Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Тиленүүлөрдү Угуучу» Кудай бизди укканды жакшы көрөт (ЗАБУР 65:2).

Кудайга жагыш үчүн дайыма тиленгиле

Кудайга жагыш үчүн дайыма тиленгиле

Кудай Таала адам баласына өзгөчө белек — тиленүү аркылуу аны менен сүйлөшүүгө жана ой-сезимдерин билдирүүгө жөндөм — берген. Дөөтү пайгамбар: «Оо, тиленүүлөрдү Угуучу, сага ар кандай адамдар келет»,— деп тиленген (Забур 65:2). Бирок Кудай бизди угуп, батасын бериши үчүн, кантип тиленишибиз керек?

МОМУНДУК МЕНЕН ЧЫН ЖҮРӨКТӨН ТИЛЕНГИЛЕ

Өз сөзүңөр менен тиленгенде ой-сезимиңердин баарын айтып, «[Кудайга] жүрөгүңөрдөгүнү төгө» аласыңар (Забур 62:8). Кудурети Чексиз Жаратканыбыз чын жүрөктөн тиленгендерди жакшы көрөт.

КУДАЙГА ЫСМЫНАН КАЙРЫЛГЫЛА

Кудайдын Алла, Жараткан, Теңир деген сыяктуу көптөгөн наамдары бар. Бирок ысымы бирөө эле. Кудай Ыйык Китепке: «Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым»,— деп жаздырган (Ышая 42:8). Жахаба деген ысым Ыйык Жазмада 7 000дей жолу кездешет. Көп пайгамбарлар да Кудайга ысымынан кайрылышчу. Алсак, бир жолу Ыбрайым пайгамбар: «Жахаба,.. мага дагы сүйлөгөнгө уруксат этчи»,— деп өтүнгөн (Башталыш 18:30). Биз да тиленгенде Кудайга Жахаба деп кайрылышыбыз керек.

ЭНЕ ТИЛИҢЕРДЕ ТИЛЕНГИЛЕ

Кайсы тилде сүйлөбөйлү, Кудай ойлорубузду, сезимдерибизди толук түшүнөт. Анын Сөзүндө «Кудайдын бет карама эмес экени» жана «андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагары» айтылат (Элчилер 10:34, 35).

Бирок Кудай батасын бериши үчүн, тиленип эле койгонубуз жетишсиз. Кийинки макаладан дагы эмне кылышыбыз керектигин билебиз.