Мазмунун көрсөтүү

Адам өлгөндө эмне болот?

Адам өлгөндө эмне болот?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте: «Тирүүлөр өлөрүн билет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билбейт»,— деп ачык эле айтылат (Насаатчы 9:5; Забур 146:4). Бул аяттан көрүнүп тургандай, адам өлгөндө анын жашоосу толугу менен токтойт. Өлгөн адам ойлоно албайт, эч нерсе кыла албайт, эч нерсени сезе да албайт.

«Кайра топуракка кайтасың»

 Өлгөндө адам эмне болорун Кудайдын адамзаттын түпкү атасына, Адам атага, айтканынан түшүнүүгө болот. Адам ата Кудайдын тилин албай койгондо, Кудай ага: «Сен топураксың, кайра топуракка кайтасың»,— деп айткан (Башталыш 3:19). Кудай аны «топурактан... жарата» электе, ал жок болчу (Башталыш 2:7). Өлгөндөн кийин да кайра эле топуракка, башкача айтканда, жаратылганга чейинки абалына кайткан.

 Азыр деле ошондой. Адамдар менен жаныбарлар жөнүндө Ыйык Китепте: «Бардыгы топурактан жаралган, бардыгы кайра топуракка кайтат»,— деп жазылган (Насаатчы 3:19, 20).

Өлүм менен эле баары бүтүп калабы?

 Ыйык Китепте өлүм көп учурда уйкуга салыштырылат (Забур 13:3; Жакан 11:11—14; Элчилер 7:60). Катуу уктап жаткан киши эч нерсени сезбей калгандай эле, өлгөн киши да эч нерсени сезбейт. Бирок Ыйык Китепте Кудайдын келечекте маркумдарды өлүм уйкусунан ойготуп, аларды тирилте алары айтылган (Аюп 14:13—15). Андыктан өлүм менен эле баары бүтүп калбайт: Кудай өлгөндөрдү тирилтип, аларга кайрадан өмүр берет.