Еврейлер 5:1—14
5 Адамдардын арасынан тандалган ар бир башкы дин кызматчы күнөөлөр үчүн алынып келген тартуулар менен курмандыктарды чалып+, адамдар үчүн Кудайга кызмат кылууга дайындалат+.
2 Өзү да алсыз болгондуктан ал билбестиктен ката кетиргендерге боор ооруй билет+.
3 Алсыз болгонунан улам ал өзүнүн да, элдин да күнөөлөрү үчүн курмандык чалууга тийиш+.
4 Андай сыймыкка адам өзү ээ боло албайт+. Ал, Арунга окшоп+, Кудай тарабынан чакырылганда гана ээ болот+.
5 Ошо сыяктуу эле, Машаяк да өзүн башкы дин кызматчы кылуу менен+ өзүн өзү даңкка ээ кылган эмес+. Аны: «Сен менин уулумсуң, бүгүн сага ата болдум»+,— деп айткан Кудай даңкка ээ кылган+.
6 Ыйык Жазманын башка жеринде Ал: «Сен түбөлүккө Мелкиседек сыяктуу дин кызматчысың»,— деген+.
7 Жерде жашап жүргөн күндөрүндө Машаяк өзүн өлүмдөн куткара ала тургандын Өзүнө катуу үн менен+, көз жашын төгүп, жалыныч, өтүнүч менен кайрылган+. Кудайдан корккондуктан+, анын тиленүүсү угулган.
8 Ал Кудайдын Уулу болсо да, азап чегүү аркылуу тил алчаактыкка үйрөнгөн+.
9 Жеткилеңдикке жеткирилгенден кийин+ ал өзүнө тил алгандардын баарына+ түбөлүк куткарылууга жол ачкан+,
10 себеби Кудай аны Мелкиседек сыяктуу башкы дин кызматчы кылып дайындаган+.
11 Ал жөнүндө дагы көп нерсе айта алмакпыз, бирок анын баарын түшүндүрүп берүү кыйын, анткени силер угууга жөндөмсүз болуп калдыңар+.
12 Алигече окутуучулардан болушуңар керек эле+, бирок силерге Кудайдын ыйык сөздөрүндөгү+ баштапкы окууларды+ кайра башынан үйрөтө турган бирөө керек болуп жатат. Силерге катуу тамак эмес, кайрадан сүт керек+.
13 Ким сүт менен азыктанып жатса, адилдиктин сөзүн билбейт, анткени ал бала бойдон+.
14 Ал эми катуу тамак рухий жактан жетилген адамдарга, колдонуу аркылуу акылын+ жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө+ машыктыргандарга, таандык.