Мазмунун көрсөтүү

Италиядагы Жогорку Кассациялык сот жайгашкан жер

9-ФЕВРАЛЬ, 2021
ИТАЛИЯ

Италиянын Жогорку Кассациялык соту Жахабанын Күбөлөрүнүн дарыланууга байланыштуу укугун коргоду

Италиянын Жогорку Кассациялык соту Жахабанын Күбөлөрүнүн дарыланууга байланыштуу укугун коргоду

Италиянын Жогорку Кассациялык соту бир Жахабанын Күбөсүнүн пайдасына чечим чыгарып, анын дарылануу ыкмасын өзү тандоого укуктуу экенин жарыялады. 2020-жылдын 23-декабрында Жогорку сот бардык бейтаптар дарылоо ыкмаларын, анын ичинде алардын диний көз карашына каршы келбей турган ыкмаларды тандаганга укуктуу экенин ырастаган.

Сот иши 2005-жылдагы кайгылуу окуяга байланыштуу болгон. Тактап айтканда, доктурлар бир ишенимдешибиздин укугун бузган. Операциянын алдында ал ишенимдешибиз кан куйдуруудан баш тартарын так-айкын түшүндүрүп берген. Ошондой эле кан куйдуруудан баш тартарын билдирген документти да толтурган. Бирок доктурлар анын эркине каршы ага бир нече жолу кан куюп салышкан.

Соттун чечиминде кан куйдуруудан баш тартуу бейтаптын «дарыланууда өз билемдик кылганын билдирбей турганын, тескерисинче, диний көз карашынан улам абийири жол бербегендиктен ошондой чечим чыгарганын билдирери» айтылган. Сот муну «Конституция боюнча толугу менен корголушу керек болгон, бузууга болбой турган укук» экенин баса белгилеген.

Бул Жогорку Кассациялык сот 2015-жылдан бери Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына чыгарган чечимдердин онунчусу. Ар бир чечиминде ал Сот дин тутуу эркиндигинин маанилүүлүгүн ырастаган. Сот иштери төмөнкү жагдайларды камтыган:

  • Кан куйдуруудан баш тартуу: Жахабанын Күбөлөрү сапаттуу дарыланууну каалайт жана дарылануунун көптөгөн ыкмаларына макулдугун беришет. Соттор Жахабанын Күбөсү болгон бейтаптардын Ыйык Китеп боюнча тарбияланган абийирине каршы келбеген дарылоо ыкмаларын тандоого укуктуу экенин ырасташкан. Андыктан доктурлар кан куйдуруудан баш тарткан бейтаптын чечимин сыйлашы керек. Бул — диний көз карашынан улам кан куйдуруудан баш тарткан бейтаптын юридикалык укугу.

  • Бала тарбиялоо: Жахабанын Күбөсү болгон ата же эне Жахабанын Күбөсү эмес ата же эне сыяктуу эле, баласын өзү туткан дин боюнча тарбиялаганга укуктуу.

  • Жыйналыштан чыгаруу: Жахабанын Күбөлөрүнүн кимдир бирөөнү жыйналыштан чыгарганы аны басынткандыкка жатпайт. Алардын жыйналыштан чыгарылгандар менен пикирлешпегени дин тутуу эркиндигине кирет. Андыктан алардын бул укугун сыйлоо маанилүү.

  • Алык-салык төлөө: Жахабанын Күбөлөрү Италиядагы башка диндердин баарындай эле, сыйынуу жайларына байланыштуу салыктарды төлөшөт жана салык төлөөгө байланыштуу бирдей укуктарга ээ, ошондой эле айрым нерселерден бошотулууга да укуктуу.

Жахабанын элинин укуктарынын корголушуна, ага эркин сыйынышына шарт түзгөн ушундай чечимдер бизди бекемдеп-кайраттандырбай койбойт (Накыл сөздөр 21:1).