Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

65-ЫР

Алгалай бер!

Алгалай бер!

(Еврейлер 6:1)

  1. 1. Алгалай бер, умтул жетилгендикке!

    Чындыктын жарыгын жаркыраткын элдерге.

    Жакшырта бер кызматыңды эринбе,

    Ийгиликке жете бер.

    Кызмат кылуу мүмкүн баарына,

    Бул кызматка жол ачкан Иса.

    Кайрылсаң, Кудай жардам берет сага.

    Адилдикти жактай бер.

  2. 2. Алгалай бер, умтул кабар айтууга!

    Жарлагын жакшы кабарды бүт адамдарга.

    Падышабыз Кудайды даңазала.

    Үймө-үй айт кабарды.

    Душмандар бут тосушат бизге,

    Ага карабай айт элдерге,

    Падышалык орноорун жер бетине.

    Окута бер чындыкты.

  3. 3. Алгалай бер, умтул көздөп алдыны!

    Жумуш али көп,

    жакшырта бер кызматыңды.

    Жоготпошуң үчүн кубанычыңды,

    Ыйык рухка жетектел.

    Адамдарды чын дилден сүйгүн,

    Кайра бар, козго жүрөктөрүн,

    Жетилгендикке жетүүгө үндөгүн.

    Чындыкты кабарлай бер.