Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Телефонду өз орду менен колдонуп жатасыңарбы?

Телефонду өз орду менен колдонуп жатасыңарбы?

 Телефон a никени же бекемдеши, же ага доо кетириши мүмкүн. Ал силердин никеңерге кандай таасир этүүдө?

 Эмнелерди билишиңер керек?

  •   Телефонду туура колдонуу жубайлардын мамилесин чыңдайт. Мисалы, айрым түгөйлөр эки башка жакта жүргөндө телефон аркылуу байланышып турушат.

     «„Мен сени сүйөм“ же „Сени сагындым“ деген кыска билдирүүлөр жубайларды бири-бирине жакындатат» (Жонатан).

  •   Телефонду туура эмес колдонуу нике түйүнүнө доо кетирет. Алсак, кээ бирлер телефонго байланып калгандыктан жубайына тийиштүү түрдө көңүл да, убакыт да бөлө албай калат.

     «Телефон колдонбогон учурларымда жолдошумдун мени менен көбүрөөк сүйлөшкүсү келерин байкадым» (Юлисса).

  •   Айрымдар бир эле учурда жары менен да сүйлөшүп, телефонду да колдоно аларын айтышат. Бирок, Шерри Тёркл деген социологдун айтымында, бир эле учурда бир нече иш менен алектене алам деген ой — жомок. Чынында, антип ойлоо жаңылыштык. Шерри Тёркл баса белгилегендей, жумуштун үстүнө улам бир жумушту кошо бергенибиз иш жөндөмүбүздү начарлатат b.

     «Негизи, жолдошум экөөбүз аябай сонун сүйлөшөбүз. Бирок ал мени менен сүйлөшүп жатып, ошол эле учурда электрондук каражатты да колдонсо, жакшы пикирлеше албай калабыз. Андайда аны андан башка эч нерсе кызыктырбагандай сезилет» (Сара).

 Жыйынтык. Телефондун үй-бүлөңөрдү бекемдээри же ыдыратары аны кандай колдонгонуңардан көз каранды.

 Эмне кылсаңар болот?

 Маанилүүсүн тандагыла. Ыйык Китепте: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла»,— деп жазылган (Филипиликтер 1:10). Андыктан: «Жубайым экөөбүз телефондон баш көтөрбөй калгандыктан бири-бирибизге жетиштүү деңгээлде убакыт бөлбөй, көңүл бурбай калган жокпузбу?» — деп ойлонуп көрсөңөр болот.

 «Кафеге тамактанганы кирген аялы менен күйөөсүнүн телефон чукулап отурганын көргөндө жаман болосуң. Биз эң маанилүү нерсени — бири-бирибиз менен болгон мамилени — унутуп, техникага кул болуп калгыбыз келбейт» (Мэтью).

 Чек койгула. Ыйык Китепте: «Кандай жашап жатканыңарга жакшылап көңүл буруп, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла. Убакытты пайдалана билгиле»,— делет (Эфестиктер 5:15, 16). Мындай деп ойлонуп көргүлө: «Анча зарыл эмес билдирүүлөр келгенде, телефонду шак ала калгандын ордуна, аларды окуп, жооп бергенге кийинчерээк атайын убакыт бөлө аламбы?»

 «Телефонумду үнсүз абалга коюп коюп, кыска кат-кабарларга ылайыктуу убакта жооп бергеним жакшы болорун байкадым. Кимдир бирөө шашылыш чалган, кыска билдирүү жиберген же электрондук кат жөнөткөн учурлар чанда эле болот» (Жонатан).

 Жумушуңарды, мүмкүн болсо, жумуштан бүтүргүлө. Ыйык Китепте: «Бардык нерсенин өз убагы бар»,— деп айтылат (Насаатчы 3:1). «Үйгө келгенде да телефон аркылуу жумушума байланыштуу иштерди кылганым үй-бүлөмө таасир эткен жокпу? Эгер ошондой болсо, кандай таасир этип жатат? Бул тууралуу жарым кандай ойдо?» — деп ой калчап көргүлө.

 «Техниканын жардамы менен, кайсы учурда, каякта болбосун, иштей аласың. Жубайым менен бирге болгондо телефонумду кайра-кайра текшере бербеш үчүн жана жумушка байланыштуу маселелерди чечпеш үчүн бир топ күч жумшаганга туура келди» (Мэтью).

 Телефонду кандай колдоноруңарды жубайыңар менен сүйлөшүп алгыла. Ыйык Китепте: «Ар бир адам өзүнүн эмес, башканын пайдасын көздөсүн»,— делет (1 Корунттуктар 10:24). Өмүрлүк жарыңар менен телефонду кантип колдонуп жатканыңар, зарыл болсо, эмнелерди өзгөртүшүңөр керектиги жөнүндө сүйлөшкүлө. Ан үчүн бул макаладагы «Талкуулоо үчүн суроолор» деген бөлүктү колдонгула.

 «Жубайым экөөбүз оюбузду бири-бирибизге ачык айтабыз. Эгер бирибиз телефонду же планшетти көбүрөөк колдоно баштасак, экинчибиз дароо эскертебиз. Чектен чыгып кетүүнүн залакалуу экенин экөөбүз тең жакшы түшүнгөндүктөн бири-бирибиздин айткандарыбызга олуттуу карайбыз» (Даниэл).

 Жыйынтык. Телефон силердин кожоюнуңар эмес, кулуңар болсун.

a Бул макалада телефон жөнүндө сөз жүрсө да, принциптерди башка электрондук каражаттарга карата да колдонсо болот.

b «Reclaiming Conversation—The Power of Talk in a Digital Age» деген китептен алынды.