Мазмунун көрсөтүү

Кудай бардык жерде, бардык нерседеби?

Кудай бардык жерде, бардык нерседеби?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Кудай баарын көрүп турат жана кайсы жерден болбосун, иш-аракет кыла алат (Накыл сөздөр 15:3; Еврейлер 4:13). Бирок Ыйык Китепте Кудай бардык жерде, бардык нерседе деп айтылбайт. Анда Кудайдын касиет-сапаттары, жашай турган жери бар экени айтылат.

  •   Кудайдын табияты. Кудай — рух (Жакан 4:24). Аны адам баласы көрө албайт (Жакан 1:18). Ыйык Китепте жазылган көрүнүштөрдө дайыма Кудайдын белгилүү бир жерде жашай турганы сүрөттөлөт. Ал бардык жерде деп айтылбайт (Ышая 6:1, 2; Аян 4:2, 3, 8).

  •   Кудайдын турагы. Кудай көзгө көрүнгөн ааламдан алда канча жогору турган рухий чөйрөдө жашайт. Ошол чөйрөдө анын «жашаган жайы» бар (1 Падышалар 8:30). Ыйык Китепте периштелердин «анын алдына чогулушканы» айтылат. Мындан Жахабанын a белгилүү бир жерде жашаарын билүүгө болот (Аюп 1:6).

Эгер Кудай бардык нерседе эмес болсо, ал мага кам көрөбү?

 Ооба. Кудай ар бир кишиге кам көрөт. Ал рухий чөйрөдө жашаса да, ага жагууга аракет кылган ар бир кишини байкап турат жана аны колдоп-коргош үчүн иш-аракет кылат (1 Падышалар 8:39; 2 Жылнаама 16:9). Анын жан-дилден кызмат кылган кызматчыларына кантип кам көрөрүнө токтололу.

  •   Тиленгенде. Жахаба силер тиленип жатканда дароо угат (2 Жылнаама 18:31).

  •   Көңүлүңөр чөккөндө. «Жахаба жүрөгү жаралангандарга жакын, кыйналгандарды куткарат» (Забур 34:18).

  •   Жетекчиликке муктаж болгондо. Жахаба өзүнүн Сөзү Ыйык Китеп аркылуу «түшүнүк берет» (Забур 32:8).

Кудай бардык жерде дегенге байланыштуу жаңылыш түшүнүктөр

 Жаңылыш түшүнүк. Кудай табияттагы ар бир нерседе бар.

 Чындык. Кудай жерде да, көзгө көрүнгөн ааламда да жашабайт (1 Падышалар 8:27). Жылдыздар жана табият «Кудайдын даңкын жар салат» (Забур 19:1). Бирок, сүрөтчү өзү тарткан сүрөттө жашабагандай эле, Кудай да өзүнүн колунан бүткөн нерселерде жашабайт. Ошентсе да сүрөттөн сүрөтчү жөнүндө көп нерсени билүүгө болот. Анын сыңарындай, бизди курчап турган табияттан Жараткан Кудайдын «көзгө көрүнбөгөн сапаттары» — күчү, акылмандыгы, сүйүүсү — тууралуу биле алабыз (Римдиктер 1:20).

 Жаңылыш түшүнүк. Кудай баарын билип турушу, кудуреттүү болушу үчүн бардык нерседе болушу керек.

 Чындык. Кудайдын ыйык руху — бул анын иш-аракет кылуучу күчү. Ал рухун колдонуп каалаган маалда, каалаган жерде, каалаган нерсесин кыла алат. Ан үчүн ал сөзсүз ошол жерде болушу керек эмес (Забур 139:7).

 Жаңылыш түшүнүк. Забур 139:8де: «Асманга чыксам да, сен ошол жакта болмоксуң, төшөгүмдү көргө салсам да, ошол жерде болмоксуң»,— деп айтылат. Демек, Кудай бардык жерде, бардык нерседе бар.

 Чындык. Аятта Кудайдын кайсы жерде экени жөнүндө айтылган жок. Аятта анын колу жетпеген жер жок экени, бизге кайсы жерден болбосун, жардам бере алары көркөм сөздөр менен берилген.

a Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.