Мазмунун көрсөтүү

Кырсыкка кокусунан күбө болгон өрт өчүргүч адамдардын өмүрүн сактап калды

Кырсыкка кокусунан күбө болгон өрт өчүргүч адамдардын өмүрүн сактап калды

Серж Жерарден 2014-жылдын 5-январында, жекшемби күнү Парижге (Франция) жакын жерде өткөрүлгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн райондук жыйынына баратканда төбө чачты тик тургузган жол кырсыгына күбө болгон. Ал: «Машине көпүрөнүн алдынан өтүп баратканда жолдун четиндеги тосмону сүзүп, учуп кетти. Учуп баратып көпүрөнүн тирөөчүнө сүзүлүп, от чыгып кетти да, аңтарылып түштү»,— дейт.

Серж 40 жылдан ашуун убакыттан бери өрт өчүргүч болуп иштейт. Ал өрт өчүргүчтөр тобунун башчысы катары кырсыкты көргөндө дароо иш-аракет кылган. «Биз карама-каршы багытта баратсак да, шопурга автобусту токтоттуруп, учкан тейден машиненин жанына жүгүрүп бардым»,— деп эскерет ал. Серж ал жерге барса, бирөөлөр: «Жардамга! Жардамга!» — деп кыйкырып жатыптыр. «Мен костюм-шымчан, галстукчан болчумун. Жанымда өрттөн коргой турган эч нерсем жок болчу,— дейт Серж.— Ошондой болсо да жардамга чакырып жаткандардын үнүн укканда алардын тирүү экенин түшүнүп, куткарып калууга шашылдым».

Серж машинени айланып карап жатып шок абалда болгон бир жүргүнчүнү көргөн. Анан аны дароо коопсузураак жерге алып барган. Серж: «Ал мага машинеде дагы эки киши бар экенин айтты. Ошол учурда бир нече машине келип токтоп калды, бирок машине жалындап күйүп жаткандыктан, оттун табынан эч ким жакын жолой албай койду»,— дейт.

Айдоочулардын бир нечеси өрт өчүргүч баллондорун көтөрүп келип, Серждин айтуусу менен оттун жалынын бир азга басышкан. Айдоочусу машиненин алдында калганын көргөндө чогулгандардын баары машинени көтөрүп, аны алып чыгышкан.

Серж: «Ошондо от кайрадан дүрт этип, машинени жалын каптап калды»,— дейт. Бирок машинеде дагы бирөө калган болчу. Ал коопсуздук курун тагынган боюнча салаңдап илинип калыптыр. Ошол учурда кайыш кийим кийген дагы бир өрт өчүргүч мотоцикл менен келип калган. «Мен машине жарылганы калганын айтып, ичиндеги кишини колунан тартып сууруп чыгалы деп сунуш кылдым. Аны чыгаргандан кийин, бир мүнөткө жетпей машине жарылып кетти»,— дейт Серж.

Өрт өчүргүчтөр тобу менен медицина кызматкерлери келер замат өрттү өчүрүүгө жана жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө киришишкен. Серждин колу тилинип, күйүп калгандыктан, ага да биринчи жардам көрсөтүлгөн. Серж автобуска түшкөндө, бир нече киши чуркап барып, ыраазычылык билдирген.

Серж кырсыкка кабылган ошол адамдарды куткарып калганына абдан кубанат. «Мен Жахаба Кудайымдын алдында алардын өмүрүн сактап калууга өзүмдү милдеттүү сездим. Аларга жардам бере алганыма аябай сүйүнөм»,— дейт ал.