Мазмунун көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Жарганаттын жаңырыкты кабыл алуу жөндөмү

Жарганаттын жаңырыкты кабыл алуу жөндөмү

 Жарганаттар көрө алса да, караңгыда тегерегиндегилерди сезе алышы үчүн алардын көп түрлөрү жаңырыкты кабыл алуу жөндөмүн колдонушат. Тагыраак айтканда, үндүн чагылышы аркылуу кайсы бир нерсенин канчалык алыс же жакын экенин аныктай алышат. Мисалы, айрым жарганаттар чиркейди коңуздан оңой эле ажыратышат. Алар муну ал жандыктар канатын кандай ылдамдыкта кагып жатканына жараша аныкташат.

 Көңүл бурсаңар: Көптөгөн жарганаттар кекиртегинде үн импульстарын (үзүк-үзүк үндөр) пайда кылып, аларды оозунан же таноосунан чыгарат. Анан үн толкундары кайсы бир нерсеге урунуп, кайра кайтып келгенде пайда болгон жаңырыктарды чоң кулактары менен сезет. Ал жаңырыктар болсо жарганатка тегерегиндегилерди 3D (үч өлчөмдүү) сүрөт түрүндө көргөнгө шарт түзөт. Ошонун аркасында ал кайсы бир нерсенин жайгашкан жерин, бийиктигин, алыс-жакынын аныктай алат. Буга атүгүл башка жарганаттар чыгарган үндөр тоскоолдук кылбайт.

 Жарганаттын жаңырыкты кабыл алуу жөндөмү ушунчалык так болушу керек. Анткени бир эле миллисекундага (1 секунданын 1 000 ден бир бөлүгү) жаңылып кала турган болсо, олжосунан 17 сантиметрге кайып кетиши мүмкүн. Айрым изилдөөчүлөр жарганаттын мындай жөндөмүнүн тактыгы бир миллисекундадан «ашык болушу мүмкүн эмес» деп айтышат. Бирок тажрыйбалар көрсөткөндөй, жарганаттар кайтып келген жаңырыкты 10 наносекундага (1 секунданын 100 000 000дон бир бөлүгү) чейин так аныктай алышат. Ошон үчүн алар кайсы бир нерсенин алыс же жакын экенин 1 миллиметрге (атүгүл 1 миллиметрге да жетпеши ыктымал) чейин так аныктай алышат.

 Окумуштуулар жаңырык кабыл алууга сезгич келген электрондук таяктарды ойлоп табышууда. Андай таяктар азиз адамдарга тегерек-четиндегилерди сезгенге жардам берет. Ошонун аркасында алар башы менен сүзүп алышы мүмкүн болгон нерселерди, алсак, бактын бутагын айланып өтө алышат. Ал таяктар «баткейн» деп аталат. Аларды ойлоп тапкан Брайан Холли менен Деан Уотерс мындай дейт: «Буга негизинен жарганаттын жаңырык кабыл алуу жөндөмүн изилдегенибиз шарт түздү».

 Кандай деп ойлойсуңар? Жарганаттын укмуштуудай жаңырык кабыл алуу жөндөмү Жараткандын колунан бүткөнбү? Же өзү жаралганбы?