Римдиктер 15:1—33
15 Биз, күчтүүлөр, ишеними алсыздардын алсыз жактарын көтөрүшүбүз керек+. Өзүбүзгө гана жакканды кылбай+,
2 ар бирибиз жакыныбызга жакканды кылып, бекемдеш үчүн анын пайдасын көздөйлү+.
3 Анткени Машаяк да өзүнө гана жакканды кылган эмес+. Бул жөнүндө Ыйык Жазмада: «Сага акарат кылгандардын акарат сөздөрү мага тийди»,— деп жазылган+.
4 Туруктуулугубуз аркылуу+, Ыйык Жазмадан алган сооронуч аркылуу+ үмүткө ээ болушубуз үчүн+, мурун жазылгандын баары бизге насаат катары+ жазылган+.
5 Туруктуулук, сооронуч берүүчү Кудай силерди Машаяк Исаныкындай ой жүгүртүүгө ээ кылсын+.
6 Ошондо Мырзабыз Иса Машаяктын Кудайын жана Атасын биримдикте+, бир ооздон даңктайсыңар.
7 Кудай даңкталышы үчүн, Машаяк бизди кабыл алгандай+, силер да бири-бириңерди кабыл алгыла+.
8 Силерге Машаяктын сүннөткө отургузулгандарга+ кызмат кылганын+ айткым келет. Ал Кудайдын ишеничтүү экенин күбөлөндүрүп+, алардын ата-бабаларына берилген убадалардын+ чындыгын тастыктоо үчүн,
9 ошондой эле башка элдер+ да Кудайды кайрымдуулугу үчүн даңкташы үчүн+, кызмат кылган. Ыйык Жазмада бул тууралуу: «Ошондуктан элдердин арасында сен жөнүндө ачык билдирем, ысмыңды даңазалап ырдайм»,— деп жазылган+.
10 Дагы бир жеринде ал: «Элдер, анын эли менен бирге кубангыла»,— деген+.
11 Ошондой эле: «Бардык элдер, Жахабаны даңктагыла, бардык уруулар аны даңкташсын»,— деп айтылган+.
12 Ышая да: «Жышайдын тамыры пайда болот+, элдерди башкаруучу келет+. Элдер ага үмүт артышат»,— деген+.
13 Ыйык рухтун күчү менен үмүткө бай болушуңар үчүн+, үмүттүн булагы болгон Кудай ага болгон ишенимиңер аркылуу силерди зор кубаныч менен тынчтыкка бөлөсүн.
14 Бир туугандарым, силердин жетиштүү билим алгандыктан+ жакшылык кылууга даяр экениңерге жана бири-бириңерге акыл-насаат айта аларыңарга шектенбейм+.
15 Ошентсе да, эсиңерге салыш үчүн+, Кудайдын мага көрсөткөн ырайымынан+ улам айрым маселелер тууралуу силерге ачык жазып жатам.
16 Ал ырайым мага башка элдер үчүн Машаяк Исанын кызматчысы болуп+, Кудайдын жакшы кабарын жарыялашым үчүн+ көрсөтүлдү. Бул ыйык ишке катышып жатканымдын себеби: башка элдердин ыйык рух аркылуу ыйыкталган+, Кудайга жаккан+ тартуу болушун каалайм+.
17 Ошондуктан Кудайга кылган кызматыма+ байланыштуу менде Машаяктын жолдоочусу катары кубанууга себеп бар+.
18 Машаяктын, башка элдер тил алышы үчүн+, мен аркылуу жасаган иштеринен+ сырткары эч нерсе айтууга батына албайм. Ал иштерди Машаяк менин сөздөрүм менен+ иштерим аркылуу,
19 керемет-жышаандардын+ жана ыйык рухтун күчү аркылуу жасады. Ошентип, мен Иерусалимден Илирикке чейинки аймакты кыдырып+, Машаяк жөнүндөгү жакшы кабарды кылдат жарыялап жүрдүм+.
20 Башка бирөө тургузган пайдубалдын үстүнө курбаш үчүн+, жакшы кабарды Машаяктын ысмы белгилүү болгон жерлерде жарыялабоону максат кылып койдум.
21 Анткени Ыйык Жазмада: «Андан кабары жоктор көрүшөт, ал жөнүндө укпагандар түшүнүшөт»,— деп жазылган+.
22 Мына ошондуктан силерге барышыма көптөгөн тоскоолдуктар болду+.
23 Эми болсо бул аймактарда мен бара элек жерлер калбагандыктан жана көп жылдан бери силерге барууну эңсеп жүргөндүктөн+,
24 Испанияга+ баратып силер менен көрүшөрүмө, анча-мынча болсо да пикирлешип кубаныч алганымдан кийин мени бир аз узатып коёруңарга үмүттөнөм+.
25 Бирок азыр ыйыктарга кызмат кылуу үчүн Иерусалимге барганы жатам+.
26 Анткени Македония менен Ахаядагылар+ колунда болгон нерселеринен Иерусалимдеги ыйыктардын арасындагы жакырлар үчүн чын ниеттен тартуу чогултуп беришти+.
27 Ооба, алар чын ниеттен ошентишти. Бирок, чынында, аларга өздөрү карыз болчу, себеби башка элдер Иерусалимдеги ыйыктардын Кудайдан алган нерселерине үлүштөш болгондуктан+ аларга колунда болгон нерселери менен кызмат кылууга милдеттүү+.
28 Бул ишти аягына чыгарып, алар үчүн чогултулгандарды+ жеткирип бергенимден кийин силерге барам да, андан ары Испанияга кетем+.
29 Мен силерге Машаяктын мол баталары менен барарымды билем+.
30 Бир туугандар, силерди мен үчүн Кудайдан мени менен бирге талыкпай тиленүүгө+ Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу, рух өрчүткөн сүйүү+ менен чакырам.
31 Жүйүт жериндеги ишенбегендердин колунан куткарылышым үчүн+, Иерусалимдегилерге кылган кызматым*+ ыйыктарга+ жагышы үчүн,
32 ошондой эле Кудайдын эркине ылайык силерге кубаныч менен барып, силер менен бирге кубаттанып+ калышым үчүн тиленгиле.
33 Тынчтыктын булагы болгон Кудай баарыңар менен болсун+. Оомийн.
Шилтемелер
^ Же: «жардамым».