Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ТИЛЕНҮҮНҮН ПАЙДАСЫ БАРБЫ?

Тиленүүнүн кандай пайдасы бар?

Тиленүүнүн кандай пайдасы бар?

Бир нерсе кылардан мурун адатта: «Мунун мага кандай пайдасы бар?» — деп ойлонобуз. Ал эми тиленүү туурасында эмне дешке болот? Анын пайдасын ойлоо өзүмчүлдүккө жатабы? Жок, бул табигый эле нерсе. Ал тургай Аюп пайгамбар да бир жолу Кудай жөнүндө: «Чакырсам, жооп берет беле?» — деп айткан (Аюп 9:16).

Буга чейинки макалаларда тиленүүнүн тек гана диний каада же жан дүйнөнү тынчтандырган терапиянын бир түрү эмес экендигин далилдеген окуяларды карап чыкканбыз. Кудай биздин тиленүүлөрүбүздү чынында эле угат. Ал ага туура жол менен кайрылгандарга көңүл бөлбөй койбойт. Ал бизди ага жакындоого үндөйт (Жакып 4:8). Кудайдан дайыма тиленип туруунун кандай пайдасы бар? Келгиле эмесе, ошого токтололу.

Жан дүйнө тынчтыгы.

Кандайдыр бир кыйынчылыкка туш болгондо санаага батып, ындыныңар өчүп калабы? Андайда Ыйык Китеп бизди «үзгүлтүксүз тиленип», бардык өтүнүчүбүздү Кудайга билдирүүгө үндөйт (1 Тесалоникалыктар 5:17; Филипиликтер 4:6). Ошондой эле тиленгенибизде «Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы» жүрөгүбүз менен акылыбызды сактай турганына ынандырат (Филипиликтер 4:7). Жүрөгүбүздү өйүгөн нерселерди асмандагы Атабызга айтсак, кадимкидей тынчтанып калабыз. Ыйык Китепте: «Жүгүңдү Жахабага арт, ошондо ал сени колдойт»,— деп жазылган (Забур 55:22).

«Жүгүңдү Жахабага арт, ошондо ал сени колдойт» (Забур 55:22).

Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн адамдар андай тынчтыкты сезип көргөн. Алсак, Түштүк Кореяда жашаган Хи Ран: «Абдан оор жагдайга кабылганда кыйынчылыктарымды айтып тиленерим менен жүгүм жеңилдеп, күчкө толо түшөм»,— деген. Ал эми филиппиндик Сесилия мындай дейт: «Кыздарымды жана оорунун айынан азыр мени тааныбай калган апамды ойлоп тынчсыздана берем. Бирок Кудайдан жардам сурап тиленгенимдин аркасында санаага алдырбай, күндөлүк тирлигимди кылып жүрөм. Жахаба мага аларга кам көрүүгө сөзсүз жардам берерин билем».

Күч-кайрат жана жубатуу.

Балким, азыр катуу стресске, өмүрүңөргө коркунуч туудурган же кайгылуу жагдайга кабылып жаткандырсыңар. Эгер ошондой болсо, «ар кандай жагдайда сооротуучу Кудайга» кайрылуу абалыңарды бир топ жеңилдетет (2 Корунттуктар 1:3, 4). Мисалы, Ыйык Китепте бир жолу Иса пайгамбар катуу кыйналып, Кудайдан чөгөлөп тиленгенде, «асмандан периште келип, аны бекемдегени» жазылган (Лука 22:41, 43). Некемия пайгамбар да, душмандары ага Кудайдын ишин аткарууга тоскоолдук кылганда, Кудайдан кайрат беришин сурап тиленген. Андан кийин болгон окуялардан Кудай ага коркунучка алдырбай, ишин аягына чыгарууга жардам бергенин билүүгө болот (Некемия 6:9—16). Ганада жашаган Режиналд: «Тиленгенде, айрыкча, кыйынчылык башка түшкөн учурларда тиленгенде, кыйынчылыгымды мага жардам берүүгө кудурети жете турган жана ашкере тынчсызданууга себеп жок экенине ынандыра ала турган бирөөгө айткандай эле болом»,— дейт. Ооба, Кудайдан жардам сурап тиленгенибизде, ал бизди жубатат.

Акылмандык.

Чыгарган кээ бир чечимдерибиз өзүбүздүн да, жакындарыбыздын да жашоосуна таасир эткендиктен, баарыбыз эле туура чечим чыгаргыбыз келет. Ыйык Китепте: «Эгер кимдир бирөөңөргө акылмандык жетишпей жатса [өзгөчө, кыйын учурларда], баарына берешендик менен, жемелебей берген Кудайдан сурасын, ошондо ага берилет»,— деп жазылган (Жакып 1:5). Ошондуктан эгер Кудайдан акыл сурасак, ал өзүнүн ыйык рухун колдонуп бизге туура чечим чыгарууга жардам берет. Кудайдан ыйык рухтун өзүн сурап да тиленсек болот. Анткени Иса Машаяк Кудайдын андан «сурагандарга ыйык рухун» берерин айткан (Лука 11:13).

«Мен Жахабадан туура чечим чыгарууга акыл беришин кайра-кайра сурангам» (Квабена, Гана).

Иса Машаяк өзү да маанилүү чечим чыгарарда Атасынан жардам сурап тиленген. Алсак, 12 элчисин тандаарда «Кудайдан түнү бою тиленип чыккан» (Лука 6:12).

Бүгүнкү күндө да көптөр Кудайдын туура чечим чыгарууга жардам берип, тиленүүсүнө жооп бергенин көргөндө, Исага окшоп, кайраттанып калышат. Маселен, филиппиндик Регина жолдошу каза болуп, үй-бүлөсүнө жалгыз кам көрүүгө туура келгенин, жумушсуз калганын жана балдарын тарбиялоодо көйгөйлөр болгонун айтып берген. Ага туура чечимдерди чыгарууга эмне жардам берген? Ал: «Мен Жахабадан жардам сурап, ага таянчумун»,— деген. Ал эми Квабена деген киши жакшы жумушунан айрылып калганда Кудайдан жардам сураганын айткан. Кайсы жумушка орношууну чечип жаткан учуру жөнүндө ал: «Мен Жахабадан туура чечим чыгарууга акыл беришин кайра-кайра сурангам,— деп айткан.— Рухий да, материалдык да муктаждыктарыма кам көрө ала турганымдай жумуш табууга мага Жахаба жардам бергени даана сезилди». Силер да Кудай менен болгон мамилеңерге таасир эте турган нерселерге байланыштуу Кудайдан тиленсеңер, анын жетектеп жатканын сезе аласыңар.

Биз тиленүүнүн пайдалуу жактарынын айрымдарына гана токтолдук. ( «Тиленүүнүн пайдасы» деген кутучаны да карагыла.) Бирок анын пайдасын сезиш үчүн адегенде Кудайды жана анын эркин таанып-билишиңер керек. Эгер кааласаңар, Жахабанын Күбөлөрү силерге Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам бере алышат *. Бул болсо «тиленүүлөрдү Угуучуга» жакындоонун биринчи кадамы (Забур 65:2).

^ 14-абз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар же www.mr1310.com/ky сайтына кирсеңер болот.