Мазмунун көрсөтүү

Анголадагы төрт кабаттуу имараттын бүткөндөн кийинки көрүнүшү

25-АПРЕЛЬ, 2022
АНГОЛА

Анголадагы филиалда дагы бир имарат курулат

Анголадагы филиалда дагы бир имарат курулат

2022-жылдын июнунда төрт кабаттуу жаңы имаратты оңдоп-түзөө иштери пландаштырылып жатат. Ошонун аркасында Анголадагы филиалда кошумча турак жайлар жана кеңселер пайда болот. 2003-жылы курулуп бүткөн учурдагы филиал 207 бейтелдик үчүн тардык кыла баштады.

Азыркы тапта айрым бейтелдиктер ижарага алынган үйлөрдө жашап жаткандыктан, кошумча имараттар керек болду. 2021-жылдын декабрында бир туугандарыбыз жаңы имарат сатып алышкан болчу. Ал имаратка филиалдан бир нече эле мүнөттө жөө басып барса болот.

Оңдоп-түзөө иштеринен кийин жаңы имаратта 57 турак жай жана 60 кеңсе болот. Турак жайларда иштей тургандагыдай өзүнчө жер болот. Ал эми кеңселерде өзүнчө бөлүнгөн да, жалпы кенен да кеңселер болот. Кеңселер болсо дубалдардын жардамы менен чоңойтулуп, кичирейтилгидей кылып долбоорлонду. Ошондой эле муктаждыкка жараша алардын планировкасын өзгөртсө да болот.

Ижарага алынган үйлөрдө жашап жаткан бейтелдиктер 2024-жылдын февраль айында жаңы имаратка көчүп барышат деген үмүт бар.

Анголадагы филиалдын комитетинин мүчөсү Самуел Кампос мындай дейт: «Биз орундардын жетишсиздигине байланыштуу көйгөйдү кантип чечсек болот деп Жахабадан тиленип келгенбиз. Ошондой эле башкы башкармалыктагы Долбоор/курулуш бөлүмүнө жардам сурап кайрылганбыз. Жахаба тилегибизге жооп берип, ушул имаратты сатып алып, оңдоп-түзөмөй болдук».

Анголада 160 000ден ашык Жахабанын Күбөсү бар. Өткөн жылы Эскерүү кечесине 400 000ден ашуун киши келди. Ал эми жарчылар 200 000ден ашык изилдөө өткөрүшөт. Жахаба Падышалыктын ишинде колдонула турган жаңы имаратты оңдоп-түзөө иштерине батасын берет деп күмөн санабайбыз (1 Жылнаама 29:16).