Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW LIBRARY ТИРКЕМЕСИ

Көптөрдү кызыктырган суроолор. JW Library тиркемеси (Android)

Көптөрдү кызыктырган суроолор. JW Library тиркемеси (Android)

JW Library тиркемеси төмөндөгү оперативдик системаларында иштейт:

  • Android 5.1 же кийинкиси

  • iOS 12.0 же кийинкиси

  • macOS M1 менен же жаңыраак чип

  • Windows 10 1903 версиясы же кийинкиси

JW Library тиркемеси коопсуз, жакшы иштеши үчүн мезгил-мезгили менен анча-мынча нерселерди жаңыртышыбыз керек болот. Андыктан электрондук каражатыңардын оперативдик системасын жаңыртып турууну сунуштайбыз. Эгер андай кылуу мүмкүн эмес болсо, тиркемени бир канча убакытка чейин колдоно беришиңер мүмкүн. Бирок анда акыркы өзгөчөлүктөр болбошу ыктымал.

 

Жаңы тилдер белгилүү бир убакыт сайын кошулуп турат. Керектүү адабият кайсы тилдерде бар экенин көрүш үчүн Тилдер дегенди баскыла.

Түстөрүнүн айырмаланышы «Ыйык Китепте эмне жөнүндө айтылат?» деген китепченин 19-суроосунда түшүндүрүлгөндөй, Ыйык Китептеги китептердин сегиз топко бөлүнөрүн билдирет.

 

«Падышалыктын сөзмө-сөз котормосу» Android 4.0 жана андан кийинки версияларында гана чыгат.

 

JW Library тиркемесинин негизги функциялары бардык платформаларда бирдей болот. Бирок тиркеменин өзгөчөлүктөрү жана жаңылануулары ар бир платформага ар башка убакта чыгышы мүмкүн.

 

Эгер JW Library тиркемесин каражатыңыздан өчүрүп, анан кайра орнотсоңуз, чөпкаттар менен чийилген жерлер жок болуп кетет. Ал эми адабиятты жок кылып туруп, аны кайра жүктөп алсаңыз, чөпкаттар жана чийилген жерлер сакталып калат.

 

Жок. Азыркы учурда чөпкаттар жана чийилген жерлер бир эле каражаттагы тиркемеде сакталат.

 

Көйгөй: JW Library тиркемесин акыркы версиясына ылайык жаңыртканда, жазгандарыңардын, белгилеген жерлериңердин жоголуп кеткени тууралуу билдирүү чыгышы мүмкүн. Ошондон кийин мурда жазып, белгилеп койгондоруңарды, темаларды, тандалмаларды, чөп каттарды көрбөй калышыңар ыктымал.

Чечилиши: Тиркеменин кийинки жаңыртылышында бул көйгөй чечилиши мүмкүн. Белгилеп, жазып койгондоруңарды калыбына келтириш үчүн, тиркеменин кийинки версиясы чыкканда, ага ылайык жаңыртып, экранга чыккан билдирүүлөргө жараша иш кылгыла.

 

JW Library тиркемесин колдонгонду жакшы билген досуңардан жардам сурасаңар болот. Болбосо, силерге жакын жердеги филиалга кайрылгыла.