Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-ачкыч: Акылдуулук менен тамактангыла

1-ачкыч: Акылдуулук менен тамактангыла

1-ачкыч: Акылдуулук менен тамактангыла

«Тамак-аш же. Бирок көп эмес. Көбүнчө жашылча-жемиш же». Жазуучу Майкл Поландын бул кыска-нуска сөздөрүндө тамактанууга байланыштуу жөнөкөй, мезгил сынагынан өткөн мыкты кеңеш камтылган. Ал эмнени айткысы келген?

◯ Жаңы даярдалган тамактарды жегиле. Заманбап даяр азыктарды жегиче, адамдар миңдеген жылдардан бери даам сызып келаткан пайдалуу, жаңы даярдалган «нагыз» тамактарды жегиле. Атайы идиштерге салынган тамактардын жана тармактуу кафе-ресторандардагы тез татымдардын курамында шекердин, туздун, майдын деңгээли жогору болгондуктан, алар жүрөк ооруларын, инсультту, ракты жана башка олуттуу илдеттерди чакырышы ыктымал. Тамак жасап жатканда кууругандын ордуна, бууга, духовкага жана отко кактап бышырууга аракет кылгыла. Тузду азыраак пайдаланыш үчүн, көк-сөктү, татымалдарды көбүрөөк колдонгула. Этти жакшы бышыргыла жана эч качан бузулуп кеткен тамак жебегиле.

◯ Өтө көп жебегиле. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча салмагы ашык жана семирип кеткен кишилердин саны өсүп баратканын билдирет; бул көбүнчө тамакты өтө көп жегенден болот. Бир изилдөөнүн жыйынтыгында Африканын айрым жерлеринде «чала тоют балдарга караганда салмагы ашык балдардын көбүрөөк экени» айкын болгон. Аябай толуп кеткен балдар азыркы учурда да, келечекте да ден соолукка байланыштуу көйгөйлөргө, анын ичинде диабетке чалдыгышы мүмкүн. Андыктан, ата-энелер, чени менен тамактанып, балдарыңарга жакшы үлгү көрсөткүлө.

◯ Көбүнчө жашылча-жемиш жегиле. Эт менен крахмалга караганда ар кандай жашылча-жемиштер менен дан өсүмдүктөрүн көп колдонуу туура тамактанууга жатат. Жумасына бир-эки жолу эттин ордуна балык жегиле. Тазалоодон өткөндүктөн пайдалуу заттарынын көбүн жоготкон кесмени, ак нанды, ак күрүчтү азыраак колдонгула. Бирок залакасын тийгизиши мүмкүн болгон жалпыга белгилүү диеталарга кармануудан качкыла. Ата-энелер, балдарыңардын саламаттыгын сакташ үчүн аларга пайдалуу тамакка табит өрчүтүүгө жардам бергиле. Маселен, шам-шум эткенге таттуу-паттуу, чипстерди бергенден көрө, жаңгак же таза жуулган жемиштерди бергениңер дурус.

◯ Суусундукту көп ичкиле. Чоңдор да, балдар да күнүгө сууну жана таттуу эмес суусундуктарды көп ичиши керек. Аларды күн ысыкта, оор жумуш аткарганда же дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаганда көбүрөөк ичкиле. Андай суусундуктар тамак сиңирүүнү жеңилдетет, организмди уулуу заттардан тазалайт, терини жакшыртат жана салмактын азайышын шарттайт. Ошондой эле өзүңөрдү жакшыраак сезүүгө жана келбетиңердин жакшырышына өбөлгө түзөт. Ичимдикти жана таттуу суусундуктарды өтө көп ичүүдөн качкыла. Таттуу суусундуктарды күнүгө ичкен киши бир жылда 6,8 килограмм салмак кошушу мүмкүн.

Кээ бир жерлерде таза сууга жетүү абдан кыйын, кымбат дагы. Бирок таза суу ичүү аябай маанилүү. Кир сууну кайнатуу же химиялык тазалоодон өткөрүү керек. Айрым маалыматтарга ылайык, кир суудан согушка же жер титирөөгө караганда көбүрөөк киши өлөт; ал күнүнө 4000 баланын өмүрүн кыят. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ымыркайларды 6 айга чейин эненин сүтү менен гана, андан соң 2 жашка чейин эненин сүтү жана кошумча азыктар менен чоңойтууну кеңеш кылат.