Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Желдей учкан жылкылардын буттары

Желдей учкан жылкылардын буттары

ЖЫЛКЫ саатына 50 километр ылдамдыкта чуркай алат. Мындай ылдамдыкта чуркаш үчүн көп кыймыл-аракет талап кылынса да, жылкы аз эле энергия сарптайт. Мунун сыры анын буттарында.

Келгиле, ал чуркап баратканда эмне болоруна токтололу. Анын туягы жерге тийгенде, бутундагы жылмакай булчуң-тарамыштары энергияны сиңирип алат да, пружина сымал, аны кайра коё берет. Натыйжада жылкы алдыны көздөй арыштап кете берет.

Андан тышкары, чуркап баратканда жылкынын буттары жогорку жыштыкта титиреп турат. Бул тарамыштарды зыянга учуратышы мүмкүн, бирок буттарындагы булчуңдар амортизатор сыяктуу кызмат кылып, тарамыштарды коргоп турат. Окумуштуулар муну тез чуркоого шарт түзгөн, ошол эле учурда жылкыга күч берген «өзгөчө булчуң-тарамыш түзүлүшү» деп атап коюшат.

Инженерлер жылкынын буттарынын түзүлүшүнө окшоштуруп, төрт аяктуу роботторду жасоого аракет кылып жатышат. Бирок Массачусетс технологиялык институтунун роботторду жасоо боюнча лабораториясынын билдирүүсүнө ылайык, ылайыктуу материалдын жана билимдин жетишсиздигинин айынан андай роботторду жасоо учурда кыйынга турууда.

Кандай деп ойлойсуңар? Жылкынын буттарынын түзүлүшү эволюция жолу менен пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?