Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ИНДОНЕЗИЯ

Биз ишенимибизден эч качан баш тартпайбыз!

Даниел Локолло

Биз ишенимибизден эч качан баш тартпайбыз!
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1965

  • ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1986

  • КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Куугунтук учурунда ишениминен тайбаган атайын пионер.

1989-ЖЫЛЫ 14-апрелде Флорес аралындагы Маумере шаарында жыйналыш өткөрүп жатканымда, бийлик башындагылар үйгө жулунуп кирип келип, мени жана үч бир тууганды кармап кетишти.

Түрмө сакчылары бизди желекке таазим кылгыла деп кыйнашты. Баш тартканыбызда, уруп-тепкилеп, аптаптуу ысыкта беш күн бою тургузуп коюшту. Кир, тар, сыз камерада калтырап-титиреп таң аттырчубуз, жарааттарыбыз да сыздап оорутчу. Түрмө башчысы ишенимибизден баш тарттырууга көп жолу аракет кылды, бирок биз: «Өмүрүбүздөн айрылсак да, желекке таазим кылбайбыз!» — деп айттык. Кудайдын көптөгөн байыркы кызматчыларындай болуп, биз да «адилдик үчүн азап чегүүнү» сыймык катары көрдүк (1 Пет. 3:14).