган», тактап айтканда, «Рим башкаруучулары каалаган учурунда, өзгөчө, саясий кылмыш жасалды деп шек саналганда, демилгени колго алып, өз алдынча иш алпарчу». Буга Клавдий Лусий деген аскер башчынын Рим жараны болгон элчи Пабылды камакка алганы мисал боло алат (Элч. 23:26—30).