Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

BalanceFormcreative/iStock via Getty Images Plus

Башкаларга жардам берип, жалгыздыкты жең. Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Башкаларга жардам берип, жалгыздыкты жең. Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Дүйнө жүзү боюнча көптөр жалгызсырап, өздөрүн башкалар менен ынак мамиледе боло албачудай сезишет. Айрым медицина жаатындагы адистердин айтымында, башкаларга жардам берүү ошондой сезимдерди басаңдатканга жардам берет.

  •   «Муктаж болгондорго жардам берүү жашообузду маңызга толтурат. Бул бизге көп жалгызсырабаганга жана обочолонбогонго көмөк кылат» (АКШнын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук институту).

 Ыйык Китепте башкаларга кантип жардам берсек болоруна байланыштуу кеңештер камтылат. Аларды колдонсок, жанга баткан жалгыздык менен күрөшө алабыз.

Эмне кылсаң болот?

 Берешен бол. Башкалар менен убакыт өткөргөнгө, өзгөчө, бетме-бет жолукканга мүмкүнчүлүк изде. Колуңда болгон нерсе менен бөлүш. Ошентсең, алардын жүрөгү жылып, ыраазы болушат. Бул достошконго өбөлгө түзөт.

  •   Ыйык Китептеги принцип: «Бергиле, ошондо силерге да берилет» (Лука 6:38).

 Башкалардан күчүңдү аяба. Кыйналып жүргөндөргө жардам бергенге аракет кыл. Ан үчүн кунт коюп ук. Анан жүгүн жеңилдетиш үчүн жардамыңды сунушта.

  •   Ыйык Китептеги принцип: «Кандай жагдай болбосун, досуң жардам бериш үчүн жаныңда болот» (Накыл сөздөр 17:17, «Азыркы англис котормосу»).

 Канткенде башкалар менен ынак дос боло аларыбызды билиш үчүн «Үй-бүлөлүк жашоо жана достук» деген макаланы окуп көргүлө.