Мазмунун көрсөтүү

Баары бир изилдөөдөн башталган

Баары бир изилдөөдөн башталган

 Марта — Гватемалада жашаган Жахабанын Күбөсү. Ал Ыйык Китептеги кабарды башкаларга айтыш үчүн кекчи тилин үйрөнүп жүргөн. Бир күнү ал ооруканадан чыгып бараткан кишини көргөн. Анын сырткы көрүнүшүнөн улам Марта аны кекчи эли жашаган кыштактан окшойт деп ойлогон. Жахабанын Күбөлөрү ал тоолуу аймакта анда-санда эле кабар айтышчу. Марта анын жанына барып, кекчи тилин жакшы билбесе да, аны менен сүйлөшкөнгө аракет кылган.

 Марта ал кишиден Ыйык Китепти изилдегиси келер-келбесин сураган. Ал дароо макул болгон. Бирок изилдөө үчүн төлөгөнгө акчасы жок экенин айткан. Марта ага Жахабанын Күбөлөрү башкалар менен Ыйык Китепти акысыз изилдей турганын түшүндүрүп берген. Ошондой эле изилдөөнү акысыз экенин, ага үй-бүлөсүн да кошуп алса болорун айткан. Тиги киши макул болгон. Ал испанча окуй алгандыктан жана сүйлөй алгандыктан Марта ага испан тилиндеги Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосун» берген. Ошондой эле кекчи тилиндеги изилдөөгө арналган куралды — «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» китебин — берген. Кийинки жумада Марта телефон аркылуу тиги киши менен анын аялы жана эки баласы менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Алар жумасына эки жолу изилдешчү. Марта мындай дейт: «Мен кекчи тилинде жакшы сүйлөй албагандыктан изилдөөнү испан тилинде өткөрчүбүз. Тиги киши болсо аялына которуп берчү. Ал эми балдары испанча түшүнүшчү».

 Негизи, тиги киши бир чиркөөнүн пастору болчу экен. Ал Ыйык Китептен окуп билгендерин чиркөөгө келгендерге айтып бере баштаган. Анын айтып бергендери келгендерге аябай жаккандыктан, алар андан ал жаңы окууларды каяктан үйрөнүп жатканын сурашкан. Ал киши аларга Ыйык Китепти изилдеп жатканын айткан. Ошондо улам бирөө аны менен чогуу изилдөөгө катыша баштаган. Көп өтпөй Марта менен Ыйык Китепти жума сайын телефон аркылуу изилдегендердин саны 15 чактыга жеткен. Алардын баары бир жерге чогулушчу. Айтылгандар баарына угулушу үчүн, убакыттын өтүшү менен телефондун жанына микрофон коюп алышкан.

 Марта ошол изилдөө тууралуу жыйналыштын аксакалдарына билдиргенде, алардын бири ошол кыштакка барган. Ал аларды райондук көзөмөлчү a айта турган жалпыга арналган баяндамага чакырган. Баяндама айтыла турган кыштакка жетиш үчүн машине менен бир саат, андан кийин жөө эки саат жүрүш керек болчу. Ошентсе да Ыйык Китепти изилдеп жаткандар ал жакка барганга макул болушкан. Натыйжада жолугушууга алардын 17и катышкан.

 Бир нече жумадан кийин райондук көзөмөлчү менен башка Жахабанын Күбөлөрү ошол кыштакка барып, төрт күн жүрүп келишкен. Алар чогулгандарга эртең менен jw.org сайтынан кекчи тилиндеги Ыйык Китепке негизделген видеолорду көрсөтүшчү. Ошондой эле «Жахаба Кудайдын эркин кимдер аткарып жатат?» деген китепчени изилдешчү. Түштөн кийин болсо JW телеберүүсүндөгү айрым видеолорду көрүшчү. Райондук көзөмөлчү кызыккандардын ар бири менен өзүнчө изилдөө өткөрүлүшүнө кам көргөн.

 Ал төрт күндүн ичинде Жахабанын Күбөлөрү кекчи эли жашаган кошуна кыштактарга да кабар айтып, аларды атайын жолугушууга чакырышкан. Ишенимдештерибиз ошол жолугушууга келген 47 кишиге Ыйык Китепти изилдөөнү сунушташкан. Изилдөөгө он бир үй-бүлө макул болгон.

 Бир нече айдан кийин аксакалдар изилдөө башталган эң биринчи кыштакта жума сайын жолугушуу өткөрө башташкан. Бүгүнкү күндө ал жолугушууга дайыма 40тай киши катышат. Ал эми Иса пайгамбардын өлгөн күнүн эскерүү аземине 91 киши катышкан.

 Ал окуянын кантип башталганын, кантип өрчүгөнүн эскерип, Марта мындай деген: «Жахабага миң мертебе ыраазымын! Кээде Кудай үчүн көптү кыла албай жатам деп бушайман болом. Бирок ал бизди куралы катары колдоно берет экен. Жахаба ошол кыштактагы адамдардын жүрөгүн көрүп турган. Ошон үчүн аларды өз элине кошту. Жахаба аларды аябай жакшы көрөт».

a Райондук көзөмөлчү деген Жахабанын Күбөлөрүнүн 20дай жыйналышын түзгөн бир районду кыдырган кызматчы.