Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакшы иштин жемиши

Жакшы иштин жемиши

ЖОНДУН атасы Индиянын Гужарат штатындагы чакан шаарда 1950-жылдардын аяк ченинде чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон. Жон, эки иниси, эжеси, эки карындашы жана апасы рим-католик динине бекем кармангандыктан атасына каршы болушкан.

Бир күнү Жондун атасы андан жыйналышындагы бир ишенимдешине кат жеткирип келишин суранган. Ошол күнү эртең менен Жон калай бочканы ачам деп сөөмөйүн кесип алган. Ошентсе да ал атасынын тилин алгысы келгендиктен кан токтобой агып жаткан сөөмөйүн чүпүрөк менен таңып, кат жеткиргени жөө жөнөгөн.

Жон ал бир туугандыкына барганда, катты анын аялы алган. Ал да Жахабанын Күбөсү эле. Жондун колун кесип алганын байкап, ал жардамын сунуштаган. Анан дары-дармек салынган кутучасын алып чыгып, колундагы жараатын тазалап, таңып берген. Андан соң ысык чай даярдап келген. Ушуларды кылып жатып, ал Жонго Ыйык Китеп жөнүндө сылыктык менен айта берген.

Анын жакшылыгынан улам Жондун Жахабанын Күбөлөрүнө болгон терс көз карашы өзгөрө баштаган. Ошондуктан андан атасынын дининен айырмаланган, өздөрү карманган эки окуу жөнүндө сураган. Тагыраак айтканда: «Иса Кудайбы? Кудайдын кызматчылары Мариямга сыйынышы керекпи?» — деген суроолорду берген. Ал эже Жондун эне тили болгон гужарати тилин билгендиктен Ыйык Китепти колдонуп, анын тилинде жооп берген жана «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар» деген китепчени берген.

Жон китепчени окуп чыккандан кийин чындыкты тапканына көзү жеткен. Ал дин кызматчысына барып, баягы эки суроосун ага да берген. Дин кызматчынын каары кайнап, Ыйык Китепти аны көздөй ыргытып жиберген да: «Сен Шайтан болуп калыптырсың! Кана көрсөтчү, Иса Кудай эмес деп кайсы жерде жазылып турат? Кайсы жеринде Мариямга сыйынбаш керектиги жазылган? Кана, көрсөтчү!» — деп кыйкырган. Жон дин кызматчынын жоругун көргөндө, төбө чачы тик туруп, ага: «Католик чиркөөсүнүн босогосун экинчи аттабайм!» — деген. Ошондон кийин такыр барган эмес.

Жон Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, чындык жолуна түшкөн жана Жахабага кызмат кыла баштаган. Убакыттын өтүшү менен үй-бүлөсүндөгүлөрдүн айрымдары да чындыкты кабыл алышкан. Анын 60 жылдай мурун кесип алган оң сөөмөйүндөгү тырык дагы деле бар. Бул баягы бир туугандын чындык жолуна түшүүгө жардам берген жакшы ишин Жондун эсине салып турат (2 Кор. 6:4, 6).