Мазмунун көрсөтүү

Аян китебинин 17-бөлүмүндө айтылган кыпкызыл жырткыч эмнени билдирет?

Аян китебинин 17-бөлүмүндө айтылган кыпкызыл жырткыч эмнени билдирет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Аян китебинин 17-бөлүмүндө айтылган кыпкызыл жырткыч биримдикти орнотууну көздөгөн жана дүйнө жүзүндөгү улуттардын өкүлү катары иш жүргүзгөн уюмду символдоштурат. Башында ал Улуттар Лигасы деп белгилүү болчу. Азыр Бириккен Улуттар Уюму деп аталат.

Кыпкызыл жырткычты кантип аныктоого болот?

  1.   Саясий уюм. Кыпкызыл жырткычтын «жети тоону» жана «жети падышаны», атап айтканда, дүйнөлүк державаларды билдирген «жети башы» бар (Аян 17:9, 10). Ыйык Китептен тоолордун жана жырткычтардын өкмөттөрдү символдоштурарын билүүгө болот (Жеремия 51:24, 25; Даниел 2:44, 45; 7:17, 23).

  2.   Бүткүл дүйнөлүк саясий түзүлүштүн сөлөкөтү. Кыпкызыл жырткыч Аян 13-бөлүмдө айтылган, бүткүл дүйнөлүк саясий түзүлүштү билдирген жети баштуу жырткычка окшош. Экөөнүн тең жети башы, он мүйүзү жана Кудайга акарат кылган ысымдары бар (Аян 13:1; 17:3). Бул окшоштук кокустуктан эле болуп калган эмес. Кыпкызыл жырткыч — бүткүл дүйнөлүк саясий түзүлүштүн сөлөкөтү (Аян 13:15).

  3.   Бийликти ага башка падышалар берет. Кыпкызыл жырткыч башка падышалардан чыккан, башкача айтканда, алар бийлик бергенинин аркасында гана бийлик жүргүзөт (Аян 17:11, 17).

  4.   Дин менен байланышы бар. Дүйнөдөгү бүт жалган диндерди билдирген Улуу Бабыл кыпкызыл жырткычтын үстүндө отурат. Бул жырткычка диний топтор таасир этип турарын көрсөтүп турат (Аян 17:3—5).

  5.   Кудайга акарат кылат. Жырткыч «Кудайга акарат кылган ысымдарга толгон» (Аян 17:3).

  6.   Убактылуу жансыз болгон. Кыпкызыл жырткыч убактылуу «түпсүз туңгуюкта» болмок, тактап айтканда, жансыз болуп, бирок кайра жанданмак (Аян 17:8).

Ыйык Китептеги пайгамбарлык аткарылган

 Келгиле, Улуттар Лигасынын, кийин Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөнү Ыйык Китептеги жырткычка байланыштуу пайгамбарлыктын кандайча аткарылганын көрсөтүп турганына токтололу.

  1.   Саясий уюм. Бириккен Улуттар Уюму ага мүчө болгон өлкөлөрдүн тең укуктуулугун жактайт a.

  2.   Бүткүл дүйнөлүк саясий түзүлүштүн сөлөкөтү. Бириккен Улуттар Уюмуна 2011-жылы 193-мүчөсү катталган. Бул БУУнун көп сандаган улуттардын өкүлү экенин көрсөтүп турат.

  3.   Бийликти ага башка падышалар берет. Бириккен Улуттар Уюму ага мүчө болгон өлкөлөрдүн колдоосунун аркасында бийликке ээ жана алар берген бийликтин чегинде гана бийлик жүргүзөт.

  4.   Дин менен байланышы бар. Улуттар Лигасын диндердин баары колдогон, Бириккен Улуттар Уюму да азыр дүйнө жүзүндөгү диндердин колдоосуна ээ b.

  5.   Кудайга акарат кылат. Бириккен Улуттар Уюму «эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн» түзүлгөн c. Мындай максатка умтулуу мактоого татырлыктай сезилсе да, БУУ, чынында, Кудайдын Падышалыгы гана ишке ашыра турган нерселерди убада кылуу менен Кудайга акарат кылууда (Забур 46:9; Даниел 2:44).

  6.   Убактылуу иш-аракетсиз абалда болгон. Биринчи дүйнөлүк согуштан бир аз убакыт өткөндөн кийин тынчтыкты камсыз кылуу максатында түзүлгөн Улуттар Лигасы эл аралык кастыкка бөгөт коё алган эмес. Ал 1939-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда, иш-аракетсиз абалда болгон. 1945-жылы, Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин, Бириккен Улуттар Уюму түзүлгөн. БУУнун максаттары, ыкмалары жана түзүлүшү Улуттар Лигасына аябай окшош.

a Бириккен Улуттар Уюмунун уставынын 2-беренесин карагыла.

b Мисалы, Америкадагы бүт протестанттардын атынан сүйлөгөн кеңеш 1918-жылы Улуттар Лигасын «Кудайдын Падышалыгынын жердеги саясий өкүлү» деп атаган. 1965-жылы буддизм, католицизм, православие, индуизм, ислам, иудаизм, протестантизм диндеринин өкүлдөрү Бириккен Улуттар Уюмун колдоо жана ал үчүн тиленүү максатында Сан-Франциского чогулушкан. 1979-жылы болсо Иоанн Павел II Бириккен Улуттар Уюму «түбөлүккө тынчтык менен адилеттүүлүктү жактаган уюм болуп кала берерине» үмүттөнөрүн билдирген.

c Бириккен Улуттар Уюмунун уставынын 1-беренесин карагыла