Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту токтотуу мүмкүнбү?

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту токтотуу мүмкүнбү?

1-жагдай: Изабелдин * үйүнө ата-энеси конокко келет. Алар кызы, күйөө баласы менен дасторкон үстүндө чер жазыша сүйлөшүп отурушат. Күйөө баласынын кызына жакшы мамиле кыларын көрүп, кызыбыз жакшы кишиге турмушка чыкты деп сыймыктанышат.

2-жагдай: Фрэнк каары кайнап, адаттагысындай эле, жубайын башка-көзгө койгулап, тепкилеп, башын бир нече жолу дубалга сүздүрүп, чачынан сүйрөйт.

БУЛ эки жагдайда тең бир эле үй-бүлө тууралуу сөз жүрүп жатканын билгенде таң калышыңар мүмкүн.

Аялын сабаган эркектердин көбүндөй эле, Фрэнк элдин көзүнчө, өзгөчө, кайын ата, кайын энесинин көзүнчө «жакшы киши» болуп калат. Бирок эч ким жокто аялынын азабын колуна берет.

Фрэнктей болуп, андай эркектер аял кишини уруп-сабоо кадимки көрүнүш болгон үй-бүлөлөрдө чоңоюшкан. Ошондуктан алар аялын сабагандын жаман жери жок деп ойлошот,  атүгүл кадимки нерседей көрүшөт. Бирок ал кадимки нерсе эмес. Андай болсо, көптөр кимдир бирөөнүн өзүнүн аялын сабап койгонун билгенде жаман болушмак эмес.

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук — дүйнөгө кеңири тараган, көптөрдү тынчсыздандырган көйгөй. Мисалы, Кошмо Штаттарда жүргүзүлгөн бир сурамжылоого ылайык, тынымсыз байланыш телефонуна өлкөнүн ар тарабынан күн сайын 1 мүнөттүн ичинде орто эсеп менен күйөөсүнөн токмок жеген 16дан көп аял чалат. Маданияты, экономикалык, социалдык абалы кандай болбосун, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка дүйнө жүзүндөгү адамдардын көпчүлүгү кабылып жатат. Көптөгөн аялдар күйөөсүнөн запкы жеп жатканын билдирбегендиктен, жагдай статистика көрсөткөндөн да алда канча жаман болушу мүмкүн *.

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка байланыштуу билдирүүлөрдөн улам: «Эркектер кимдир бирөөнө, өзгөчө, аялына эмне үчүн зордук-зомбулук көрсөтөт? Андай эркектерге өзгөргөнгө кантип жардам берсе болот?» — деген суроолор туулбай койбойт.

Бул журналды басып чыгарган Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептеги кеңештер ачуулуу, кызуу кандуу кишилерге өзгөргөнгө жардам берерине ишенишет. Албетте, бул оңойго турбайт, бирок андай адамдар өзгөрө алышат. Ыйык Китептеги кеңештер көптөргө мээримдүү, башкаларды урматтап-сыйлаган кишилерден болгонго жардам берген (Колосалыктар 3:8—10). Келгиле, Трой менен Валериянын башынан өткөндөргө токтолуп көрөлү.

Башында мамилеңер кандай эле?

Валерия: Экөөбүз убадалашкан күнү кечинде Трой мени чаап ийген. Колу тийген жер бир жума бою көгөрүп жүрдү. Ал менден кечке кечирим сурап, экинчи антпей турганын айтты. Бирок кийин андай сөздөрдүн далайын уктум.

 Трой: Жок жерден эле уруш чыгара берчүмүн, мисалы, тамак убагында даяр болбой калса, жинденип кетчүмүн. Бир жолу Валерияны тапанча менен сабап салгам. Дагы бир жолу болсо аны аябай катуу сабап койгондуктан өлүп калды го деп ойлогом. Уулумдун мойнуна бычак такап, өлтүрүп салам деп Валерияны коркуткан учурум да болгон.

Валерия: Дайыма жүрөгүм титиреп турчу. Кээде, Тройдун ачуусу тараганча, үйдөн качып кетчүмүн. Бирок анын токмогунан да кемсинткен сөздөрүнө чыдаш кыйын болчу.

Трой, башынан эле ошондой белеңиз?

Трой: Ооба, бала кезимден бери ошондой болчумун. Уруш-талаш кетпеген үйдө чоңойгом. Атам апамды биздин көзүбүзчө көп сабачу. Атам бизди таштап кеткенден кийин, апам башка киши менен жашай баштаган. Ал да апамды аябай сабачу. Бир жолу эжем экөөбүздү зордуктап салган, ошон үчүн кесилип кеткен. Бирок, албетте, ошондой чөйрөдө чоңойгом деп өзүмдү актай албайм.

Валерия, эмне үчүн жолдошуңуздан кетип калган жоксуз?

Валерия: «Ал артымдан сая түшүп, мени же ата-энемди өлтүрүп салса эмне болот? Кетем деп айтсам, үйдөгү жагдай андан да жаман болуп кетсечи?» — деп коркчумун.

Жагдай качан өзгөрө баштады?

Трой: Жубайым Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштады. Башында Валерияны алардан кызганып, жиним келип жүрдү. Валерия ошол «сектага» кирип кетпесин деп аракет кыла баштадым. Ошондуктан мурункудан катаал болуп, жубайыма да, Жахабанын Күбөлөрүнө да жаман мамиле кылган учурларым болду. Бир күнү 4 жашар уулубуз Даниелдин талмасы кармап калып, үч жумадай ооруканага жатып калды. Ошондо Жахабанын Күбөлөрү бизге аябай жардам беришти, 6 жашар кызыбыз Дэзирэни да карап турушту. Бир Жахабанын Күбөсү түнү бою иштеп келсе да, аялым эс алып алышы үчүн, Даниелди бир күн кечке карап берди. Мен канча жамандык кылсам да, алардын боорукердик менен мамиле кылышканына жүрөгүм жылыды. Жахабанын Күбөлөрү Иса пайгамбардын айткандарына ылайык жашаган эл экенине көзүм жетип, аларга Ыйык Китепти изилдегим келерин айттым. Изилдеп жатып күйөөнүн аялына кандай мамиле кылышы, кандай мамиле кылбашы керектигин билдим. Акырындык менен баягы жаман мүнөзүм  өзгөрө баштады. Ошентип, Жахабанын Күбөсү болдум.

Ыйык Китептеги кайсы принциптер өзгөргөнгө жардам берди?

Трой: Көп принциптер жардам берди. Мисалы, 1 Петир 3:7ден аялыма «урмат көрсөтүшүм» керектигин түшүндүм. Галатиялыктар 5:23тө «жумшактык, өзүн өзү кармай билүү» жөнүндө айтылат. Ал эми Эфестиктер 4:31де «кемсинтерлик сөздөрдөн» арылышыбыз керектиги жазылат. Еврейлер 4:13тө болсо Кудайдын «көз алдында баары ачык-айкын» экени айтылат. Андыктан аялыма кылган мамилемди башкалар көрбөсө да, Кудайдын дайыма көрүп турарын түшүндүм. Ошондой эле досторду тандай билишим керектигин аңдадым. Анткени Ыйык Китепте: «Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат»,— деп жазылат (1 Корунттуктар 15:33). Мурунку досторум аялымды уруп-сабаганга мени шыкактап салышчу. Алар аял күйөөсүнө кыңк этпей баш ийиши үчүн аны сабап туруш керек деген ойдо болушчу.

Азыр мамилеңер кандай?

Валерия: Тройдун Жахабанын Күбөсү болгонуна 25 жыл болду. Ошондон бери ал мени кадырлап-сыйлап, жакшы мамиле кылат.

Трой: Учурунда үй-бүлөмө аябай кордук көрсөткөм. Аялымды себепсиз эле сабап, жаман мамиле кылып жүргөнүмө абдан өкүнөм. Колдон келсе, баарын оңдомокмун, бирок андай кыла албагандыктан мурункулардын баары эске келбей турган маалды чыдамсыздык менен күтүп жатам (Ышая 65:17).

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан азап чегип жаткандарга кандай кеңеш берет элеңер?

Трой: Эгер үй-бүлөңөргө катаал мамиле жасасаңар же дайыма кемсинтерлик сөздөрдү сүйлөсөңөр, жардамга муктаж экениңерди мойнуңарга алып, иш-аракет кылышыңар керек. Жардам бере турган нерселер көп эле. Мисалы, мен Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, алар менен пикир алышкандыктан бекем калыптанып калган мүнөзүмдү өзгөртө алдым.

Валерия: Жагдайыңарды башкалардыкы менен салыштырбагыла, ошондой эле кандай кылсаңар жакшы болорун билем деп ойлогон кишилердин кеңешин укпай эле койгонуңар оң. Албетте, баарынын эле жагдайы сонун болуп өзгөрүп кетет деп айта албайм, бирок азыр жолдошум менен ынтымактуу жашап жаткандыктан ошондо андан кетип калбаганыма сүйүнөм.

ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ ТОКТОТСО БОЛОТ

Ыйык Китепти изилдөө көптөгөн эркектерге оңолгонго жардам берген

Ыйык Китепте: «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана окутуу үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн,.. пайдалуу»,— деп айтылат (2 Тиметей 3:16). Жогоруда сөз кылынган Тройго окшоп, үй-бүлөсүнө зордук-зомбулук көрсөткөндөр Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуунун аркасында ой жүгүртүүсүн, мүнөзүн өзгөртө алышкан.

Ыйык Китептеги кеңештердин жубайыңар менен болгон мамилеңерди кандайча бекемдей турганы жөнүндө билгиңер келеби? Анда көбүрөөк маалымат алыш үчүн силер жашаган жердеги Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылгыла же www.mr1310.com сайтына кирсеңер болот.

^ абз. 3 Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ абз. 8 Албетте, аялдарынан токмок жеген эркектер да бар. Бирок билдирүүлөргө ылайык, үй-бүлөсүндө зордук-зомбулук көрсөткөндөрдүн көбү эркектер.