Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Ыйык Китептин доору бүткөнбү?

Ыйык Китептин доору бүткөнбү?

«Биринчи жолу өзүмдү чындап бактылуу сездим»

ХИЛТОН боксту жакшы көрчү. Ал жети жашында бокс аянтчасында да, андан тышкары да көп мушташчу. Ал эми жогорку класстарда окуп жүргөндө досторуна кошулуп алып, урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай жүрчү. Хилтон өзү жөнүндө: «Мен уурдачумун, кумар оюндарын ойночумун, порнография көрчүмүн, кыздардын жанын койбой көп тийишчүмүн, ата-энемди да тилдечүмүн. Жүрүм-турумум ушунчалык жаман болгондуктан, менден ата-энем да түңүлүп калган эле. Мектепти бүткөндөн кийин болсо үйдөн кетип калгам»,— дейт.

12 жылдан кийин үйүнө кайтып келгенде, ата-энеси Хилтонду көрүп аң-таң болгон. Ал мурункудай эмес, токтоо, оор басырыктуу, сылык-сыпаа болуп калган эле. Ага эмне себеп болгон? Үйүнөн кеткенден кийин Хилтон жашоосу жөнүндө ойлоно баштаган. Анан оңолууну көздөп, Ыйык Китепти окуп көрүүнү чечкен. Ал мындай дейт: «Мен Ыйык Китептеги кеңештерди иш жүзүндө колдонуп, мурунку жаман кыял-жоруктарымды таштадым жана Эфестиктер 6:2, 3төгү буйрукка ылайык, ата-энемди сыйлай баштадым. Мурункудай ата-энемдин шорун катырбай, аларды сүйүнтө тургандай иштерди кыла баштадым. Ошондо жашоомдо биринчи жолу өзүмдү чындап бактылуу сездим».

Хилтондун окуясынан Ыйык Китепте жазылган көөнөргүс баалуулуктар адамдын жашоосун өзгөртө алгыдай күчкө ээ экенин билүүгө болот (Еврейлер 4:12). Анда келгиле, ошол баалуулуктардын айрымдарына, атап айтканда, чынчылдыкка, сабырдуулукка, берилгендикке жана сүйүүгө токтолуп, алардын жашоодо пайдасы канчалык чоң экенин карап көрөлү.