Даниел 8:1—27

8  Мен, Даниел, башында алган аяндан кийин, Белшатсар падышанын+ башкаруусунун үчүнчү жылында дагы аян алдым+.  Аян алганда мен Эйлам+ дубанындагы Шушан ак сарайында элем+. Аян аркылуу өзүмдүн Улай суусунун+ жээгинде жүргөнүмдү көрдүм.  Башымды көтөрүп карасам, суунун боюнда эки мүйүздүү кочкор+ туруптур. Эки мүйүзү тең узун экен, бирок бири экинчисинен узунураак экен; узуну — кийинчерээк чыкканы+.  Мен кочкордун батышты, түндүктү, түштүктү сүзгүлөп жатканын көрдүм, ага бир да жапайы жаныбар туруштук бере алган жок, андан куткарып алар эч ким болгон жок+. Ал өз билгенин кылып, кекирейип баратты.  Мен карап турдум, анан бир текени+ көрдүм. Ал, буту жерге тийбей, күн батыштан бүт жердин үстү менен келатыптыр. Текенин көздөрүнүн ортосунда чоң мүйүзү бар экен+.  Ал мен суунун боюнда турганын көргөн эки мүйүздүү кочкорго катуу каары менен атырылып келатты.  Мен анын кочкорго жакын келип, ызырынып, сүзүп, эки мүйүзүн сындырганын, кочкордун ага туруштук берер күчү калбаганын көрдүм. Теке аны жерге кулатып, тебелеп салды. Кочкорду андан куткарып алар эч ким болгон жок+.  Теке кекирейгенден кекирейе берди+, бирок күчүнө киргенде, чоң мүйүзү сынып, анын ордуна асмандын төрт шамалын караган төрт мүйүз чыкты, алар даана байкалып турду+.  Алардын биринен анча чоң эмес дагы бир мүйүз чыкты да+, түштүктү, күн чыгышты жана Даңктуу жерди*+ көздөй аябай өсүп жатты. 10  Ал асман кошуунуна чейин өсүп+, кошуундан айрымдарды, кээ бир жылдыздарды+ жерге кулатып, тебелеп-тепседи+. 11  Ал кошуундун Төрөсүнүн алдында да кекирейип жатты+. Төрөдөн күнүгө чалынуучу курмандык тартылып алынды+, анын ыйык жайы турган жер кыйратылды+. 12  Кылмыштан улам+ кошуун күнүгө чалынуучу курмандык+ менен бирге мүйүзгө берилди+. Ал чындыкты+ жерге кулатып+, иш-аракеттери менен ийгиликке жетип жатты+. 13  Мен бир ыйыктын+ сүйлөп жатканын уктум. Ага башка бир ыйык: «Күнүгө чалынуучу курмандык менен бүлүндүрүүчү кылмыш жөнүндөгү+, ыйык жер менен кошуундун тебелениши+ жөнүндөгү аян канча убакытка созулат?» — деди+. 14  Ал мага: «2 300 кеч менен таң өткөнгө чейин,— деди.— Ошондон кийин ыйык жер тийиштүү абалга келтирилет»+. 15  Мен, Даниел, аян алып, аны түшүнүүгө аракеттенип жатканымда+, алдыма адамга окшош бирөө+ туруп калды. 16  Ошондо мен Улай суусунун+ ортосунан адамдын үнүн уктум. Ал үнүн бийик чыгарып: «Жебирейил+, буга көргөндөрүнүн маанисин түшүндүрүп бер»,— деди+. 17  Ошондо ал мен турган жерге келди. Бирок, ал келгенде, үрөйүм учуп, жүзтөмөндөп жыгылдым. Ал мага: «Оо, адам уулу+, бул аяндын акыркы убакта аткарыларын+ билип кой»,— деди+. 18  Ал мени менен сүйлөшүп жатканда, көмкөрөмөн жаткан боюнча, катуу уктап кеттим+. Ошондо ал колун тийгизип, мени кайра ордума тургузду+. 19  Анан мындай деди: «Мен сага каар төгүлө турган акыркы убакта эмне болорун билдирип жатам, анткени бул белгиленген акыркы убакта аткарылат+. 20  Сен көргөн эки мүйүздүү кочкор — Мадай жана Персия падышалары+. 21  Ал эми саксайган теке — Грециянын падышасы+, анын көздөрүнүн ортосундагы чоң мүйүз — биринчи падышасы+. 22  Анын сынып, ордуна төрт мүйүз чыкканы анын элинен төрт падышалык чыгарын билдирет+, бирок алар күч жагынан ага тең келе алышпайт. 23  Алардын падышалыгынын акырында, кылмышкерлердин күнөөсү башынан ашканда, табышмактуу сөздөрдү түшүнгөн сүрдүү падыша чыгат+. 24  Анын күчүнө күч кошулат, бирок ага өз күчү менен жетпейт+. Ал таң калыштуу жол менен кыйратат+, эмне кылбасын, ийгиликке жетет, күчтүүлөрдү, ыйык элди кыйратат+. 25  Ал кыраакылыгынан улам алдамчылык менен ийгиликке жетет+. Жүрөгү текеберденип+, көптөрдү санаасыз жүргөндө кыйратат+. Ал төрөлөрдүн Төрөсүнө каршы чыгат+, бирок адамдын колунун таасирисиз талкаланат+. 26  Аян аркылуу кеч менен таңга байланыштуу айтылгандар — чындык+. Сен болсо аянды жашыруун сырдай сакта, анткени ал болочок күндөргө тиешелүү»+. 27  Ошондо мен, Даниел, алсырап, бир нече күн ооруп жүрдүм+. Анан ордуман туруп, падышанын иштерин аткара баштадым+. Бирок көргөндөрүмөн улам деңдароо болуп жүрдүм, аларды түшүнгөн эч ким болгон жок+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Көрктү». Сыягы, Иерусалим менен андагы ибадатканага тиешелүү.