Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрүндө кыз-жигит болуп сүйлөшүүгө байланыштуу эрежелер барбы?

Жахабанын Күбөлөрүндө кыз-жигит болуп сүйлөшүүгө байланыштуу эрежелер барбы?

 Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептеги принциптер менен буйруктардын Кудайга жагууга жана пайда алып келе турган чечимдерди чыгарууга жардам берерине бекем ишенишет (Ышая 48:17, 18). Биз аларды өзүбүз чыгарып алган эмеспиз, бирок аларга бекем карманып жашайбыз. Келгиле, ал принциптердин айрымдарын кыз-жигит болуп сүйлөшүүгө карата кантип колдонсо болорун карап көрөлү a.

  •   Нике — бул өмүр бою созулуучу шериктик (Матай 19:6). Биз, Жахабанын Күбөлөрү, кыз-жигит болуп сүйлөшүүнү баш кошууга чейинки кадам деп эсептегендиктен буга олуттуу карайбыз.

  •   Турмуш курууга жашы жеткендер гана кыз-жигит болуп сүйлөшө баштаса болот. Алар «өтө эле жаш болбошу», башкача айтканда, жыныстык каалоосу күчөп турган маалдан өткөн куракта болушу зарыл (1 Корунттуктар 7:36).

  •   Кыз-жигит болуп сүйлөшө баштагандардын башы бош болушу керек. Кудайдын мыйзам-принциптерине ылайык, ажырашууга жубайлардын бири ойноштук кылганда гана жол берилет. Мындан башка себеп менен ажырашып, башка бирөө менен баш кошкон адам ойноштук кылган болот (Матай 19:9).

  •   Ыйык Китепте Кудайдын турмуш курууну каалаган кызматчылары түгөйдү ишенимдештеринин арасынан тандашы керектиги айтылат (1 Корунттуктар 7:39). Жахабанын Күбөлөрү бул буйрук алардын диний көз карашын сыйлаган адам менен эмес, өзүн Кудайга арнап чөмүлгөн, анын буйруктарын аткарган адам менен баш кошуу керек дегенди билдирерин жакшы түшүнүшөт (2 Корунттуктар 6:14). Кудай өзүнө сыйынгандарды ишенимдеши менен гана турмуш курууга дайыма үндөп келген (Башталыш 24:3; Малаки 2:11). Бул буйрукка баш ийүү акылдуулукка жатарын бүгүнкү күндөгү изилдөөчүлөр да тастыктоодо b.

  •   Балдар ата-энесинин тилин алышы керек (Накыл сөздөр 1:8; Колосалыктар 3:20). Бул ата-энесинен бөлүнүп жашаганга жашы жете элек балдардын кимдир бирөө менен кыз-жигит болуп сүйлөшүүдө ата-энесинин айткандарына баш ийиши керектигин камтыйт. Ошондой эле ата-энелер баласынын же кызынын качан сүйлөшө баштаса болорун жана эмнелерге уруксат берерин чечүүгө укуктуу экенин билдирет.

  •   Кудайдын кызматчысы бирөө менен сүйлөшөр-сүйлөшпөсүн жана ким менен сүйлөшөрүн Ыйык Китептеги принциптердин негизинде өзү чечет. Ыйык Китепте: «Ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт»,— деп жазылган (Галатиялыктар 6:5). Бирок чечим чыгарарда көптөр алардын кызыкчылыгын ойлогон Кудайдын жетилген кызматчыларынан кеңеш сурашат (Накыл сөздөр 1:5).

  •   Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндөр кылган нерселердин көбү, чынында, олуттуу күнөө болуп саналат. Ыйык Китепте жыныстык адеп-ахлаксыздыктан качышыбыз керектиги жазылган. Бул өз ичине никеден тышкаркы жыныстык мамилени эле эмес, жубайы болбогон бирөөнүн жыныстык органдарын кумарын канааттандыруу максатында кармалоону, оралдык жана аналдык сексти камтыйт (1 Корунттуктар 6:9—11). Никеге тура электердин, атүгүл жыныстык катнашта болбосо да, кумарды ойгото турган нерселерди кылганы Кудайдын көз алдында «ыпыластык» деп эсептелет (Галатиялыктар 5:19—21). Ыйык Китепте «адепсиз сөздөрдү» сүйлөөгө да тыюу салынат (Колосалыктар 3:8).

  • Ыйык Китепте адамдын жүрөгү «эң эле митаам» экени айтылат (Жеремия 17:9). Ал адамды жаман иштерди, туура эмес экенин билип турса да, жасоого түртөт. Андыктан сүйлөшүп жүргөндөр жүрөктүн каалоосуна жетеленбеш үчүн жалгыз калгандан качышы керек. Алардын жетилген достору менен чогуу жүргөнү же жанына үчүнчү кишини алып алганы маанилүү (Накыл сөздөр 28:26). Кудайдын үй-бүлө кургусу келген кызматчысынын жар тандоого жардам берүү максатында түзүлгөн веб-сайттар аркылуу кимдир бирөө менен сүйлөшкөнү, өзгөчө, жакшы тааныбаган адам менен мамиле өрчүткөнү кооптуу (Забур 26:4).

a Айрым өлкөлөрдө турмуш курардан мурун сөзсүз кыз-жигит болуп сүйлөшүү зарыл деп эсептелсе, айрым жерлерде андай эмес. Ыйык Китепте үй-бүлө куруш үчүн сөзсүз сүйлөшүш керек деп айтылбайт.

b Никеге байланыштуу бир журналда «беделдүү үч изилдөөдөн узакка (25—50 жылдан ашык убакытка) созулган никенин сыры жубайлардын бир динди тутканында экени далилденгени» жазылган («Marriage & Family Review», Volume 38, issue 1, page 88, 2005).