Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Психикалык бузулуу жөнүндө эмнелерди билүү зарыл?

Психикалык бузулуу жөнүндө эмнелерди билүү зарыл?

«Мага жүрөгүм кысылып, дем жетпей жаткандай сезилчү,— дейт мания-депрессиялык психоздон жана травмадан кийинки стресстен жабыр тарткан Клавдия.— Баарынан да тегерегимдегилердин мага башкача мамиле кылганына чыдоо кыйын болчу».

«Абалыбызга моюн сунуп, ачуу чындыкты кабыл алууга бир топ убакыт талап кылынды. Акыр-аягы жубайыма жөлөк-таяк болууга көбүрөөк көңүл топтошум керектигин түшүндүм»,— дейт жолдошу Марк.

ЭГЕР өзүңөр же жакын кишиңер психикалык бузулууга дуушар болсо, кандай сезимде болот элеңер? Бактыга жараша, психикалык ооруларды айыктырса болот. Эмесе, андай бузулууну жакшыраак түшүнүүгө жардам берген нерселерге токтололу *.

Психикалык саламаттыкка байланыштуу негизги фактылар

«Психикалык бузулуулар дүйнө жүзү боюнча жүз миңдегендерди азап чектирип, алардын жакындарынын да жашоосуна залалын тийгизүүдө. Келечекте төрт кишинин бири жашоосунун кайсы бир учурунда психикалык бузулууга дуушар болот деп күтүлүүдө. Азыркы тапта дүйнө жүзүндөгү майыптуулукка баарынан көп депрессия себеп болот. Шизофрения жана мания-депрессиялык психоз майыптуулукка алып барган психикалык бузулуулардын эң оор түрлөрүнө кирет... Психикалык бузулуудан аябагандай көп сандаган адамдар жапа чегип жатса да, андай бузулууларга олуттуу маани берилбей, көңүлгө алынбай келет. Алар билинбеген бойдон калууда» («Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму» [ДСУ]).

 

Андай ооруларды айыктыруу мүмкүн болсо да, Кошмо Штаттардагы бир уюмдун берген маалыматы боюнча, былтыр АКШдагы психикалык бузулуусу бар чоң кишилердин болжол менен 60тай пайызы жана 8 жаштан 15 жашка чейинки балдардын 50дөй пайызы дарыланган эмес («The National Alliance on Mental Illness»).

Туура түшүнүү

Психикалык бузулуу деген эмне? Адистер аны кишинин ой жүгүртүү жана сезимдерин башкара билүү жөндөмдүүлүктөрүнүн, ошондой эле жүрүм-турумунун бузулуусу деп аныкташат. Андайда адам көбүнчө башкалар менен мамиле түзө албай, күндөлүк иштерин да аткара албай калат.

Кишинин психикасынын бузулушуна кандайдыр бир алсыздыгы, кемчилиги же мүнөзү себеп болбойт

Психикалык ооруга мүнөздүү белгилер узак же кыска убакытка созулушу мүмкүн. Алардын ургаалдуулугу да ар кандай болушу ыктымал. Бул оорунун түрүнө жана ар кимдин жагдай-шартына жараша болот. Психикалык ооруга курагы, маданияты, расасы, туткан дини, билим деңгээли жана материалдык абалы ар кандай эркектер жана аялдар чалдыгышы мүмкүн. Андай ооруга кишинин кандайдыр бир алсыздыгы, кемчилиги же мүнөзү себеп болбойт. Психикалык оорусу бар киши тийиштүү түрдө дарыланса, сакайып кетет жана толук кандуу жашоо өткөрө алат.

Дарылоо

Бүгүнкү күндө көптөгөн психикалык ооруларды айыктыруу мүмкүн. Андай оору менен күрөшүүдө эң биринчи жана маанилүү кадам — тажрыйбалуу жана өз ишин мыкты билген доктурга кайрылып, аны менен кеңешүү.

Доктурлар жардам бере алышы үчүн, ооруган киши дарыланууга макул болушу керек. Адатта андай бейтаптар башкалар менен оорусу жөнүндө сүйлөшүүнү каалашпайт, бирок алар ошол сезимин жеңип, өзүн мажбурлашы кажет. Анткени айыгыш үчүн аларга илдетин жакшыраак түшүнүүгө, ага байланышкан көйгөйлөрүн чечүүгө жана дарылануунун зарыл экенине ынанууга жардам бере турган адис менен сүйлөшүү керек болот. Андай учурда үйүндөгүлөрүнүн биринин же досунун ал кишиге жөлөк-таяк болуп, аны кубаттап, жанында болгону абдан маанилүү.

Көптөр мындай оорусу менен ал тууралуу көбүрөөк билип, доктурлар айтканды кылгандан кийин күрөшө алышкан. «Жубайыма диагноз коюлганга чейин, психикалык оорулар жөнүндө түшүнүгүбүз деле жок болчу,— дейт жогоруда сөз кылынган Марк.— Эми болсо жок нерсени ойлоп убайымдай бербей, пайда болгон көйгөйгө гана көңүл топтогонду жана жагдайга ылайыкташканды үйрөндүк. Бир канча убакыт бою бизге мыкты адистер, ошондой эле үйдөгүлөр менен досторубуз жардам көрсөтүп жатышты».

Эң биринчи жана маанилүү кадам — тажрыйбалуу жана өз ишин мыкты билген доктурга кайрылып, аны менен кеңешүү

Жолдошунун сөзүн коштоп, Клавдия мындай дейт: «Диагнозумду укканда мага өкүм чыгарылып, эркиндигимден ажырагандай эле болгом. Бул оору күйөөм экөөбүздү көп жактан чектеп койсо да, жеңе албачудай көрүнгөн тоскоолдуктарды жеңүүнү үйрөндүм. Оорум менен күрөшүүгө мага доктурлар менен адистердин жардамын кабыл алганым, ошондой эле эл менен аралашып, жакшы мамиледе болууга жана пайда болгон көйгөйлөрдү четинен чечкенди үйрөнгөнүм көмөк болуп жатат».

Кудай менен болгон мамиленин маанилүүлүгү

Ыйык Китепте киши Кудайга ишенсе эле, оорусунан айыгып кетет деп айтылбайт. Анткен менен Ыйык Китепте жазылгандар аларды окуган көптөгөн кишилерди жубатып, дем-күч берип келет. Алсак, анда Жараткан Кудайыбыздын «жүрөгү жаралангандар» менен кыйналгандарга өзгөчө көңүл буруп, аларды сооротору жазылган (Забур 34:18).

Ден соолукту чыңдоого арналган китеп болбосо да Ыйык Китепте бизге терс сезимдер менен күрөшүүгө жана көңүлүбүздү ооруткан жагдайдан чыгууга жардам бере турган кеңештер бар. Андан тышкары, ал жакта жазылгандар бизди оору-сыркоо жана азап-кайгы болбой турган келечек күтүп турганына ынандырат. Ыйык Китепте Кудайдын: «Ошол убакта сокурлардын көзү ачылат, дүлөйлөрдүн кулагы угат. Аксак бугудай секирет, дудуктун тили кубанычтуу үн салат»,— деген убадасы жазылган (Ышая 35:5, 6).

^ абз. 5 Бул макаладагы «психикалык бузулуу» деген термин өз ичине психикалык ооруларды, ошондой эле кишинин жүрүм-турумундагы бузулууларды камтыйт.

^ абз. 32 «Ойгонгула!» журналы дарылануунун кайсы бир ыкмасын сунуштабайт. Жахабанын Күбөлөрү дарылануунун ыкмасын тандаганда анын Ыйык Китептеги принциптерге каршы келбей турганына ынанышы керек.

«Ойгонгула!» журналынын 2014-жылдын май айындагы санына чыккан «Стресс менен күрөшүү» деген макаланы карагыла.