Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТКӨН СОГУШ

Согуштун, азап-кайгынын болушуна ким күнөөлүү?

Согуштун, азап-кайгынын болушуна ким күнөөлүү?

1918-жылы, 11-ноябрда Биринчи дүйнөлүк согуш аяктаган. Ишканалардын баары жабылып, сүйүнгөн эл көчөгө чыгып, бийлеп кирген. Бирок алардын кубанычы узакка созулган эмес. Анткени аларды мылтыктын огунан да күчтүү жамандык күтүп турган.

Июнь айында Франциянын майданына абдан күчтүү жоо, испан тумоосу, чыккан эле. Көп өтпөй анын канчалык коркунучтуу экени айкын болгон. Ал дарттан бир нече айдын ичинде эле Франциядагы америкалыктардын көбү кырылган. Алардын саны душмандын колунан курман болгондордон ашып түшкөн. Согуштан кийин испан тумоосу үйүнө кайткан жоокерлерди ээрчип алардын мекенине барган. Ошентип, ал жугуштуу оору дүйнөнүн чар тарабына жайылган.

Согуштан кийинки жылдар ачарчылык, каржы каатчылыгы менен да коштолгон. 1918-жылы, эл аралык касташуу токтогон маалда, Европанын көп бөлүгү ачарчылыктан азап чегип жаткан. Германияда акчанын баасы төмөндөп отуруп 1923-жылы таптакыр түшүп калган. 6 жылдан кийин болсо каржы каатчылыгы бүт дүйнөнү каптаган. Ал эми 1939-жылы кандайдыр бир мааниде Биринчи дүйнөлүк согуштун уландысы болгон Экинчи дүйнөлүк согуш башталган. Биринин артынан бири уланган кайгы-касыреттүү андай окуялардын артында эмне турган?

АКЫРКЫ КҮНДӨРДҮН БЕЛГИСИ

Ыйык Китептен ал тарыхый окуялардын аркасында эмне турганын биле алабыз. Буга, өзгөчө, Биринчи дүйнөлүк согушту мисал кылсак болот. Иса Машаяк «бир эл бир элге... каршы көтөрүлөрүн», «жер-жерлерде жугуштуу оорулар, ачарчылык» болорун алдын ала айткан (Матай 24:3, 7; Лука 21:10, 11). Ал шакирттерине булар акыркы күндөрдүн белгиси болорун түшүндүргөн. Ыйык Китептин Аян деген китебинен жерде болгон согуштар менен асманда болгон согуштун байланышы бар экенин билүүгө болот. ( «Жердеги жана асмандагы согуш» деген кутучаны карагыла.)

Ал китепте түсү ар башка төрт ат минген чабандестер жөнүндө айтылат. Үч чабандес Иса Машаяк алдын ала айткан үч нерсени — согушту, ачарчылыкты жана жугуштуу ооруларды — билдирет. ( «Төрт чабандес чын эле чаап баратабы?» деген кутучаны карагыла.) Биринчи дүйнөлүк согуштун азыркыга чейин уланып жаткан азап-кайгынын башталышы болгону анык. Ыйык Китепте ошол кайгы-касыреттин баарына, негизинен, Шайтан күнөөлүү экени айтылат (1 Жакан 5:19). Андан кутула турган күн келеби?

Аян китебинде Шайтандын убактысы аз калганы айтылат (Аян 12:12). Ошондуктан ал абдан каарданып, адамдарды азапка салганга бүт күчүн жумшоодо. Бул анын убактысынын бүтүп баратканын айгинелеп турат.

ИБИЛИСТИН ИШИ КЫЙРАЙТ

Биринчи дүйнөлүк согуш чынында эле тарыхтагы чукул бурулуш болгон. Ал тоталдык согуштун уланышына, төңкөрүштөрдүн болушуна жана элдин бийликтегилерге ишенбей калышына алып келген. Ошондой эле ал Шайтандын асмандан жерге кулатылганын тастыктап турат (Аян 12:9). Дүйнөнүн көзгө көрүнгүс ал төрөсү саналуу күндөрү калганын билген диктатор сыяктуу иш-аракет кылууда. Анын убактысы бүткөндө, Биринчи дүйнөлүк согуштан бери уланып келе жаткан оор замандын да акыры келет.

Ыйык Китепте жазылгандардын негизинде асмандагы Падышабыз Иса Машаяктын жакында «Ибилистин иштерин кыйратарына» бекем ишенүүгө болот (1 Жакан 3:8). Учурда миллиондогондор Кудайдан анын Падышалыгынын, өкмөтүнүн, келишин сурап тиленүүдө. Силер да ушуну Кудайдан тилейсиңерби? Ал өкмөт бийлик жүргүзгөндө адил адамдар жерде Шайтандын эмес, Кудайдын эркинин аткарылганына күбө болушат (Матай 6:9, 10). Ошондо жер жүзүндө дүйнөлүк согуш, деги эле согуш болбойт (Забур 46:9). Андыктан ал өкмөт жөнүндө жана бейкуттук өкүм сүргөн заманда жашаш үчүн эмне кылыш керектиги жөнүндө көбүрөөк билгенге аракет кылгыла (Ышая 9:6, 7).

^ 20-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 8-бөлүмүн карагыла.