Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыраазычылык менен кабыл алгыла, чын жүрөктөн бергиле

Ыраазычылык менен кабыл алгыла, чын жүрөктөн бергиле

Ыраазычылык менен кабыл алгыла, чын жүрөктөн бергиле

АСМАНДАГЫ мээримдүү Атабыз Жахаба ар бирибизге жекече кызыгуу көрсөтөт. Ал өзүнүн Сөзү аркылуу ар бир кызматчысына кам көрөрүнө ынандырат (1 Пет. 5:7). Анын камкордугун, ага ишенимдүү кызмат кылышыбыз үчүн, ар кандай жолдор менен жардам берип жатканынан көрө алабыз (Ыш. 48:17). Жахаба биздин, өзгөчө, оор кыйынчылыктарга туш болгондо, анын көрсөтүп жаткан жардамын кабыл алышыбызды каалайт. Бул ойду Мусанын мыйзамындагы принцип бышыктайт.

Ал мыйзамда Жахабанын жардыларга, тактап айтканда, жетим-жесирлерге жана келгиндерге кам көрүүгө байланыштуу көрсөтмөлөрү камтылган (Леб. 19:9, 10; Мыйз. 14:29). Жахаба айрым кызматчыларынын ишенимдештеринин жардамына муктаж болушу мүмкүн экенин билет (Жкп. 1:27). Андыктан Жахабанын жетекчилиги аркылуу ишенимдешибиз бизге жардам бергиси келип жатса, аны кубаныч менен кабыл алышыбыз керек. Бирок көрсөтүлгөн жардамды туура маанай менен — ыраазычылык менен — кабыл алабыз.

Ошол эле учурда Кудайдын Сөзүндө берүүгө да дилгир болушубуз керектиги айтылат. Иерусалимдеги ибадатканага тартуу салган «жарды жесир аялды» эстесеңер (Лк. 21:1—4). Ал жесир аял, кыязы, Жахабанын жесирлерге сүйүү менен караштырган мыйзамындагы чаралардан пайда алчу. Жарды болсо да, ал аял Ыйык Китепке алуучу катары эмес, берүүчү катары жазылып калган. Иса: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деген. Андыктан ал аял да марттык көрсөтүүдөн чоң кубаныч алса керек (Элч. 20:35). Ал эми биз канткенде берүүдөн кубаныч ала алабыз? (Лк. 6:38).

«Теңирдин... жакшылыгын кантип актайм?»

Забурчу: «Теңирдин мага кылган бардык жакшылыгын кантип актайм?» — деп ойлонгон (Заб. 115:3). Ал кайсы жакшылыктар жөнүндө сөз кылган? «Кысталышта калып», «кайгыга туш болгондо», Жахаба аны колдогон, ошондой эле «өлүмдөн... куткарган». Ошондуктан забурчу Жахабанын ал жакшылыктарын «актагысы» келген. Ал Жахабанын жакшылыктарын кантип «актай» алат эле? «Теңирге берген убадаларымды... аткарам»,— деген ал (Заб. 114:3, 4, 8, 115:1—5). Ооба, забурчу Жахабага берген убадаларына бек туруп, анын алдында милдеттерин аткарууга чечкиндүү болгон.

Биз да забурчуну туурай алабыз. Кантип? Ар дайым Кудайдын мыйзамдарына жана принциптерине ылайык жашоо менен. Андыктан: «Жахабага болгон сыйынуум жашоомдо маанилүү орунду ээлейби? Бардык иштеримде Кудайдын рухуна жетектелүүгө аракет кыламбы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус (Нас. 12:13; Гал. 5:16—18). Чын-чынында, Жахабанын кылган бардык жакшылыктарын эч качан актай албайбыз. Ошентсе да жан-дилден кызмат кылуу менен Жахабанын жүрөгүн кубанта алабыз (Накыл 27:11). Жахабанын жүрөгүн кубантуу кандай гана чоң сыймык!

Жыйналыштын өркүндөшүнө салым кошуу

Жыйналыш аркылуу көптөгөн пайдаларды алып жатканыбызга кошуларыңар шексиз. Айталы, жыйналыш аркылуу Жахаба рухий тамакты мол берип жатат. Ал аркылуу ачылган чындык бизди жалган окуулардын кулчулугунан бошотуп, рухий караңгылыктан жарыкка чыгарды (Жкн. 8:32). «Ишенимдүү жана акылдуу кул» уюштурган жыйналыш жолугушуулары жана жыйындар аркылуу оору жана кайгы болбой турган жаңы заманда түбөлүк өмүр сүрүшүбүз үчүн билим алуудабыз (Мт. 24:45—47). Жыйналыш аркылуу алып жаткан жана дагы ала турган пайдаларды айтып отурса, санап бүткүс. Мунун баарына ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

Элчи Пабыл: «Дененин бардык бөлүктөрү бири-бири менен шайкеш бириктирилип, тийиштүү мүчөлөрдүн кыймыл-аракетине жараша ар кандай муундар аркылуу өз ара аракеттенүү менен дененин өсүшүн шарттайт да, анын сүйүү менен бекемделишине өбөлгө түзөт»,— деп жазган (Эф. 4:15, 16). Бул сөздөр негизинен майлангандарга карата айтылса да, андагы принцип Исанын бүгүнкү күндөгү бардык жолдоочуларына тиешелүү. Арийне, жыйналыштын ар бир мүчөсү анын өркүндөп-өсүшүнө салым кошо алат. Кандай жолдор менен?

Мисалы, башкаларды бекемдөөгө жана рухий жактан сергитүүгө аракет кылуу менен (Рим. 14:19). «Дененин өсүшүнө» ишенимдештерибиз менен мамилелешүүдө Кудайдын рухунун жемишине кирген сапаттарды чагылдыруу менен да салым кошо алабыз (Гал. 5:22, 23). Ошондой эле «баарына, өзгөчө, ишенимдештерибизге жакшылык кылууга» мүмкүнчүлүк издесек болот (Гал. 6:10; Эвр. 13:16). Жыйналыштын «сүйүү менен бекемделишине» баары — эркектер да, аялдар да, жаштар да, карылар да — салым кошо алышат.

Андан тышкары, шык-жөндөмдүүлүктөрүбүздү, күчүбүздү, каражатыбызды өмүр сактоочу ишке жумшай алабыз. Иса Машаяк: «Бекер алдыңар, бекер бергиле»,— деген (Мт. 10:8). Андыктан Падышалык тууралуу кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине колубуздан келишинче көбүрөөк катышышыбыз маанилүү (Мт. 24:14; 28:19, 20). Бирок мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү болсочу? Анда жарды жесир аялды эстесек болот. Анын тартуусу аябай эле аз болчу. Анткен менен Иса ал аялдын баарынан көп салганын айткан. Себеби ал колунан канча келсе, ошончо салган (2 Кор. 8:1—5, 12).

Туура маанай менен кабыл алуу

Айрым учурларда ишенимдештерибиздин колдоосуна муктаж болобуз. Бул дүйнөнүн кысымына алдырбашыбыз үчүн, алар жардамын сунуштаганда, аны кабыл алуудан тартынбашыбыз керек. Жахаба «жыйналышын кайтаруу» үчүн, мындайча айтканда, ар кандай сыноолорго, кыйынчылыктарга туш болгон кызматчыларына жардам берүү үчүн тажрыйбалуу жана камкор эркектерди дайындаган (Элч. 20:28). Аксакалдар жана башка ишенимдештерибиз бизди оор учурларда сооротуп, колдоп-коргоого дилгир (Гал. 6:2; 1 Тес. 5:14).

Бирок көрсөтүлгөн жардамды туура маанай менен кабыл алуу маанилүү. Бул башкалардын жардамын дайыма ыраазылычылык менен кабыл алууну билдирет. Ишенимдештерибиздин колдоосун Жахабананын ырайымы катары көрүшүбүз абзел (1 Пет. 4:10). Бул эмне үчүн маанилүү? Себеби биз бул дүйнөдөгү жакшылыкты билбеген адамдардай болгубуз келбейт.

Тең салмактуу жана эстүү болуу

Пабыл Филипидеги жыйналышка жазган катында Тиметей тууралуу: «Аныкындай маанайга ээ болгон жана силерге чын жүрөктөн кам көрө турган башка эч кимим жок»,— деген. Анан: «Башкалардын баары Машаяк Исага жакканды эмес, өздөрүнө жакканды көздөшөт»,— деп кошумчалаган (Флп. 2:20, 21). Пабыл айткан адамдардай болуп калбаш үчүн, өз кызыкчылыгыбызды гана көздөөдөн канткенде кача алабыз?

Ишенимдештерибизден көйгөйлөрүбүздү чечүүгө жардам сураганда, алардын убактысын жана көңүл буруусун талап кылуудан сак болушубуз керек. Эмне себептен? Бул тууралуу ойлонуп көрөлү: бир тууганыбыз бизге аябай кыйналып турганда акча-каражат жагынан жардам көрсөтсө, ага ыраазы болорубуз шексиз. Бирок андан материалдык жактан жардам беришин дайыма эле талап кыла бергенибиз туура болот беле? Албетте, жок. Ишенимдештерибиздин убактысын талап кылуу тууралуу да ушуну айтууга болот. Алар бизге колдоо көрсөтүүгө дилгир болсо да, алардын убактысын баалап, тең салмактуу жана эстүү болушубуз керек. Ишенимдештерибиз оор учурда бизге кандай жардам көрсөтпөсүн, эң маанилүүсү, алардын аны чын жүрөктөн көрсөтүшүн каалайбыз.

Бир туугандарыбыздын бизге дайыма чын жүрөктөн жана даярдуулук менен жөлөк-таяк болгусу келери шексиз. Анткен менен алардын жардам берүүгө дайыма эле мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Андайда Жахабанын, забурчуну колдогондой эле, бизди да ар кыл кыйынчылыктарда колдооруна күмөн санабасак болот (Заб. 114:1, 2; Флп. 4:10—13).

Андыктан Жахабанын бизге, өзгөчө, кыйын-кезең учурларда көрсөткөн жардамын ар дайым ыраазычылык менен кабыл алалы (Заб. 54:23). Ал биздин ушундай кылышыбызды каалайт. Ошол эле учурда «кубаныч менен бергендерден» болушубузду күтөт. Ошондуктан чыныгы сыйынууну колдоого колубуздан канча келсе, ошончону берүүнү жүрөгүбүздө чечип алалы (2 Кор. 9:6, 7). Ошентип, бардыгын ыраазычылык менен кабыл алып, болгон нерсебизди чын жүрөктөн бере алабыз.

«Теңирдин мага кылган бардык жакшылыгын кантип актайм?»

(Заб. 115:3).

▪ «Жакшылык кылууга» мүмкүнчүлүк изде

▪ Башкаларды бекемдөөгө жана рухий жактан сергитүүгө умтул

▪ Шакирт даярдоо ишине мүмкүн болушунча көбүрөөк катышууга аракет кыл