Жакып 2:1—26
2 Бир туугандарым, бет карамалык кылып жатсаңар+, даңкыбыз болгон Мырзабыз Иса+ Машаякка ишенген болосуңарбы?
2 Жыйналышыңарга+ алтын шакектерди тагынып, кымбат баалуу кийим кийген бирөө менен кийими кир жарды бирөө келгенде+,
3 кымбат баалуу кийим кийгенин жакшы тосуп алып+: «Бул жакка, төргө өтүңүз»,— десеңер, ал эми жардысына: «Сен туруп тур» же «Бут жагыма* отур»,— десеңер,
4 анда бири-бириңерди ээлеген абалыңар боюнча бөлүп+, адилетсиз чечим чыгарган+ сот болуп жаткан жоксуңарбы?+
5 Кулак салсаңар, сүйүктүү бир туугандарым. Ишеним аркылуу бай болушсун+ жана Өзүн сүйгөндөргө убада кылган Падышалыктын мураскорлору болушсун деп+, Кудай дүйнөдө жарды+ эсептелгендерди тандап алган эмес беле?
6 Силер болсо жардыны кемсинтип жатасыңар. Силерди эзип+, сотторго сүйрөп баргандар байлар эмеспи?+
7 Силер кимге таандык болсоңор+, ошонун даңктуу ысмына тил тийгизгендер да ошолор эмеспи?+
8 Эгерде Ыйык Жазмадагы: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»+,— деген падыша мыйзамын+ аткарып жатсаңар, анда жакшы.
9 Ал эми бет карамалык кылып жатсаңар+, анда күнөө кылып жатасыңар жана мыйзам силерди кылмышкер катары ашкерелеп жатат+.
10 Ким Мыйзамдын баарын аткарып, бирок бир эле талабын бузса, ал бүт Мыйзамды бузган болот+.
11 Анткени: «Ойноштук кылба»+,— деген Кудай: «Киши өлтүрбө»+,— деп да айткан. Ошондуктан сен ойноштук кылбаганың менен, киши өлтүрсөң, мыйзамды бузган болосуң.
12 Силер эркин элдин мыйзамы боюнча соттоло тургандардансыңар, андыктан сүйлөгөн сөзүңөр менен кылган ишиңер ошого ылайык болсун+.
13 Анткени ким ырайым кылбаса, соттолгондо ага да ырайым кылынбайт+. Ырайым соттон жогору турат.
14 Бир туугандарым, эгер кимдир бирөө Кудайга ишенерин айтып+, бирок аны иши менен көрсөтпөсө+, анда эмне пайда? Андай ишеним аны куткара алабы?+
15 Эгер бир тууганыңардын киер кийими жок болсо же күнүмдүк тамагы жетишсиз болсо+,
16 араңардан бирөө ага: «Жакшы бар, жылуу кийин, курсагыңды тойгуз» — деп, бирок муктаж болгон нерселерин бербесе, андан эмне пайда?+
17 Ошо сыяктуу эле, ишсиз ишеним өлүк+.
18 Бирок кимдир бирөө: «Сенин ишенимиң бар болсо, менин иштерим бар. Мага ишсиз ишенимиңди көрсөт, мен болсо сага ишенимимди иштерим менен көрсөтөм»,— дейттир+.
19 Сен бир эле Кудай бар экенине ишенесиңби?+ Ишенсең, анда жакшы. Буга жиндер да ишенишет жана коркконунан калтырап-титиреп турушат+.
20 Акылсыз адам, ишсиз ишеним пайдасыз экенин билгиң келеби?
21 Атабыз Ыбрайым+ уулу Ыскакты курмандык жайына жаткырып+, иштеринин негизинде адил деп жарыяланган эмес беле?
22 Көрдүңбү, анын ишеними иштери менен коштолгон жана иштери аркылуу ишеними жеткилеңдикке жеткен+.
23 Ошентип, Ыйык Жазмадагы: «Ыбрайым Жахабага ишенди, ошондуктан адил деп эсептелди»+,— деген сөздөр аткарылып, ал «Жахабанын досу» деп аталып калган+.
24 Көрдүңөрбү, адам ишениминин эле негизинде эмес+, иштеринин негизинде+ адил деп жарыяланат+.
25 Бузулган аял Рахап+ да чалгынчыларга* меймандостук көрсөтүп жана аларды башка жол менен узатып, иштеринин негизинде адил деп жарыяланган эмес беле?+
26 Ооба, дене демсиз* өлүк болгондой эле+, ишсиз ишеним да өлүк+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «Бут койгучум турган жерге».
^ Сөзмө-сөз: «кабарчыларга».
^ Грек. пневма. Кара: 7-тирк.