Мазмунун көрсөтүү

Улуу Британия. Сүрөт галереясы 7 (2018-жыл, сентябрь—2019-жыл, февраль)

Улуу Британия. Сүрөт галереясы 7 (2018-жыл, сентябрь—2019-жыл, февраль)

Бул сүрөт галереясынан Жахабанын Күбөлөрүнүн Улуу Британиядагы жаңы филиалын курууда 2018-жылдын сентябрынан 2019-жылдын февралына чейин эмнелер кылынганын көрө аласыңар.

  1. Түндүк өндүрүш имараты

  2. Түштүк өндүрүш имараты

  3. Кеңсе имараты

  4. A турак үйү

  5. B турак үйү

  6. C турак үйү

  7. D турак үйү

  8. E турак үйү

  9. F турак үйү

2018-жыл, 25-сентябрь. A турак үйү

Эки экскаватордун жардамы менен суу өтө турган чоң негизги түтүктү жаткырып жатышат. Ары жакта кеңсе имараты көрүнүп турат.

2018-жыл, 26-сентябрь. Түштүк өндүрүш имараты

Сырткы панель орнотулуп жатат. Панелдердин өңү жана түзүлүшү тегерек-четтеги ландшафтка ылайыкташтырылган.

2018-жыл, 27-сентябрь. Түштүк өндүрүш имараты

Полдун цементи куюлгандан кийин, жылмакай, бекем болушу үчүн, аны атайын машинелер менен түздөп жатышат.

2018-жыл, 4-октябрь. Кеңсе имараты

Түндүк-чыгыш тараптын үстүнөн көрүнүшү. Алдыңкы жакта унаалар токтой турган жерди тазалап, түздөп жатышат. Сол жакта эки кеңсе имаратын бириктирип турган, орнотулуп бүткөн кабылдаманын темир каркастары көрүнүп турат. Арт жакта түндүк жана түштүк өндүрүш имараты турат.

2018-жыл, 10-октябрь. Филиалдын аймагы

A турак үйүнүн жанында жер ченеген адис ландшафтка тиешелүү иштерди бүтүргөн жумушчулардын ишин текшерип, жазып жатат. Бак-дарактар менен өсүмдүктөр долбоор башталган учурда эле тигилгендиктен, алар курулуш аяктаган мезгилде өсүп калат.

2018-жыл, 31-октябрь. F турак үйү

Унаа токтоочу жайдын полун чайыр боёк менен сырдап жатышат. Жумушчулардын бири сырдалган полго так калтырбай турган таманы бүдүрлүү бут кийим кийип алган. Чайыр боёк менен сырдалган полдун өңү көпкө чейин өчпөйт жана машиненин майы сиңип калбайт. Бул унаалар токтогон жай үчүн абдан ылайыктуу.

2018-жыл, 6-ноябрь. Түштүк өндүрүш имараты

Жумушчулар чоң бөлмөгө илине турган жылуулук бөлүп чыгарчу панелдердин чынжырларын ченеп, кесип жатышат.

2018-жыл, 6-ноябрь. Кеңсе имараты

Кеңсе имаратынын дубалын сырдап жатышат. Бул — боёктун биринчи катмары. Ар бир кеңсенин жогору жагынан жылытуу, аба тазалоо, желдетүү системаларынын чубалгылары өткөрүлгөн. Аларга зыян келтирбеш үчүн кара полиэтилендер менен ороп коюшкан.

2018-жыл, 8-ноябрь. Кеңсе имараты

Жумушчулар кабылдама боло турган жердин жогору жагына темир каркастарды орнотуп жатышат.

2018-жыл, 7-декабрь. Кеңсе имараты

Көтөргүч кран менен ашкананын жана кеңешме залынын сырткы айнек панелдерин орнотуп жатышат.

2018-жыл, 10-декабрь. Кеңсе имараты

Электриктер маалымат өткөрүүчү чубалгыларды даярдап жатышат. Узундугу 50 киломтердей болгон бул чубалгылар Кеңсе имаратындагы жерден бир аз көтөрүлүп жасалган полдун астынан өткөрүлөт. Полдун мындай болуп жасалганынын аркасында, кеңсени башкача жайгаштырууга туура келгенде, азыраак күч жумшалат жана эч кандай тоскоолдук жаралбайт.

2018-жыл, 26-декабрь. A турак үйү

Өзгөчө кырдаалдар тобу тепкичтен кулап кетип, коопсуздук үчүн тагылган арканга илинип калган кишини куткарууга машыгып жатат.

2019-жыл, 8-январь. Кеңсе имараты

Жанжолго таман таш төшөлгөнгө чейин, жумушчу жердин бирдей деңгээлде болушун өлчөп жатат. Жанында чакан экскаватор жолду бойлой отургузула турган тикенектүү дарактар үчүн чуңкур казып жатат.

2019-жыл, 9-январь. Өндүрүш имараттары

Үстүнөн көрүнүшү. Эки өндүрүш имаратынын жана кеңсе имаратынын чатырына күн панелдери орнотулган. Алар күндүн энергиясын электр кубатына айландырат.

2019-жыл, 17-январь. Өндүрүш имараттары

Жасалгалоочу топтун мүчөсү үчүнчү кабаттын далисине карапа такта чаптап жатат. Карапа тактанын алдына кызыл-сары түстөгү катмар төшөлгөн. Бул эң алдыңкы негизги катмар жылып кеткенде, карапа тактаны сынып калуудан сактайт.

2019-жыл, 21-январь. Негизги тамактануучу жай

Курсагы ачкан жумушчулар тамактарын алып, убактылуу ашканада тамак ичип жатышат. Күн сайын миңге жакын кишиге тамак даярдаш үчүн бул жерде үч нөөмөт менен иштешет.

2019-жыл, 30-январь. Кеңсе имараты

Чоң машинелер менен кеңсе имаратынын тегерегиндеги нерселерди башка жакка ташып жатышат. Оң жактагы ашкананын жана кеңешме залынын түркүктөрүнө кышкы күндөн коргой турган калкалама (жалюзи) бекитилген.

2019-жыл, 30-январь. Кеңсе имараты

Жасалгалоочу топ Ыктыярчылардын күнүндө жардамга келген бир туугандардын жардамы менен килемчелерди төшөп жатат. Бул программа боюнча, Британиядагы жана Ирландиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарында кызмат кылгандар бир күнгө чакырылышат. Ушул программанын аркасында февралдын аягына чейин 5 500дөн ашуун ыктыярчы долбоорго колдоо көрсөтүп кеткен.

2019-жыл, 12-февраль. Түштүк өндүрүш имараты

Жумушчулар имараттын ортосун бийик дубал менен бөлүп жатышат. Көтөргүч машинелер иштеп жаткан жердин чек арасын кызыл-сары кичинекей мамылар менен белгилеп коюшкан.

2019-жыл, 20-февраль. Кеңсе имараты

Жумушчулар кабылдаманы шыпырып жатышат. Жанында жерден көтөрүлүп турган пол орнотулуп турат.