Элчилер 15:1—41
15 Жүйүт жеринен кээ бирөөлөр келип+, бир туугандарды: «Мусанын мыйзамы боюнча+ сүннөткө отургузулбасаңар+, куткарылбайсыңар»,— деп окута башташты.
2 Алар Пабыл жана Барнаба менен талашып-тартышып, ортолорунда чоң пикир келишпестик пайда болду. Ошондуктан ал экөөнү жана башка бир туугандарды ушул маселе боюнча Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдарга жиберүүнү чечишти+.
3 Бир канча аралыкка чейин аларды жыйналыштагылар коштоп барды+. Андан ары өздөрү Финикия менен Самарияны аралай жол жүрүштү. Ал жактагы бир туугандарга башка улуттагы адамдардын Кудайга кайрылганы жөнүндө баарын айтып берип+, аларды абдан кубандырышты+.
4 Иерусалимге келишкенде, элчилер, аксакалдар жана бүт жыйналыш аларды жылуу тосуп алды+. Алар болсо Кудайдын өздөрү аркылуу эмнелерди кылганын айтып беришти+.
5 Бирок мурун фарисейлердин сектасында болгон айрым шакирттер ордуларынан туруп: «Алардан сүннөткө отургузулууну жана Мусанын мыйзамын аткарууну+ талап кылыш керек»,— дешти+.
6 Ошондо элчилер менен аксакалдар бул маселени караганы чогулушту+.
7 Көпкө созулган кызуу талкуудан кийин+, Петир ордунан туруп, мындай деди: «Бир туугандар, башка элдер мен аркылуу жакшы кабарды угуп, ишенимди кабыл алышы үчүн+, Кудай башында араңардан мени тандап алганын жакшы билесиңер.
8 Жүрөктөгүнү билген Кудай+ бизге берген ыйык рухун аларга да берип+, аларды кабыл алганын ырастады.
9 Биз менен алардын ортосунда эч кандай айырма жок экенин көрсөтүп+, жүрөктөрүн ишеним аркылуу тазалады+.
10 Анда эмнеге силер шакирттердин мойнуна ата-бабаларыбыз да, өзүбүз да көтөрө албаган+ моюнтурукту салып+, Кудайды сынап жатасыңар?
11 Биз алар сыяктуу эле+ Мырзабыз Исанын ырайымынын негизинде+ куткарыларыбызга ишенебиз».
12 Ошондо ал жердегилердин баары тынчтанып, Барнаба менен Пабылды уга башташты. Алар өздөрү аркылуу Кудайдын башка элдердин арасында көптөгөн керемет-жышаандарды көрсөткөнүн+ айтып беришти.
13 Экөө сүйлөп бүткөндө, Жакып мындай деди: «Бир туугандар, мага кулак салгыла+.
14 Шымон*+ бизге Кудайдын өзүнүн ысмы менен атала турган эл чогултуш үчүн башка элдерге назар сала баштаганын+ айтып берди.
15 Буга пайгамбарлардын бул сөздөрү дал келет:
16 „Андан кийин кайрылып келип, Дөөтүнүн кулап калган үйүн* кайра курам, урандыларын чогултуп, аны кайра калыбына келтирем+.
17 Ошондо бул элдин калдыгы бардык элдерден чыккан жана менин ысмым менен аталган адамдар менен бирге Жахабаны тырышчаактык менен издейт,— дейт Жахаба, ушул иштерди,
18 байыртан белгилүү болгон+ нерселерди жасап келген Кудай“+.
19 Андыктан башка элдердин арасынан Кудайга кайрылгандарга кыйынчылык туудуруунун кереги жок деп ойлойм+.
20 Анын ордуна, аларга бузуктук кылуудан+, арам өлгөн жаныбардын этин жегенден+, буркандарга багышталган арам нерселерди+ жана канды колдонуудан качуу+ керектигин жазып жиберели.
21 Мусанын ушул мыйзамдары камтылган китептер байыртадан эле бардык шаарлардын синагогаларында ишемби сайын эл алдында окулуп келет»+.
22 Ошондо элчилер менен аксакалдар, ошондой эле бүт жыйналыш өзүлөрүнүн арасынан Барзаба+ деген да аты бар Жүйүт менен Сыласты — жетекчиликти колго алган бир туугандарды — тандап, Пабыл менен Барнабага кошуп Антиохияга жөнөтүүнү туура көрүштү.
23 Анан алар аркылуу бул катты берип жиберишти:
«Антиохиядагы+, Сириядагы жана Киликиядагы+ башка элдерден чыккан бир туугандарга элчилер менен аксакалдардан, бир туугандарыңардан, салам кат!
24 Биз эч кандай көрсөтмө бербесек да+, арабыздан айрымдардын өздөрүнүн айткандары менен тынчыңарды алып+, силерди олку-солку кылууга аракеттенгенин уктук.
25 Ошол себептен биз бир туугандарды тандап, аларды сүйүктүү ишенимдештерибиз Барнаба менен Пабылга+ кошуп силерге жиберүүнү бир добуштан+ туура көрдүк.
26 Ал экөө Мырзабыз Иса Машаяктын ысмы үчүн өздөрүнүн жанын аяган эмес+.
27 Ушул катта жазылгандарды оозеки да айтып бериши үчүн+, силерге Жүйүт менен Сыласты+ жөнөтүп жатабыз.
28 Ыйык рух+ жана биз силерге төмөнкү зарыл нерселерден сырткары кошумча жүк жүктөбөөнү туура деп таптык+:
29 арам өлгөн жаныбардын этин жегенден+, буркандарга багышталган нерселерди+, канды колдонуудан+ жана бузуктук кылуудан качкыла+. Эгер ушул айтылгандарга бекем кармансаңар+, силерди ийгилик коштоп жүрөт. Сак-саламатта болгула!»
30 Ошентип, жиберилген шакирттер Антиохияга барып, бир туугандардын баарын чогултушту да, катты тапшырышты+.
31 Алар катты окуп, андагы бекемдээрлик сөздөрдөн чоң кубаныч алышты+.
32 Жүйүт менен Сылас да пайгамбар болушкандыктан+ көп насаат айтып, бир туугандарды бекемдеп, кубаттап жатышты+.
33 Ал экөө ошол жерде бир нече убакыт болгондон кийин, бир туугандар аларга ак жол каалап, кайра узатып коюшту+.
34 * ——
35 Пабыл менен Барнаба болсо Антиохияда+ калышты. Алар башкаларды окутуп, көптөгөн бир туугандар менен бирге Жахабанын сөзү тууралуу жакшы кабар жарыялап жүрүштү+.
36 Бир нече күндөн кийин Пабыл Барнабага: «Жүр, биз Жахабанын сөзүн жарыялаган шаарлардагы бир туугандарга кайра барып, алардын ал-жайын билип келели»,— деди+.
37 Барнаба Марк деп коюшкан Жаканды+ да ээрчитип алууну чечти.
38 Бирок Марк Памфилияда аларды таштап, тапшырылган ишти аткарганы барбай койгондуктан+, Пабыл аны ээрчитүүнү туура көргөн жок.
39 Ушундан улам алар аябай катуу ачууланып, талашып-тартыша кетишти да, экөө эки жакка бөлүнүп кетти. Барнаба+ Маркты алып, Кипрге+ сүзүп кетти.
40 Пабыл болсо Сыласты тандап алды+. Анан жолго чыгарында, бир туугандар аны ырайымдуу Жахабага тапшырышты+.
41 Ал Сирия менен Киликияны аралап, жыйналыштарды бекемдеп жүрдү+.