Мазмунун көрсөтүү

Азап чегип жатканыбызга Кудай күнөөлүүбү?

Азап чегип жатканыбызга Кудай күнөөлүүбү?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте биздин азап чеккенибизге Кудай күнөөлүү эмес экени ачык эле айтылат. Жахаба Кудай адамзаттын азап-кайгыга батышын эч качан каалаган эмес. Чын-чынында, азап-кайгынын баары адамзаттын биринчи түгөйү Адам ата менен Обо эненин Кудайдын бийлигине каршы чыгып, эмне жакшы, эмне жаман экенин өздөрү чечүүнү каалаганынын айынан башталган. Алар Кудайдан баш тартып кеткендиктен азап-кайгыга малынышкан.

 Алардын урпактары болгондуктан бүгүнкү күндө биз алардын туура эмес чечиминин залакасын тартуудабыз. Ошондуктан адамзаттын азап тартып жатканына Кудай себепкер деп айтууга болбойт.

 Ыйык Китепте: «Сыналып жатканда эч ким: „Мени Кудай сынап жатат“,— деп айтпасын. Анткени Кудайды эч ким жамандык менен сынай албайт, Ал өзү да эч кимди жамандык менен сынабайт»,— деп айтылат (Жакып 1:13). Ушу тапта азап-кайгыны ар бир киши, атүгүл Кудайдын жолунда жүргөндөр да башынан кечирет.