Мазмунун көрсөтүү

26-ДЕКАБРЬ, 2019
ВЕНЕСУЭЛА

Венесуэланын алыскы аймактарына жакшы кабар жеткирүү үчүн уюштурулган атайын өнөктүк

Венесуэланын алыскы аймактарына жакшы кабар жеткирүү үчүн уюштурулган атайын өнөктүк

Жахабанын Күбөлөрү Венесуэланын түндүк-батышында жайгашкан Гуахира жарым аралындагы кыштактарга жакшы кабарды жеткириш үчүн өзгөчө күч-аракет жумшашууда. 2019-жылдын 15-июлунда башталган ал өнөктүк 31-декабрда бүтөт. Ага катышып жаткан 640тай Жахабанын Күбөсү 32 000ден ашуун саат кабар айтып, 2 000дей киши менен Ыйык Китепти изилдей баштады.

Кабар айтыла турган аймактар аябай чоң. Ал жакка оңой менен жете албайсың, ошондой эле ал аймактарда саналуу эле жарчы жашайт. Ошол себептен ал жерде жашагандардын көбү Жахабанын Күбөлөрү менен бир да жолу жолуккан эмес, Кудайдын ысмы тууралуу да такыр угушкан эмес. Жергиликтүү калк Жахаба тууралуу биле алышы үчүн, ал жакка барган жарчыларга көп нерседен баш тартууга туура келген. Венесуэлада каржы каатчылыгынан улам жумушсуздук күч алууда, азык-түлүк жана башка нерселер абдан кымбат турат. Ошондуктан өнөктүккө катышыш үчүн айрым жарчылар бир нече ай бою акча чогултушкан же мүлкүн сатышкан.

Жарчылар испан жана уаюнайки тилинде — вайю эли сүйлөгөн тилде — кабар айтып жатышат. Уаюнайки тилинде бир нече эле жарчы сүйлөгөндүктөн, өнөктүккө катыша турган жарчыларга, ошол тилде сүйлөгөндөргө кабар айтууга даярдана алышы үчүн, уаюнайки тилинде Ыйык Китепке негизделген адабияттар, кыска тасмалар жана вайю элинин маданияты тууралуу китепчелер берилген.

Ыйык Китептеги кабарды эне тилинде укканына абдан кубанган бир аял жарчыларга өзүнүн туугандары, достору жашаган кыштакка алып барып келүүнү сунуштаган. 17 жарчы түнкү 3 жарымдарда туруп алып, даярдык көрүшкөн да, ал аялдын үйүнө таң эрте барышкан. Аныкынан чыгып, көздөгөн кыштакка жол тартышкан. Ал кыштакка чейин бир сааттай жөө басышкан.

Кыштакка жетишкенде алар менен барган аял: «Эл журт! Бул жакка келгиле! Мен силерге Кудайды ээрчитип келдим!» — деп кыйкырган. Таң калыштуусу, тургундар үйлөрүнөн отургучтарын ала чыгып, жакшы кабарды укканы отуруп калышкан. Алар буга чейин эч ким алардын кыштагына келип, Кудай жөнүндө айтып бербегенин айтышкан. Ушунчалык ыраазы болуп алар 17 жарчыга даамдуу тамак жасап беришкен.

Жол көрсөтүп барган аял элдин аябай жакшы кабыл алганына кубанып, жарчыларды дагы башка үч кыштакка ээрчитип бара аларын айткан. Ар бирине жеткенде ал үнүн бийик чыгарып, тургундарды жакшы кабарды угууга чакырган. Күндүн соңунда жарчылар көздөрүнө жаш алып ал аял менен жана өздөрү кабар айткан кишилер менен коштошушкан. Кетип жатышканда уаюнайки тилинде Кудайды даңктаган ырлардын бирин ырдап беришкен.

Ырас, Жахаба Кудай ар бир адамдын Ыйык Китептеги жакшы кабарды угушун каалайт. Венесуэладагыдай атайын өнөктүктөр — Жахабанын дүйнө жүзү боюнча алыскы аймактарда «жакшы кабар жарыялаш» үчүн күч-аракет жумшап жаткан кызматчыларына батасын берип жатканынын далили (Римдиктер 10:14, 15)