Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

«Чындыкты өзүм аныктап-билишимди каалашкан»

«Чындыкты өзүм аныктап-билишимди каалашкан»
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1982
  • ӨЛКӨСҮ: ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ
  • МУРУН: МОРМОН БОЛЧУ

МУРУНКУ ЖАШООМ.

Мен Санто-Домингодо (Доминикан Республикасы) туулгам. Биз төрт бир тууганбыз, мен эң кичүүсүмүн. Ата-энем билимдүү кишилерден болчу, ошон үчүн жакшы адамдардан үлгү алып, адептүү болуп чоңоюшубузду каалашкан эле. Мен төрөлө электен төрт жыл мурун алар мормондордун миссионерлерине жолугушуптур. Алардын таза-тыкан кийингени, өздөрүн адептүү алып жүргөнү аябай таасир эткендиктен ата-энем биз жашаган жерден биринчилерден болуп алардын чиркөөсүнө баралы деп чечиптир.

Чоңойгондо чиркөөдө өткөрүлгөн майрамдарга көп катыша баштадым. Мормондордун үй-бүлөнү, адеп-ахлак нормаларын баалаганы жакчу. Мормон болгонума сыймыктанчумун жана миссионер болсом дечүмүн.

Ата-энем жакшы университеттен билим алышымды каалагандыктан, 18ге чыкканымда Кошмо Штаттарга көчүп келдик. Флоридада жашап жүргөнүбүзгө бир жыл болуп калганда, тай эжем менен таажездем үйгө келип калышты. Алар Жахабанын Күбөсү болчу. Алар бизди чоң жыйынына чакырышты. Ал жакка баргандардын Ыйык Китебин карап, баяндамачылардын айткандарын жазып отурушканын байкап, аябай таң калдым. Анан калем сап менен барак сурап алып, мен да жаза баштадым.

Миссионер болгум келгендиктен, тай эжем менен таажездем жыйындан кийин мага Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билгенге жардам бере алышарын айтышты. Мен чындап эле кызыгып калдым, анткени Ыйык Китепке караганда Мормон китебин жакшыраак билчүмүн.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

Ыйык Китепти телефон аркылуу талкуулап жатканда алар дайыма мормондордун окууларын Ыйык Китепте жазылгандар менен салыштырганга үндөшчү. Алар чындыкты өзүм аныктап-билишимди каалашкан эле.

Мормондордун көп окууларына ишенчүмүн, бирок алардын Ыйык Китепте айтылгандарга дал келер-келбесин билчү эмесмин. Тай эжем мага Жахабанын Күбөлөрү тарабынан  чыгарылган «Ойгонгула!» журналынын 1995-жылдын 8-ноябрдагы санын салып жибериптир. Ал журналда мормондордун окуулары жөнүндө бир нече макала жазылыптыр. Алардан мормондордун өзүм билбеген көптөгөн окуулары жөнүндө билгенимде аябай таң калдым. Анан мормондордун веб-сайтына кирип, «Ойгонгула!» журналында айтылгандардын чын-төгүнүн текшердим. Юта штатындагы мормондордун музейине барганда журналда айтылгандардын чын экенине ого бетер ынандым.

Мормон китебинде жазылгандар Ыйык Китепте жазылгандарга каршы келбейт деп бекем ишенчүмүн. Бирок Ыйык Китепти терең изилдей баштаганда мормондордун окуулары Ыйык Китепте жазылгандарга каршы келерин байкадым. Мисалы, Ыйык Китептеги Жезекиел китебинин 18-бөлүмүнүн 4-аятында жандын өлөрү айтылат. Ал эми Мормон китебинде Алма 42:9да: «Жан эч качан өлбөйт»,— делет.

Окууларынын бири-бирине каршы келгенинен сырткары, мормондордун улутчулдугу да тынчсыздандырчу. Алсак, мормондор Эйден деп аталган бейиш багы Миссури штатындагы Жэксон округунда (АКШ) болгон дешет. Чиркөө кызматкерлери: «Кудайдын Падышалыгы башкарганда, Кошмо Штаттардын желеги эркиндик жана тең укуктуулук желеги илине турган асабада желбиреп турат»,— деп айтышчу.

Андай болсо менин өлкөм жана башка өлкөлөр эмне болот деп ойлоно берчүмүн. Бир жолу мормондордун чиркөөсүндө миссионердин окуусун окуп жаткан бир жаш жигит телефон чалып калды. Мен андан: «Эгер өлкөң башка өлкө менен согушуп калса, ал өлкөдөгү мормондорго каршы согушат белең?» — деп сурадым. Ал: «Ооба, согушмакмын»,— дегенде, оозум ачылып калды. Мен мормондордун окуусун тереңирээк изилдей баштадым, ошондой эле Мормон чиркөөсүнүн жетекчилери менен да сүйлөштүм. Алар менин суроолорума жооп бербей: «Мунун баары терең сыр, жарык акырындык менен тийгендей болуп, бир күнү ачылып берилет»,— дешти.

Алардын берген жообуна иренжип калгандыктан өзүм жөнүндө жана эмне үчүн Мормон чиркөөсүнүн миссионери болгум келгени жөнүндө тереңирээк ойлонуп көрдүм. Ошондо элге жардам бергим келгендиктен миссионер болгум келгенин түшүндүм. Андан сырткары, мени кадырлап-сыйлап турушу үчүн эле миссионер болууну каалап жүргөнүмдү баамдадым. Бирок Кудайдын алдында эң маанилүү болгон нерсеге маани бербептирмин: мен Кудай жөнүндө эч нерсе билчү эмес экенмин. Мурун Ыйык Китепти анча-мынча окуп көрсөм да, чынында, аны баалачу эмесмин. Мен Кудайдын жерге жана адамзатка карата кандай ой-ниети бар экенин такыр билчү эмес экенмин.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ?

Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдегенимде көп нерсени, анын ичинде Кудайдын ысымы ким экенин, адам өлгөндө эмне болорун жана Иса Машаяктын Кудайдын ой-ниетиндеги ролу кандай экенин билдим. Акыры, бул эң сонун китепти — Ыйык Китепти — жакшы билип калдым. Азыр андан окуп-билгендерим жөнүндө башкаларга айтам. Мен Кудайдын бар экенине мурун эле ишенчүмүн, бирок азыр тиленгенде, аны менен жакын досум менен сүйлөшкөндөй болуп, ичимдегини төгүп айта алам. 2004-жылдын 12-июлунда өмүрүмдү Жахаба Кудайга арнап, анын Күбөсү болдум. Алты айдан кийин убактымдын көбүн Кудайга кызмат кылганга жумшай баштадым.

Мен Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгында беш жыл кызмат кылдым. Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарга жардам берген Ыйык Китептин жана ага негизделген адабияттардын басылып чыгышына салымымды кошо алдым. Азыр да башкаларга Кудай жөнүндө билгенге жардам берип жатам.