Эмне үчүн Кудайга Иса Машаяк аркылуу кайрылыш керек?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Ыйык Китепте Кудайга Иса Машаяк аркылуу кайрылышыбыз керектиги айтылат. Анткени бул — Кудайдын талабы. Иса Машаяк өзү да: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт
»,— деп айткан (Жакан 14:6). Ал өзүнүн шакирттерине: «Силерге чындыкты айтып коёюн, Атамдан менин атымдан эмне сурабагыла, ал берет
»,— деп да айткан (Жакан 16:23).
Кудайга Иса Машаяк аркылуу кайрылышыбыз керектигинин дагы башка себептери
Биз Жахаба Кудайды да, Иса Машаякты да терең урматтайбыз (Филипиликтер 2:9—11).
Иса Машаяктын бизди куткарыш үчүн өз өмүрүн бергенин жогору баалайбыз (Матай 20:28; Элчилер 4:12).
Кудай менен адамдардын ортосунда жалгыз гана арачы Иса Машаяк экенине ишенебиз (Еврейлер 7:25).
Иса Машаяктын Башкы дин кызматчы катары аткарган кызматын жогору баалайбыз. Анткени ошол аркылуу Кудайдын ырайымына ээ болуп жатканыбызды түшүнөбүз (Еврейлер 4:14—16).