Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жашоонун маңызы эмнеде?

Жашоонун маңызы эмнеде?

Жашоонун маңызы эмнеде?

Бул суроого жооп алуу эмне үчүн маанилүү? Жашоонун маңызы, эч кандай максаты жок деген ой адамдын көңүлүн аябай чөктүрөт. Ал эми жашоонун маңызы эмнеде экенин жакшы билгендер кыйынчылыктарды оңой көтөрүп кетет. Холокосттон жабыр тарткан невролог Виктор Франкл: «Дүйнөдө адамга эң оор шарттарда да аман калууга жашоосунун маңызы бар экенин билүүдөн өтөр жардам бере ала турган эч нерсе жок деп ишенимдүү айта алам»,— деп жазган.

Бирок буга байланыштуу бири-бирине карама-каршы келген көзкараштар арбын. Көптөр жашоонун маңызы эмнеде экенин ар ким өзү чечет десе, эволюцияга ишенгендер жашоонун эч кандай маңызы жок деп ырасташат.

Анткен менен жашоонун маңызын табуу үчүн Өмүр Берүүчү Жахаба Кудайга кайрылганыбыз акылмандыкка жатат. Анда Кудай Сөзүндө буга карата эмне делгенине көңүл бурсаңар.

Ыйык Китепте эмнелер айтылган?

Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын аял менен эркекти белгилүү бир максат менен жаратканы айтылат. Түпкү ата-энебизге ал төмөнкүдөй буйрук берген:

Башталыш 1:28. «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула, жерди ээлегиле жана деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү бардык жаныбарларга бийлик кылгыла».

Кудай Адам атанын, Обо эненин балдары менен чогуу бүт жер жүзүн бейишке айлантышын ниет кылган. Адамдардын карышы, өлүшү жана айлана-чөйрөгө зыян келтириши Анын ой-ниетине кирген эмес. Тилекке каршы, түпкү ата-энебиз туура эмес тандоо жасагандыктан, баарыбызга күнөө менен өлүм тукум кууп өткөн (Башталыш 3:2—6; Римдиктерге 5:12). Ошентсе да Жахабанын алгачкы ой-ниети өзгөргөн жок. Жакында жер бети бейишке айланат (Ышайа 55:10, 11).

Жахаба Кудай бизди анын ой-ниетин ишке ашырууга денелик жактан да, акыл-эс жактан да жөндөмдүү кылып жараткан. Биз андан көзкарандысыз болуп жашап кете алгыдай жаратылган эмеспиз. Төмөнкү ыйык китептик билдирүүлөрдөн Кудайдын бизге карата ой-ниети кандай экенине көңүл бурсаңар:

Насаатчы 12:13. «Баарынын жыйынтыгын угалы: Кудайдан корк, Анын буйруктарын аткар, анткени бул адамга өтө керек».

Михей 6:8. «Теңир сенден эмнени талап кылып жатканы сага айтылган: бул — адилет иштерди кылуу, кайрымдуулук иштерин жакшы көрүү жана өз Кудайыңдын алдында акылмандык менен моюн сунуп жашоо».

Матай 22:37—39. «Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бүт акылың менен сүй. Биринчи жана эң маанилүү осуят ушул. Экинчиси ушуга эле окшош: „Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй“».

Ыйык Китепте камтылган жооп кандайча жандүйнө бейкуттугуна ээ кылат?

Түзүлүшү татаал механизм тийиштүү түрдө иштеши үчүн, аны жасалган максатына ылайык жана чыгаруучулардын көрсөтмөсүнө жараша колдонуу керек. Анын сыңарындай эле, өзүбүзгө рухий, акыл-эс, эмоциялык же денелик жактан зыян келтирбеш үчүн Жараткандын көрсөтмөсүнө ылайык жашашыбыз зарыл. Кудайдын ой-ниетин билгенибиз жашообузда кандайча жандүйнө бейкуттугуна ээ кыларын карап көрөлү.

Жашоодо эмнелер негизги орунда турушу керектигин чечүүдө көптөр бардык күчүн байлык жыйноого сарптайт. Бирок Ыйык Китепте: «Баюуну каалагандар азгырылып, торго түшүшөт... көптөгөн акылсыз, зыяндуу кумарларга батышат»,— деген эскертүү берилет (1 Тиметейге 6:9, 10).

Ал эми акчага караганда Кудайды сүйгөндөр ыраазы болуп жашоого үйрөнүшөт (1 Тиметейге 6:7, 8). Алар ак эмгектин маанилүүлүгүн түшүнүшөт жана өзүн камсыз кылуу үчүн иштеши керектигин билишет (Эфестиктерге 4:28). Анткен менен алар Ыйсанын: «Эч ким эки кожоюнга кул боло албайт. Бирин жаман көрүп, бирин жакшы көрөт; бирине жан-дили менен берилип, экинчисин барк албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кызмат кыла албайсыңар»,— деген эскертүүсүн көңүлгө түйүшөт (Матай 6:24).

Ошондуктан Кудайды сүйгөндөр дүйнөлүк жумушту же байлыкты жашоосунда биринчи орунга коюшпайт, себеби Анын эркин аткарууга өзгөчө маани беришет. Алар Кудайдын эркин аткарып жашашса, Жахабанын кам көрөрүн билишет. Анын үстүнө, Жахаба кызматчыларына кам көрүүгө өзүн милдеттүү сезет (Матай 6:25—33).

Адамдар менен мамилелешүүдө көптөр өз кызыкчылыгын башкалардыкынан жогору коёт. Азыркы күндө адамдардын көбү, негизинен, «өзүн өзү сүйүүчү... элдешпес» келгендиктен, дүйнөдө тынчтык жокко эсе (2 Тиметейге 3:2, 3). Кимдир бирөө көңүлүн калтырса же көзкарашына макул эместигин билдирсе, андай кишилер кыжырданып, ачууга алдырышат жана кемсинткен сөздөрдү айтууга да барышат (Эфестиктерге 4:31). Өзүн башкара билбегендик жандүйнө бейкуттугун тартуулабай эле, «чатак чыгарууга» алып келет (Накыл сөздөр 15:18).

Ал эми Кудайдын жакыныңды өзүңдөй сүй деген буйругуна баш ийгендер бири-бирине «кайрымдуу, боорукер», кечиримдүү болууга аракет кылышат (Эфестиктерге 4:32; Колосалыктарга 3:13). Алар башкалардын жаман мамиле кылганына карабай, кордошкондо «кордоо менен жооп бербеген» Ыйсаны тууроого умтулушат (1 Петир 2:23). Жасалган жакшылык бааланбаган күндө да, алар, Ыйсадай болуп, башкаларга кызмат кылуу чыныгы канааттануу алып келерин билишет (Матай 20:25—28; Жакан 13:14, 15; Элчилер 20:35). Жахаба Кудай өзүнүн Уулун туурагандарга ыйык рухун берет. Ал рух болсо алардын жашоосун чыныгы тынчтыкка бөлөйт (Галатиялыктарга 5:22).

Бирок жандүйнө бейкуттугуна ээ болуу келечекке болгон көзкарашыбыз менен кандай байланышта?

[6-беттеги сүрөт]

Адам жашоонун маңызы эмнеде экенин жакшы билиши зарыл

[7-беттеги сүрөт]

Ыйса жандүйнө бейкуттугуна канткенде ээ болорубузду айткан