Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрүнүн Бишкектеги филиалы

23-ДЕКАБРЬ, 2021
КЫРГЫЗСТАН

Адам укуктары боюнча комитет Кыргызстан мамлекети Жахабанын Күбөлөрүнүн укугун бузганын билдирди

Адам укуктары боюнча комитет Кыргызстан мамлекети Жахабанын Күбөлөрүнүн укугун бузганын билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети (АСУЭП) Кыргызстан өкмөтүн Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндигине каршы иш кылганы үчүн айыптады. Анткени өкмөт өлкөнүн үч аймагында Жахабанын Күбөлөрүнө диний иш-чараларын жүргүзүүгө жолтоо кылган. АСУЭПтин 7 беттен турган чечимине ылайык, Кыргызстандын өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнө «кенемте [компенсация] төлөп берүүгө» жана «ушуга окшогон мыйзам бузууларды алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүүгө» милдеттендирилди. АСУЭП Кыргызстандын өкмөтүн Жахабанын Күбөлөрүнүн укугун бузганы үчүн ушуну менен экинчи жолу айыптоодо.

Жахабанын Күбөлөрүнүн алгачкы жергиликтүү жамааты Кыргызстанда 1993-жылы каттоодон өткөн. Ал эми 1998-жылдан тартып расмий түрдө катталган. Ошонун аркасында Жахабанын Күбөлөрү бүтүндөй өлкөдө Кудайга эркин сыйынып келишкен. Бирок 10 жылдан ашуун убакыт бою Кыргыз Республикасындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия (ДИМК) өлкөнүн үч аймагындагы, тактап айтканда, Ош, Нарын жана Жалал-Абаддагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жаңы жергиликтүү жамааттарын каттоодон баш тартып келет. Жооптуу бир туугандарыбыз бул ишке байланыштуу бир нече жолу арыз менен кайрылышса да, эч кандай натыйжа болгон эмес. ДИМК ошол аймакта жашаган ишенимдештерибизге диний иш-чараларга катышууга, жолугушууларын, жыйындарын өткөрүүгө жана сыйынуу жайларын сатып алууга же колдонууга чектерди коюп келет. Андыктан АСУЭП Кыргызстандын өкмөтүн ошол үч аймакта жашаган Жахабанын Күбөлөрүн диний ишеними үчүн басмырлап жатат деген бүтүмгө келген.

АСУЭП Кыргызстандын мамлекетинен «ушуга окшогон мыйзам бузууларды алдын алуу үчүн бардык чараларды көрөт» деп күтөт. Кыргызстан АСУЭПтин чечимине ылайык кандай иш-аракеттерди кылганын 180 күндүн ичинде билдириши керек.

Кыргызстан мамлекети АСУЭПтин талаптарын аткарабы, аталган аймактардагы ишенимдештерибизге диний иш-чараларга катышууга мындан ары да жолтоо кылабы, кылбайбы, билбейбиз. Бирок адам укуктарын коргогон адистердин «Форум 18» деген сайтындагы укук коргоочулар жагдайга кылдат байкоо салып, ДИМК «БУУнун 2019-жылкы ушул сыяктуу чечимин этибарга албай койгонун» билдирген.

Кыргызстан өкмөтү БУУнун чечимине баш ийсе да, ийбесе да, Жахаба Кудайыбыз Кыргызстандагы ишенимдештерибиздин кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын жакшы билеринен шектенбесек болот (Забур 37:18). Асмандагы Атабыз аларга берилгендик, кайраттуулук көрсөтүп жатканы үчүн батасын бере берет (Забур 37:28).