Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Азап-кайгы эмне үчүн болуп жатат?

Азап-кайгы эмне үчүн болуп жатат?

 Азап-кайгы эмне үчүн болуп жатат?

Азап-кайгынын эмне үчүн көп болуп жатканын жана адамдардын андан арылганга жумшаган аракети эмне үчүн ийгиликсиз болуп жатканын түшүнүш үчүн анын себептерин билишибиз керек. Себептер ар түрдүү жана татаал, бирок алар жөнүндө Ыйык Китептен биле алабыз. Бул макалада кайгы-касиреттердин көп болушуна себеп болгон беш нерсени талкуулайбыз. Биз силерди Ыйык Китепте бул тууралуу эмне деп айтыларын жана анда жазылгандар азап-кайгынын артында эмне турарын түшүнгөнгө кандайча жардам берерин кылдат карап чыкканга чакырабыз (2 Тиметей 3:16).

АДАМДАРДЫН БИЙЛИГИ

Ыйык Китепте: «Ыймансыз бийлик жүргүзгөндө, эл үшкүрүнөт»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 29:2).

Тарыхта элди эзген, камчысы катуу өкүмдарлар көп болгон. Албетте, башкаруучулардын баарын эле жаман деп айта албайбыз. Ниети таза, элдин камын ойлогондор деле болот. Бирок андай адамдар бийликке келгенде тымызын тирешкендердин, тизгин талашкандардын айынан ойлогон ой-максаты ишке ашпай турганын түшүнүшөт. Же бийлигин кыянат колдонуп, өз көмөчүнө күл тарта баштайт. АКШнын мурунку мамкатчысы Генри Киссинжер: «Тарых — бул мүдөө-максаттардын ишке ашпаганы жана кыялдардын орундалбаганы жөнүндөгү баян»,— деген.

Ыйык Китепте: «Басып бараткан адам өз кадамын багыттай албайт»,— деп да айтылат (Жеремия 10:23). Пенде алдыда эмне болорун билбегендиктен жана бардык нерсеге акылы жете бербегендиктен иштери дайыма эле ийгиликтүү боло бербейт. Эгер адам баласы өз кадамын багыттай албаса, бүтүндөй элдин кадамын кантип багыттамак эле? Атка минерлердин азап-кайгыны эмне үчүн жок кыла албай жатканы айкын болдубу? Чынында, азап-кайгынын болуп жатканына көп учурда туура бийлик жүргүзбөгөн өкмөт себеп болот.

ЖАЛГАН ДИН

Иса пайгамбар: «Бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген (Жакан 13:35).

Бардык эле диний жетекчилер адамдарды бири-бирин сүйүүгө жана биримдикте болууга насаатташат. Бирок жолдоочуларын башкаларды жек көрүү сезиминен арылганга жардам берген күчтүү сүйүүнү өрчүтүүгө үйрөтө алышкан жок. Дин, тескерисинче, алардын бөлүнүп-жарылышына, араздашышына, улутчулдуктун жана фанатизмдин күч алышына себеп болуп жатат. Теолог Ганс Кюнг бир китебинин корутундусунда мындай деп жазган: «Фанатизм менен коштолгон катуу саясий кагылышуулар көбүнчө диндин айынан болуп келет» («Christianity and the World Religions»).

Андан тышкары, көптөгөн диндерде диний жетекчилер турмуш кура электердин жыныстык катнашта  болушуна, ойноштукка, гомосексуализмге көз жумду мамиле кылышат. Бул оорулардын жайылышына, үй-бүлөлөрдүн бузулушуна, бойдон алдыргандардын жана күтүүсүз кош бойлуу болуп калгандардын көбөйүшүнө алып келүүдө. Натыйжада жан дүйнөсү жабыркап, азапка малынгандардын саны өсүүдө.

АДАМДАРДЫН ЖЕТКИЛЕҢСИЗДИГИ ЖАНА ЖАМАН КААЛООЛОРУ

«Ар ким өзүнүн кумарына берилип, азгырылганынын кесепетинен сыналат. Кумар түйүлүп, күнөө туулат» (Жакып 1:14, 15).

Жеткилеңсиздик баарыбызга Адам атадан тукум кууп өткөндүктөн, туура эмес иштерди кылганга жакынбыз жана бизге денебиздин кумары менен дайыма күрөшкөнгө туура келет (Эфестиктер 2:3). Жаман каалоолордун аткарылышына шарт түзүлүп калганда, аларды ооздуктоо аябай кыйынга турат. Эгер андай каалоолорго алдырып койсок, арты кесепеттүү болушу мүмкүн.

Ф. Д. Мэта деген жазуучу: «Башыбызга түшкөн кыйынчылыктарга көбүнчө жаман каалоолорубузду тыя билбегенибиз, кумарга берилип, ыракатты көздөгөнүбүз, ач көздүгүбүз, текебердигибиз себеп болот»,— деп айткан. Ичкиликти, баңгизатты, кумар оюндарын, жыныстык катнашты жана башка ушу сыяктуу нерселерди эле самап, аларга берилип кеткенинин айынан көптөгөн «кадырлуу жарандардын» жашоосу талкаланган, үй-бүлөсү да, достору да, башка адамдар да жапа чеккен. Адам баласынын күнөөлүү пенде экенин эске алганда, Ыйык Китепте жазылган: «Биз жаратылгандын баары ушул убакка чейин онтоп, кыйналып жатканын билебиз»,— деген сөздөрдүн калетсиз экендигине кошулбай коё албайбыз (Римдиктер 8:22).

КААРДУУ РУХТАР

Ыйык Китепте Шайтандын «бул дүйнөнүн кудайы» экени жана анын тарабында жин-перилер деп аталган күчтүү каардуу рухтардын бар экени айтылат (2 Корунттуктар 4:4; Аян 12:9).

Жин-перилер, Шайтандай болуп, адамдарды бийлеп алганга, адаштырганга бүт күчүн жумшап жатышат. Бир пайгамбар бул тууралуу сөз кылып, мындай деген: «Биз адамдар менен эмес, асман чөйрөсүндөгү каардуу рухий күчтөр, өкмөттөр, бийликтер, бул караңгылыктын дүйнө башкаруучулары менен күрөшүп жатабыз» (Эфестиктер 6:12).

Жин-перилер адамдарды кыйнагандан ыракат алышат, бирок бул алардын негизги максаты эмес. Алар адамдарды Эң Жогорку Кудайдын, Жахабанын, жолунан буруп кеткиси келет (Забур 83:18). Жылдыз төлгө, сыйкырчылык, көз ачыктык жана бүбү-бакшылык — жин-перилердин адамдарды алдап, бийлеп алыш үчүн колдонгон куралдарынын айрымдары. Мына ошон үчүн Жахаба Кудай андай нерселерден алыс болууга үндөйт жана Шайтанга, жин-перилерге каршы тургандарды коргой турганын убада кылат (Жакып 4:7).

«АКЫРКЫ КҮНДӨР»

Эки миң жылдай мурун эле Ыйык Китепте: «Акыркы күндөрдө өзгөчө оор мезгилдин келерин бил»,— деп айтылган.

Эмне үчүн оор болору андан ары мындайча сүрөттөлөт: «Адамдар өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн, мактанчаак, бой көтөргөн,.. жакындарын сүйбөгөн, эпке-сөзгө келбеген, жалаа жапкан, өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз, жакшылык кылгысы келбеген, чыккынчы, өз дегенин бербеген, текебер, Кудайдын ордуна ырахатты сүйгөн... болушат». Ооба, «акыркы күндөрдө» жашап жатканыбыз бүгүнкү күндө азап-кайгынын көп болуп жатканынын негизги себеби болуп эсептелет (2 Тиметей 3:1—5).

Бул айтылгандардан адамдардын ниети таза болсо да, азап-кайгыны эмне үчүн жок кыла албай жатканы айкын көрүнүп турат. Анда адамдарды кайгы-кападан ким арылта алат? Биз «Ибилистин иштерин» жана анын таламдаштарын жок кылууну убада кылган Жаратканыбызга үмүт артышыбыз керек (1 Жакан 3:8). Кийинки макалада Кудайдын азап-кайгынын болушуна себеп болуп жаткан нерселердин баарын кантип жок кылары талкууланат.

[4-беттеги сүрөт]