Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балдарды тарбиялоо

Балдарды тарбиялоо

Үй-бүлөлүк бакыттын сыры

Балдарды тарбиялоо

Жон: * Бир нерсени туура эмес кылып алсам, ата-энем жазалаардан мурун эмне үчүн ошондой кылып алганымды жана жагдай-шартты түшүнүүгө аракет кылышчу. Кыздарымды тарбиялоодо мен да ошенткенге умтулам. Ал эми аялым Элисон такыр башка тарбия көрүп чоңойгон. Анын ата-энеси ачуусу чукулураак адамдардан болчу. Алар иштин чоо-жайын иликтебей туруп эле балдарын сабап киришчү окшойт. Кээде аялым кыздарыбызга катаал мамиле жасап жаткандай көрүнөт.

Кэрол: Атам беш жашымда бизди таштап кеткен. Ал бизди ойлоп да койчу эмес. Апам болсо бизди багыш үчүн кара жанын карч уруп иштегендиктен, сиңдилеримди мен карап чоңойттум. Атанын ордуна ата, эненин ордуна эне болуп жүрүп, балалыктын даамын татпай калыптырмын. Бала болсом да оюнкарак болбой, чоң кишидей болуп чоңойдум. Азыр кыздарым бир нерсени туура эмес кылып алышса, кечке ал жөнүндө ойлонуп, бушайман боло берем. Алардын эмне үчүн ошондой кылышканын билгим келип кыжалат болом. Ал эми жолдошум Марк мага окшоп, кечке тынчсыздана бербейт. Анын атасы катуу, бирок абдан мээримдүү, аялын сыйлаган киши болгон. Марк кыздарыбыздын маселесин тез эле чечип коёт. Ал иштин жөнү эмнеде экенин аныктап, бардыгын орду-ордуна коюштуруп, анан ал жөнүндө эстеп да койбойт.

ЖОН менен Кэролдун сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, ата-эненин көргөн тарбиясы өз балдарын тарбиялоого чоң таасир этет. Эки башка тарбия көргөн жубайлардын балдарды тарбиялоого карата да көз карашы айырмаланышы мүмкүн. Айрым учурларда мындай айырмачылыктан улам жубайлардын ортосунда пикир келишпестиктер пайда болот.

Жубайлардын чарчашы ортодогу пикир келишпестиктердин күчөшүнө алып келет. Жаңы балалуу болгондор көп өтпөй бала багуу оңой эмес, бүт күчтү ала турган иш экенин түшүнүшөт. Жолдошу Дарен менен эки кызын чоңойтуп жаткан Жоан мындай дейт: «Албетте, мен кыздарымды абдан жакшы көрөм. Бирок күчтүн баарын ошол кыздарыбыз эле алып коёт. Мисалы, аларды өз убагында жаткыруу өзүнчө эле машакат. Анан калса, таң атпай туруп алышат. Аларга бир нерсе айткыча, ооздон сөз талашып турушат. Кийимдерин, бут кийимдерин чечкен жерине таштап коюшат, оюнчуктарын ордуларына коюшпайт, тамак ичкенден кийин ошо бойдон калтырып баса беришет».

Жэктин аялы экинчи баласын төрөгөндөн кийин төрөттөн кийин болуучу депрессияга дуушар болгон. Жэк: «Мен жумуштан бутумду сүйрөп араң келчүмүн. Анысы аз келгенсип, чүрпөбүз ыйлагандыктан, түн бир оокумда ойгонууга туура келчү. Ушунун аркасында улуу кызыбызга көп көңүл бурулбай калды. Ал кызыбыз бери жакта эле калып, көңүлүбүздүн баары кичүүсүнө бурулгандыктан, кызганчу»,— дейт.

Чарчап турган ата-эне баланы кантип тарбиялоого байланыштуу талашып-тартыша кетсе, кичинекей эле нерсе чоң көйгөйгө айланып кетиши ыктымал. Чечилбеген талаш-тартыштар жубайлардын ортосуна жик салат. Ал эми баласы ошол жагдайдан пайдаланып, өз мүдөөсүнө жетүүгө аракет кылышы мүмкүн. Ыйык китептик кайсы принциптер жубайларга балдарын жакшы тарбиялоого, ошол эле учурда нике түйүнүн бекемдөөгө жардам берет?

Бири-бириңерге убакыт бөлгүлө

Жубайлар балдар төрөлгөнгө чейин кандай бирге болушса, алар чоңоюп, уядан учуп кеткенден кийин да бирге кала беришет. Ыйык Китепте нике түйүнү тууралуу: «Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— делет (Матай 19:6). Ал эми балдар, Кудайдын ой-ниети боюнча, кийинчерээк «ата-энесин калтырып», өзүнчө түтүн булатып кетишет (Матай 19:5). Демек, бала тарбиялоо жубайлардын башын бириктирип турган негизги түйүн эмес, а жөн гана үй-бүлөлүк жашоонун бир тармагы. Албетте, жубайлар балдарын тарбиялоого убактысын аябашы керек. Ошентсе да алардын никеси канчалык бекем болсо, балдарды тарбиялоо ошончолук үзүрлүү болорун эстен чыгарбашы кажет.

Жубайлар канткенде балдарын тарбиялап, ошол эле учурда бири-бирине болгон мамилесин суутпай сактап кала алат? Эгер мүмкүн болсо, балдарыңарсыз, өзүңөрчө убакыт өткөрүүгө такай убакыт бөлүп тургула. Ушундай кылуу менен силер үй-бүлөгө байланыштуу ар кандай суроолорду талкуулай аласыңар, ошондой эле бири-бириңерге көңүл бурууга мүмкүнчүлүк болот. Ооба, жубайларга бири-бирине убакыт бөлүү такай эле оңойго тура бербейт. Жогору жакта кеп кылынган Элисон: «Жолдошум экөөбүз бир аз өзүбүзчө болгонго убакыт табылды дегиче эле, кичүү кызыбыз ыйлап калат же алты жашар кызыбыз калем сабын же дагы башка бир нерсесин жоготуп алып: „Таап бер“,— деп келип калат»,— дейт.

Буга чейин сөз кылынган Жоан менен Дарен кыздарын белгилүү бир убакытта төшөккө жаткырып коюп, бири-бирине убакыт бөлүшчү. Жоан: «Атайы бир убакытты белгилеп, так ошол маалда кыздарыбыздан жарыкты өчүрүп, төшөккө жатып калышын талап кылчубуз. Бул Дарен экөөбүзгө кулак-мээбиз тынчыраак, кенен-кесир сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берчү»,— деп ой бөлүшөт.

Балдарды дайыма бир убакытта жатууга көндүрүү менен ата-эне өздөрү үчүн эле убакыт таппастан, балдарын да өздөрү «жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобоого» үйрөтөт (Римдиктер 12:3). Ата-энеси белгилеген убакытта жатканга үйрөнгөн балдар үй-бүлөнүн маанилүү мүчөсү болушса да, анын негизи эмес экенин түшүнүшөт.

КЕҢЕШ: Балдарды жаткырууга атайы бир убакытты белгилеп коюп, ошого бекем кармангыла. Эгер балаңар же кызыңар жаткысы келбей суу ичем десе, анын ошол суранычын аткарууну туура көрөттүрсүңөр. Бирок алардын ар кайсы шылтоону айтып, караштырган убакта жатпай жүрө беришине жол бербегиле. Эгер балаңар дагы беш мүнөт жатпай турууну суранса жана ага уруксат берүүнү чечсеңер, саатты беш мүнөттөн кийин шыңгырагыдай кылып коюп койгула. Анан саат шыңгырагандан кийин эч бир суранычына карабай балаңарды жаткыргыла. «„Ооба“ деген сөзүңөр „ообаны“, „жок“ деген сөзүңөр „жокту“ билдирсин» (Матай 5:37).

Бир пикирде болгула

Кудай Сөзүндө: «Уулум, атаңдын акыл-насаатын ук, энеңдин кеңешин четке какпа»,— делет (Накыл сөздөр 1:8). Бул аяттан көрүнүп тургандай, баланы тарбиялоого ата да, эне да укуктуу. Бирок жубайлардын көргөн таалим-тарбиясы бири-бириникине окшош болсо да, алар балдарды тарбиялоого карата же кандайдыр бир эрежелерди колдонууга карата эки башка ойдо болушу мүмкүн. Ата-энелер мындай көйгөйдү кантип чече алышат?

Жон: «Жубайлардын бир ойдо болбой, балдарынын көзүнчө талашып-тартышканы туура эмес экенин түшүнөм»,— дейт. Бирок Жон бир ойдо болуш керек деп айтып коюу оңой экенин, ал эми иш жүзүнө келгенде кыйынга турарын моюнга алат. «Балдар аябай баамчыл келет,— дейт ал.— Аялым экөөбүз бири-бирибизге макул эмес экенибизди сөз менен айтпасак да, кызыбыз аны жүзүбүздөн эле байкап коёт».

Жон менен Элисон мындай жагдайдан чыгуунун жолун кантип табышкан? Элисон мындай дейт: «Эгер күйөөмдүн кызыбызды тарбиялоодо көргөн чараларына макул болбосом, оюмду анын көзүнчө эмес, өзүбүзчө калганда айтам. Анткени биздин кайчы пикирибизден пайдаланып, кызыбыздын бир тарапты ээлеп, экинчи тараптын тилин албай койсом болот деп ойлошун каалабайм. Эгер ал биздин бир пикирде эмес экенибизди көрсө, мен ага: „Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү Жахабанын тартибине баш ийиши керек: мен атаңа баш ием, а сен бизге баш ийишиң керек“,— деп айтам» (1 Корунттуктар 11:3; Эфестиктер 6:1—3). Жон болсо мындай дейт: «Мен үйдө болгондо кыздардын маселесин өзүм карайм. Бирок Элисон иштин чоо-жайын жакшыраак билсе, анда ага мүмкүнчүлүк берип, аны колдойм. Эгер анын кылганына макул эмес болсом, ал жөнүндө аялыма кийинчерээк айтам».

Балдарды тарбиялоодо пикир келишпестиктерден улам ортодо таарынычтар пайда болуп, натыйжада балдарыңар силерди сыйлабай калышына канткенде жол бербейсиңер?

КЕҢЕШ: Жума сайын бир убакытты белгилеп алып, балдарды тарбиялоого байланыштуу суроолорду ачык талкуулап, пикир келишпестиктериңерди чечип алгыла. Жубайыңдын көз карашын жана анын бала менен болгон өз ара мамилесин эске ал.

Ынактыгыңарды өрчүтө бергиле

Бала тарбиялоо оңой эмес экени айтпаса да түшүнүктүү. Ал бүт убактыңды жана күчүңдү алат. Бирок балдар эртели-кеч өз алдынча бүлө болуп, бөлүнүп кетишет да, кайра эле жубайың экөөңөр каласыңар. Бала тарбиялоо никеңерди бекемдейби же тескерисинче, силерди бири-бириңерден алыстатабы? Жооп Ыйык Китептеги: «Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы, анткени алар өздөрүнүн эмгеги үчүн жакшы сыйлык алышат. Анткени бирөө жыгылса, экинчиси тургузат»,— деген сөздөргө ылайык иш кылар-кылбасыңардан көз каранды (Насаатчы 4:9, 10).

Ата-энелер балдарды өстүрүүдө бири-бирине жөлөк-таяк болсо, жыйынтыгы жакшы болот. Кэрол: «Жолдошум чынында жакшы киши, бирок балдарды бирге тарбиялап жатып, анын дагы башка сонун сапаттарын көрө алдым. Анын кыздарыбызга мээримдүүлүк менен кам көргөнүн көрүп, аны мурдагыдан да көбүрөөк сыйлап, көбүрөөк жакшы көрүп калдым»,— деп сезимдери менен бөлүшөт. Ал эми Жон жубайы Элисон жөнүндө: «Аялымдын мээримдүү эне болгонун көрүп, ага болгон сүйүүм, суктануум күндөн-күнгө артып келет»,— дейт.

Эгер балдарыңарды тарбиялап, ошол эле учурда бири-бириңерге убакыт бөлүүнү унутпасаңар, балдарыңар чоңойгон сайын никеңер бекемделе берет. Ушундай кылсаңар, балдарыңарга кандай сонун үлгү калтырган болосуңар!

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

ОЙЛОНУП КӨР:

▪ Жумасына жубайым экөөбүз балдарыбызсыз өзүбүзчө канча убакыт өткөрөбүз?

▪ Жубайымдын балдарды тарбиялоодо көргөн чараларын кандайча колдоп жатам?