Мазмунун көрсөтүү

«Мен силердин чаларыңарды күтүп жүргөм»

«Мен силердин чаларыңарды күтүп жүргөм»

 Эд менен жубайы Женни биринчи жолу телефон менен 2010-жылы кабар айтып көрүшкөн a. «Мага ушинтип кабар айткан жаккан эмес. Жолдошума: „Болду мен телефон менен эч качан кабар айтпайм“,— дегем»,— дейт Женни. Кызматтын ал түрү Эдге деле жаккан эмес. Ал мындай дейт: «Алып сатарлардын телефон аркылуу бирдемелерди жарнамалаганы жакпайт. Ошон үчүн телефон менен кабар айткым келчү эмес. Эл мени алып сатарлардай кабыл алат деп ойлочумун».

 Көп өтпөй COVID-19 пандемиясы башталып, Жахабанын Күбөлөрү үймө-үй кабар айтпай калышкан. Бирок Исанын жакшы кабарды жарыялагыла деген буйругуна баш ийип, алар пандемия учурунда кабарды көбүнчө кат же телефон аркылуу айтып жатышты (Матай 24:14; 28:19, 20). Жыйналыштары дагы, алардын ичинде кабар айтуу жолугушуулары дагы видеобайланыш аркылуу өткөрүлө баштаган. Ошондой жолугушуулардын биринде Эд болгон кайратын жыйнап, кайрадан телефон аркылуу кабар айтып көрөйүн деген. Ал бирөөгө чаларда өзүн кандай сезген? «Ушунчалык корккондуктан Кудайдан жардам сурап тиленгем. Анан телефон чалдым. Чалсам эле, Тайрон деген киши алды»,— дейт ал b.

 Тайрон менен аялы Эдит Кентукки штатынын (АКШ) алыскы айылында жашашат. 83 жаштагы Тайрондун көзү начар көрөт. Ошого карабай ал Эд менен Ыйык Китепти изилдегенге макул болгон. Изилдөө үчүн чыгарылган адабиятты лупа менен окуса да, Ыйык Китепти Эд менен үзбөй изилдей берген.

 Бир айдай өткөндөн кийин Тайрон менен Эдит өздөрү жашаган жактагы жыйналышка катыша башташкан. Бирок Интернет байланышы жок болгондуктан, жыйналышка телефон аркылуу туташышчу. Эми Эдит жөнүндө кеп кылалы.

 Тайрон изилдеп жатканда Эд менен Женни ары жактан Эдиттин Тайронго жооп бергенге, Ыйык Китептеги аяттарды тапканга жардам берип жатканын угуп калышчу. Ал күйөөсүнө жардам берип эле көп сүйлөчү эмес. Женни: «Анын үнүнөн капалуу экени байкалып турчу. Бирок Эд экөөбүз анын себебин түшүнчү эмеспиз»,— дейт.

Эд менен Женни телефон чалып кабар айтып жатышат

 Бир күнү Женни Эдит менен сүйлөшүп көрбөсөм деп ойлонгон. Ошентип, ылайыктуу учур келгенде ал Эддин колунан телефонду алган. Анан: «Тайрон, мен ары жактан аялыңыздын үнүн угуп калып жатам. Андан Ыйык Китептен аят окуп беришин же жооп беришин суранайын дегем»,— деп айткан.

 Бир аз унчукпай тургандан кийин Эдит жумшак үн менен мындай деген: «Мен силер менен сүйлөшкүм келип эле жаткан. Мен дагы Жахабанын Күбөсүмүн. Жыйналышка барбай калганыма 40 жыл болду»,— деген.

 Женни таң калып эле туруп калган. Сүйүнгөнүнөн: «Сиз менин бир тууганым турбайсызбы!» — деген. Анан экөө тең ыйлап жиберген.

 Көп өтпөй Эд Эдитке «Жахабага кайрылып кел» деген китепчени берген. Кийинки жумаларда Эд менен Женни Эдиттин маанайы өзгөргөнүн байкашкан. «Башында анын үнүнөн жүрөгүндө кайгысы бар экени сезилип турса, кийин күлүп-жайнап калды»,— дейт Эд. Эдит Жахаба менен болгон мамилесин барган сайын бекемдей берген. Азыр ал кайрадан жакшы кабар таратканга катышып, кубаныч алып жатат. Күйөөсү Тайрон 2022-жылдын июль айында чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон.

 Эд телефон чалып кабар айткысы келбегенин эстегенде Тайронго чалып, анын кабарды жакшы укканы да оюна келет. Эд Жакан 6:44тү окуп Жахаба адамдарды чындыкка өзү тартарын түшүндүрүп бергенде, Тайрон анын сөздөрүнө кошуларын айтып: «Мен силердин чаларыңарды күтүп жүргөм»,— деген. Женни дагы күйөөсү экөөнүн коркконуна карабай кайраттуулук менен телефон чалып кабар айтышканына аябай сүйүнөт. «Жахаба ушундай аракетке батасын берет»,— дейт ал.

a Жахабанын Күбөлөрү кабар айтуу ишин маалыматты коргоо боюнча чыгарылган мыйзамдын чегинде аткарышат.

b Айрым ысымдар өзгөртүлдү.