Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жубайыңар порнография көрүп жүрсө

Жубайыңар порнография көрүп жүрсө
  • «Мага күйөөм кайра-кайра эле ойноштук кылып жаткандай сезилчү».

  • «Өзүмдү басынтылгандай, күйөөм мага тартылбай калгандай жана эч нерсеге татыксыз сезгем».

  • «Бул тууралуу эч кимге айта алган эмесмин. Ичимен эле сызып жүрө бергем».

  • «Мага Жахабанын мени менен иши жоктой сезилген».

Бул сөздөр күйөөсү порнография a көргөндө аялынын канчалык кыйналарын көрсөтүп турат. Эгер күйөөсү бир нече ай же бир нече жыл порнографияны жашыруун көрүп жүрсө, аялына: «Эми мындан ары ага кантип ишенем?» — деген ой келиши мүмкүн. Бир келин: «„Деги кандай адам менен жашап жүрөм? Ал менден дагы эмнелерди жашырып жүрөт болду экен?“ — деп ойлоно берем»,— деген.

Бул макала күйөөсү порнография көрүп жүргөн зайыптар үчүн чыгарылды b. Макалада аларды соороткон, Жахабанын жакшы көрөрүнө ынандырган жана жан дүйнө тынчтыгына ээ болууга, Жахаба менен болгон мамилесин ынак сактаганга жардам берген Ыйык Китептеги принциптер каралат c.

КҮНӨӨСҮЗ ТАРАП ЭМНЕ КЫЛСА БОЛОТ?

Күйөөңдүн баскан-турганынын баарын көзөмөлдөй албасаң да, көкөйүңдү өйкөгөн сезимдериңди басыш үчүн, жан дүйнөң тынч болушу үчүн белгилүү бир иш-аракеттерди кыла аласың. Ан үчүн буларды кылып көр.

Өзүңдү күнөөлөбө. Айрым зайыптар менден кетип жаткан үчүн күйөөм порнография көрүп жүрөт деп ойлошу мүмкүн. Алиса d күйөөсү ага тартылбай калгандай сезген. Ал: «Менин башкалардан эмнем кем? Эмне үчүн күйөөм башка аялдарды кызыгып көрөт?» — деп ойлоно берчү. Ал эми айрым аялдар күйөөсүнө ачууланганы үчүн жагдай ого бетер курчуп жатат деп өздөрүн күнөөлөшөт. Даниелла: «Ачуумду тыя албагандыктан өзүмдү никемди талкалап жаткан ажаан аялдай сезчүмүн»,— дейт.

Сен да өзүңдү ушундай сезип жатсаң, күйөөң үчүн Жахаба сени күнөөлүү деп эсептебей турганын унутпа. Жакып 1:14тө: «Ар ким өзүнүн кумарына берилип, азгырылганынын кесепетинен сыналат»,— делет (Рим. 14:12; Флп. 2:12). Жахаба сени айыптабайт, тескерисинче, берилгендигиң үчүн аябай баалайт (2 Жылн. 16:9).

Күйөөсүнүн порнография көрүп жатканынан улам аялы өзүн анча сулуу эместей, жолдошун кызыктырбагандай сезиши мүмкүн. Бирок чынында андай эмес. Изилдөөчүлөр порнографиянын бир да аял канааттандыра албай турган каалоолорду ойготорун айтышкан.

Өтө эле санаага батпа. Катеринанын эси-дартынын баарын күйөөм порнография көрүп жаткан жокпу деген ой басып калган. Ал эми Френсис мындай дейт: «Күйөөмдүн каякта жүргөнүн билбей калсам эле тынчсыздана баштачумун. Анан ошол күнү кечке бушайман болчумун». Башка аялдар болсо күйөөсүнүн ушундай көйгөйү бар экенин билгендердин арасында өздөрүн ыңгайсыз сезишерин айтышкан. Дагы башкалар алардын жагдайын эч ким толук түшүнбөгөндүктөн өздөрүн жалгыз сезишет.

Өзүңдү ушундай сезгениң табигый эле нерсе. Бирок ошолор жөнүндө эле ойлоно берсең, санаа көкүрөгүңдү кемирип жей берет. Анын ордуна, бүт көңүлүңдү Жахаба менен болгон мамилеңе топтогонго аракет кыл. Ошентсең, чыйралып, күч-кубатка толосуң (Заб. 62:2; Эф. 6:10).

Ыйык Китептеги Жахабадан тиленип, сооронуч алган аялдар жөнүндө окуп, ой жүгүрткөнүң пайдалуу болушу мүмкүн. Албетте, Жахаба алардын кыйынчылыгын жок кылып койгон эмес, бирок жүрөктөрүнө тынчтык берген. Алсак, Анна оор жагдайынан улам «катуу кайгырган». Бирок ал ичиндегисинин баарын айтып, «Жахабадан көпкө чейин тиленген». Ошондон кийин, жагдайы кантип чечилерин билбесе да, жан дүйнөсү тынчып калган (1 Шем. 1:10, 12, 18; 2 Кор. 1:3, 4).

Күйөөсү да, аялы да аксакалдардан жардам сурашы керек

Жыйналыштагы аксакалдарга жардам сурап кайрыл. Алар сага «шамалдан коргой турган калканычтай, нөшөрдөн калкалай турган жайдай» болуп берет (Ыш. 32:2). Балким, алар сен сырыңды айта алган, сени соорото алган эже-карындашты сунуштайттыр (Накыл 17:17).

СЕН КАНТИП ЖАРДАМ БЕРЕ АЛАСЫҢ?

Порнография көрүп жүргөн жолдошуңа ушул жаман адатын таштаганга жардам бере алышың мүмкүнбү? Балким. Ыйык Китепте көйгөйдү чечиш үчүн же күчтүү душманды жеңиш үчүн «жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы» экени айтылат (Нас. 4:9—12). Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жубайлардын биргелешип иш-аракет кылганынын аркасында көп учурда жолдошу ошондой жаман адатын жеңе алат, аялы да ага кайрадан ишеним арта алат.

Албетте, көп нерсе жолдошуңардын ошол жаман адатынан арылганга канчалык дилгир, канчалык чечкиндүү болгонунан көз каранды. Ал Жахабадан күч беришин сурап жалынып-жалбарабы жана аксакалдардан жардам сурайбы? (2 Кор. 4:7; Жкп. 5:14, 15). Азгырыкка алдырбаш үчүн эмне кыларын ойлонуштуруп алганбы? Мисалы, электрондук каражатты колдонгонго байланыштуу чектерди коюп алганбы жана жаман каалоосун ойготушу мүмкүн болгон жагдайлардан качабы? (Накыл 27:12). Силердин жардамыңарды кабыл алганга жана эч нерсесин жашырбай айтып бергенге даярбы? Эгер ошондой болсо, ага жардам бере алышыңар мүмкүн.

Кантип? Буга байланыштуу Фелисиянын окуясына токтололу. Анын күйөөсү Итан бала кезинен тартып эле порнография көрчү экен. Фелисия түшүнүү менен мамиле кылгандыктан Итан порнография көргүсү келип жатканын ага оңой эле айтып бере алчу. Итан мындай дейт: «Мен ага эч нерсени жашырбай, баарын ачык айтып берем. Ал мага азгырыктан качканга жардам берет жана эмне болуп жатканымды сурап турат. Ошондой эле Интернетти чеги менен колдонгонго көмөк кылат». Албетте, Итандын порнография көргөнгө жакын болгону Фелисиянын жүрөгүн оорутпай койбойт. Ошондой болсо да ал мындай дейт: «Ачууланып, кайгыргандан эмне пайда? Ошентсем эле ал бул ыпылас адатын таштамак беле. Чынында, анын көйгөйүн чогуу талдагандан кийин, ал мени түшүнүп, жүрөгүмдү оорутпаганга аракет кылып калат».

Ушинтип ачык сүйлөшкөнү күйөөсүнө порнография көрүү адатынан арылганга, аялына болсо күйөөсүнө кайрадан ишене баштаганга жардам берет. Күйөөсү алсыздыктарын, эмне кыларын, каякка барарын — баарын ачык айтып берсе, аялы анын эч нерсесин жашырбай турганына көзү жетип, толугу менен ишене алат.

Сен да күйөөңө ушинтип жардам бере аласыңбы? Анда, балким, бул макаланы күйөөң экөөңөр чогуу окуп, талкуулап көрөттүрсүңөр. Жолдошуңардын максаты порнография көргөнүн таштоо жана ага кайрадан ишене баштаганга татыктуу экенин далилдөө болушу керек. Ал сенин ушул көйгөй жөнүндө сүйлөшкүң келип жатканына ачууланбай, сезимдериңди түшүнгөнгө аракет кылышы зарыл. Ал эми сенин максатың — анын аракетин колдоп, кайрадан ишеничиңе киргенге мүмкүнчүлүк берүү. Экөөңөр тең көптөр эмне үчүн порнография көрүүгө азгырыларын жана ал көйгөйдү кантип жеңсе болорун аныктаганга аракет кылгыла e.

Эгер жолдошуң менен анын алсыздыгы жөнүндө сүйлөшүп жатканда уруш-талаш чыгып кетет деп корксоңчу? Анда өзүңөр ишенген эки аксакалдан талкуу учурунда силер менен бир нече жолу чогуу отурушун сурансаңар болот. Жолдошуң жаман адатын таштаган күндө да, ага кайрадан ишене башташ үчүн бир топ убакыт керек болушу мүмкүн экенин эсиңден чыгарба. Багынба! Мамилеңердин кичинеден болсо да жакшырып келатканына көңүл топто. Экөөңөр тең чыдамдуу болсоңор, убакыттын өтүшү менен нике түйүнүңөр кайрадан бекем болот (Нас. 7:8; 1 Кор. 13:4).

ЭГЕР ӨЗГӨРГҮСҮ КЕЛБЕСЕЧИ?

Эгер жолдошуңар кайрадан эски адатына алдырып койсо, бул анын өкүнбөгөнүн, такыр оңолбой турганын билдиреби? Сөзсүз эле андай эмес. Өзгөчө, эгер ал порнографияга байланып калган болсо, ал адаты менен өмүр бою күрөшкөнгө туура келиши мүмкүн. Көрбөй калганынан бир нече жыл өтсө да, эски адаты кайра кармап кетиши ыктымал. Ошентпеши үчүн мурдагыдан да көбүрөөк күч жумшашы керек. Бул адатты биротоло жеңгендей сезсе да, азгырыкка кайра алдырып албашы үчүн, балким, эмне кыларын алдын ала ойлонуштуруп, дайыма сак болгонго аракет кылаттыр (Накыл 28:14; Мт. 5:29; 1 Кор. 10:12). Ан үчүн акылын дайыма «жаңылантып», «жамандыкты жек көргөнгө» үйрөнүшү керек. «Жамандыкка» порнография көрүү, ошондой эле мастурбация сыяктуу иш-аракеттер кирет (Эф. 4:23; Заб. 97:10; Рим. 12:9). Жолдошуң бул иштерди кылбаш үчүн күч-аракет жумшаганга даярбы? Эгер ошондой болсо, анда ал оңоло алат f.

Жахаба менен болгон мамилеңе көңүл топто

Өмүрлүк жарың ушундай алсыздыгы менен күрөшкүсү келбесе, эмне кылсаң болот? Андайда күйөөң көзүңө чөп салып жаткандай сезишиң, көңүлүң калышы, ачууланышың мүмкүн. Эгер ушундай болуп жатса, баарын Жахабага тапшыр. Ал сени жан дүйнө тынчтыгына ээ кылат (1 Пет. 5:7). Ыйык Китепти изилдеп, тиленип, ой жүгүртүп, андан ары да Жахабага жакындай бер. Ошентсең, Жахаба да сага жакындайт. Мындан шектенбесең болот. Анткени Ышая 57:15те айтылгандай, ал «кыйналган... адам менен бирге болуп», ага кайрадан кубанганга жардам берет. Колуңдан келишинче Кудайдын мыкты кызматчысы болгонго умтула бер. Аксакалдарга жардам сурап кайрыл. Анан бир күнү жолдошуңдун өзгөрөрүнөн үмүтүңдү үзбө! (Рим. 2:4; 2 Пет. 3:9).

a Порнографияга жыныстык адеп-ахлаксыздык камтылган видеолор, сүрөттөр, тексттер, аудио жаздыруулар жана жаман каалоолорду ойготкон нерселердин баары кирет.

b Бул макалада порнография көрүп жүргөн күйөөлөр жөнүндө сөз жүрөт. Анткен менен бул жердеги принциптерди аялы порнография көргөн күйөөлөр да колдоно алат.

c Ыйык Китепке ылайык, порнография көрүү ажырашууга негиз берген себеп эмес (Мт. 19:9).

d Ысымдар өзгөртүлдү.

e Буга байланыштуу пайдалуу маалыматты төмөнкү жактардан тапсаңар болот: («Порнография никени талкалаган жоо» (jw.org сайты); «Азгырыкка алдырбоо мүмкүнбү?» («Күзөт мунарасы», 2014-жыл, 1-апрель, 10—12-б.), «Порнография зыянсызбы же уубу?» («Күзөт мунарасы», 2013-жыл, 1-август, 3—7-б.)

f Порнография адамдын эси-дартын ээлеп ала турган адат болгондуктан, айрым жубайлар жардам издеп аксакалдарга кайрылгандан тышкары, медициналык жардам алууну чечишкен.