Мазмунун көрсөтүү

Гватемаладагы (солдо) жана Коста-Рикадагы (оңдо) сел

20-НОЯБРЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

«Эта» куюну Борбордук Американын жана кошуна аймактардын таш-талканын чыгарды

«Эта» куюну Борбордук Американын жана кошуна аймактардын таш-талканын чыгарды

Болгон жери

Борбордук Америка, Багам аралдары, Чоң Кайман аралы, Мексика, Кошмо Штаттардын түштүгү

Кырсык

  • 2020-жылдын 3-ноябрында Никарагуадагы Пуерто-Кабесаста 4-категориядагы «Эта» куюну болду. Ал куюн Борбордук Американын башка бөлүктөрүнө да жетип, чоң бүлгүн салды

  • Кейиштүүсү, Мексиканын Табаско штатындагы бир ишенимдешибиздин небереси суу агызып кеткендиктен кайтыш болду

  • «Эта» куюну тропикалык шамалга айланып, Чоң Кайман аралын, Багам аралдарын жана Ямайканы талкалады. Андан ары Мексика булуңуна жана Кошмо Штаттарга жетти

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • Гватемала

    • Башында 163 жарчы башка жакка көчүрүлгөн. Алардын 85и кайра үйүнө кайтып барды

    • 3 үй-бүлө бардык мүлкүнөн кол жууп калды

    • Андан тышкары, 3 жарчыдан турган 1 үй-бүлө жардам келгенче үйүнүн экинчи кабатынан чыга албай калышкан

  • Гондурас

    • Башында 1 984 жарчы башка жакка көчүрүлгөн. Алардын, бери дегенде, 376сы кайра үйүнө кайтып барды

  • Коста-Рика

    • 108 жарчы башка жакка көчкөнгө аргасыз болду

      7 жарчы бүт мүлкүнөн ажырады

  • Кошмо Штаттар

    • 48 жарчы башка жакка көчүрүлгөн. Алардын 27си кайра үйүнө кайтып барды

  • Мексика

    • Чьяпас жана Табаско штаттарындагы 1 618 жарчы башка жакка көчүрүлгөн. Алардын 112си кайра үйүнө кайтып барды

  • Никарагуа

    • 238 жарчы башка жакка көчүрүлгөн. Алардын 232си кайра үйүнө кайтып барды

  • Панама

    • 27 жарчы башка жакка көчүрүлгөн. Алардын 6сы кайра үйүнө кайтып барды

  • Ямайка

    • 4 жарчы башка жакка көчүрүлдү

Мүлккө келтирилген зыян

  • Багам аралдары

    • 1 үй зыян тартты

  • Гватемала

    • 2 үй жер көчкүдөн талкаланды

  • Гондурас

    • 7 Падышалык залы анча-мынча зыян тартты

  • Коста-Рика

    • 3 үй талкаланды

    • 6 үй зыянга учурады

  • Кошмо Штаттар

    • 141 үй зыянга учурады

    • 9 Падышалык залы бир аз зыян тартты

  • Никарагуа

    • 73 үй зыянга учурады

  • Чоң Кайман аралы

    • 4 үй зыян тартты

    • 1 Падышалык залы анча-мынча зыянга учурады

  • Ямайка

    • 50 үй зыян тартты

    • 1 Падышалык залы зыянга учурады

Жардам берүү иштери

  • Борбордук Америка филиалы Кырсык болгондо жардам берүү боюнча 3 комитет уюштурду. Алардын экөө Мексикадагы, бири Гондурастагы жабыр тарткандарга жардам берүү иштерин көзмөлдөп жатат. Ал эми башка жерлерде COVID-19 пандемиясына байланыштуу түзүлгөн комитеттер куюндан зыян тарткандарга жардам көрсөтүп жатышат

  • Кошмо Штаттарда жыйналыштар COVID-19 пандемиясына байланыштуу түзүлгөн комитеттер менен бирге ал жактагы жапа чеккен ишенимдештерибизге жардам берүүдө

  • Ал аймактардагы райондук көзмөлчүлөр кырсыктан жапа чеккендерди кайраттандырып, бекемдешүүдө

  • Коопсуз аймакта жашаган бир туугандарыбыз башка жакка көчүүгө мажбур болгон ишенимдештерибизди баш калкалоочу жай, тамак-аш менен камсыз кылышты

  • Жардам берүү иштеринин баары COVID-19 пандемиясына байланыштуу сактык чараларына ылайык жүргүзүлүп жатат

Алдындагынын баарын кыйратып кеткен ушундай куюнга карабай, ишенимдештерибиз бири-бирин кайраттандырып жатканы бизди аябай бекемдейт. Биз Жахабанын алар үчүн «кысталыш учурунда коопсуз чеп болуп» береринен түк да шектенбейбиз (Забур 9:9).