Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 16-АВГУСТ
ДАНИЯ

Даниядагы Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китеп музейин ачышты

Даниядагы Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китеп музейин ачышты

Даниянын борбор калаасы Копенгагенден 65 чакырымдай алыстыктагы Хольбек шаарында жайгашкан Скандинавия филиалында Жахабанын Күбөлөрү 2019-жылдын июлунда Ыйык Китеп музейин ачышты. Ал музей «Скандинавиядагы Ыйык Китеп жана Кудайдын ысмы» деп аталат.

Музейге дания, фарер, гренланд, исланд, норвег, саамы, швед тилдериндеги чанда кездешкен, тарыхый мааниси зор Ыйык Китептер чогултулган. Анда 50дөн ашык Ыйык Китеп камтылат.

Алардын ичинен 1541-жылы чыккан «Густав Вазанын Ыйык Китеби» өзгөчө мааниге ээ. Ал — скандинавия тил топторуна кирген тилде толугу менен басылып чыккан Ыйык Китептердин эң алгачкысы. «Густав Вазанын Ыйык Китебинин» негизинде швед тилинин грамматикасы, сөздүгү түзүлгөн. Ошондой эле басылып чыкканынан кийинки 300 жыл бою ал китептин негизинде швед тилиндеги башка Ыйык Китептер которулган.

1514-жылы чыккан, көргөзмөгө коюлган «Густав Вазанын Ыйык Китебинин» түп нускасы

Көргөзмөгө чанда кездешкен Ыйык Китептердин дагы бири — 1550-жылы басылган «Кристиан IIIнүн Ыйык Китебинин» түп нускасы — да коюлган. Ал дания тилине толугу менен которулган эң биринчи Ыйык Китеп болгон. «Кристиан IIIнүн Ыйык Китеби» дания тилинин калыптанышына чоң салым кошкон. Ошондой эле Түндүк Европанын басымдуу бөлүгүнө зор таасир эткен.

1550-жылы басылган «Кристиан IIIнүн Ыйык Китебинин» түп нускасы

Скандинавиядагы филиалда кызмат кылган Эрик Йоргенсен: «Жаңы ачылган бул Ыйык Китеп музейи канчалаган кылымдардан бери Скандинавияда сакталып келген Кудайдын Сөзүнө да, кереметтүү ысымдын ээси Жахабага да терең урмат көрсөтөт»,— деген.