20-ЫР
Жалгыз Уулуңду бердиң
-
1. Жахаба Атабыз,
Үмүттү жандырдың.
Кун төлөп куткардың
Бүт адамзатты.
Биз сага таандыкпыз,
Жакшысын арнайбыз.
Эркиңди жарлайбыз,
Кыдырып аймакты.
КАЙЫРМА
Өз Уулуңду бердиң,
Жалгызың ал сенин.
Ыр ырдап, биз бир үндөн,
чогулдук алдыңа элиң.
-
2. Боорукер Кудайсың,
Өзүңө тартасың.
Ысмыңды таанытып,
Дос болдуң бизге.
Тартуулап Уулуңду,
Төлөдүң чоң кунду.
Бул зор белек болду,
Тең келбес эч нерсе.
КАЙЫРМА
Өз Уулуңду бердиң,
Жалгызың ал сенин.
Ыр ырдап, биз бир үндөн,
чогулдук алдыңа элиң.
АЯГЫ
Жахаба Атабыз, сага кайрылабыз,
Уулуңдун кунуна биз абдан ыраазыбыз.
(Кара: Жкн. 3:16; 15:13.)