Лука 4:1—44
4 Иса ыйык рухка толуп, Иордан дарыясынан кайтып келгенден кийин, рухтун жетеги менен ээн талаага барып+,
2 ал жакта кырк күн болду+. Ошол жерде Ибилис аны азгырууга аракет кылды+. Кырк күн бою эч нерсе жебегендиктен Иса акырында ачка болду.
3 Ошондо Ибилис ага: «Эгерде Кудайдын уулу болсоң, анда бул ташка нанга айланууну буйручу»,— деди.
4 Иса: «Ыйык Жазмада: „Адам нан менен гана жашабайт“+,— деп жазылган»,— деп жооп берди.
5 Андан кийин Ибилис аны бийик жерге чыгарып, көз ирмемде жер жүзүндөгү бардык падышалыктарды көрсөттү да:
6 «Сага ушул падышалыктардын бийлигин+, атак-даңкын берем, анткени ал бийлик мага берилген. Мен аны, кимге кааласам, ошого берем+.
7 Эгер мага бир эле жолу сыйынып койсоң+, ушунун баары сеники болот»,— деди.
8 Иса ага: «Ыйык Жазмада: „Кудайың Жахабага сыйын+, ага гана ыйык кызмат кыл“+,— деп жазылган»,— деп жооп берди.
9 Анан Ибилис аны Иерусалимге алып барып, ибадаткананы курчап турган дубалдын үстүнө чыгарды да+: «Эгерде Кудайдын уулу болсоң, ушул жерден боюңду төмөн таштачы+,
10 анткени Ыйык Жазмада: „Ал өзүнүн периштелерине сени сактоону буйрук кылат+,
11 бутуң ташка урунбашы үчүн, алар сени колуна көтөрүп кетишет“+,— деп жазылган эмеспи»,— деди.
12 Иса ага: «Ыйык Жазмада: „Кудайың Жахабаны сынаба“+,— деп жазылган»,— деп жооп берди.
13 Ибилис аны ушундай жолдор менен азгырууга аракет кылгандан кийин анын жанынан кетип, башка ыңгайлуу учурду күтүп жүрдү+.
14 Андан кийин Иса рух аркылуу күчкө толуп, Галилеяга кайтып келди+. Тегеректеги бардык аймактарда ал жөнүндө жакшы сөздөр айтылып жатты+.
15 Иса синагогаларда элди окута баштады. Аны баары мактап жатты+.
16 Ал өзү чоңойгон Назаретке келип+, ишемби күнү адатынча синагогага кирди+. Анан Ыйык Жазмадан окуп берүү үчүн ордунан турду.
17 Ага Ышая пайгамбардын түрмөгүн беришти. Ал аны ачып, мындай деп жазылган жерин таап окуду:
18 «Жахаба мага рухун берди+, анткени ал мени жакырларга жакшы кабар айтууга майлады*, туткундарга боштондук жарыялоого, сокурларга көздөрү ачыларын кабарлоого, эзилгендерди эркиндикке чыгарууга+,
19 Жахабанын ырайым кылар жылын жарыялоого жиберди»+.
20 Анан Иса түрмөктү кайра түрүп, кызматчыга берди да, ордуна отурду. Синагогадагылардын баары аны тигиле карап калышты.
21 Ошондо ал: «Силер эми эле уккан сөздөр бүгүн аткарылды»,— деди+.
22 Ал жердегилердин баары аны өз ара мактап, жагымдуу сөздөрүнө таң калып+, бири-биринен: «Бул Жусуптун эле уулу эмеспи?» — деп сурап жатышты+.
23 Ошондо Иса: «Албетте, силер: „Дарыгер+, өзүңдү айыктыр“+,— деген ылакапты мага карата айтасыңар. Ошондой эле: „Капернаумда+ кылган иштериң жөнүндө уктук. Аларды бул жерде, өз мекениңде да кылчы“+,— дейсиңер»,— деп айтты.
24 Анан мындай деди: «Чынында, эч бир пайгамбарды өз жеринде кабыл алышпайт.
25 Силерге айтып коёюн, Илиястын күндөрүндө Ысрайыл жеринде жесир аялдар көп болгон. Бирок үч жарым жыл жамгыр жаабай, ошол жердин баарында катуу ачарчылык болгондо+,
26 Илияс алардын бирине да жиберилген эмес. Ал Сидон жериндеги Сарепатта жашаган жесир аялга жиберилген+.
27 Ошондой эле Элиша пайгамбардын убагында Ысрайыл жеринде пес оорулуулар көп болгон, бирок ал сириялык Наамандан башка эч кимисин айыктырган эмес»+.
28 Муну укканда синагогадагылардын каары кайнап чыкты+.
29 Алар ордуларынан тура калып, Исаны шаардын сыртына, өздөрүнүн шаары жайгашкан тоонун кырына алып барышты да, түртүп жибермекчи болушту+.
30 Бирок Иса аларды аралап өтүп, кетип калды+.
31 Андан кийин ал Галилеядагы Капернаум шаарына келип+, ишемби күнү элди окута баштады.
32 Эл анын окутуусуна абдан таң калды+, анткени сүйлөгөн сөздөрүнөн бийлиги бар экени көрүнүп турду+.
33 Синагогада ичине жин кирип алган бир киши бар эле+. Ал:
34 «Назареттик Иса+, бизди жайыбызга кой+. Бизди жок кылганы келдиңби? Сенин ким экениңди билем+: сен Кудайдын Ыйыгысың»,— деп кыйкыра баштады+.
35 Бирок Иса аны тыйып: «Үнүңдү бас да, чыгып кет!» — деди. Ошондо жин тиги кишини баарынын көзүнчө жерге көтөрүп чаап, эч зыян келтирбей чыгып кетти+.
36 Ал жердегилер аябай таң калып: «Кандай күчтүү сөздөр! Бул жиндерге бийлик менен, күч менен буйрук бергендиктен, алар чыгып жатышат»,— деп өз ара сүйлөшө башташты+.
37 Ошентип, Иса жөнүндө тегеректеги аймактардын баарына кабар тарап жатты+.
38 Синагогадан чыгып, ал Симондун үйүнө келди. Симондун кайненесинин эти катуу ысып, кыйналып жаткандыктан, Исадан ага жардам беришин өтүнүштү+.
39 Ал аялдын жанына келип, этинин ысыганын басып, айыктырып койду+. Аял дароо ордунан туруп, аларга кызмат кыла баштады+.
40 Күн батып баратканда, Исага ар кандай оорулууларды алып келишти. Ал ар биринин үстүнө колун коюп, баарын айыктырды+.
41 Ошондой эле көптөрдүн ичинен жиндер+: «Сен Кудайдын Уулусуң»,— деп кыйкырып чыгып жатышты+. Бирок Иса жиндерге тыюу салып, алардын сүйлөшүнө жол берген жок+, анткени алар анын Машаяк экенин+ билишчү+.
42 Таң атканда, Иса ал жерден чыгып, ээн жерге кетти+. Эл болсо аны издей баштады да, тапкан соң кетирбей алып калууга аракет кылышты.
43 Бирок Иса аларга: «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем»,— деди+.
44 Ошентип, ал Жүйүт жериндеги синагогаларда кабар айтып жүрдү+.
Шилтемелер
^ 1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.