Мазмунун көрсөтүү

Эмне үчүн Кудай кээ бирөөлөрдүн тиленгенин укпайт?

Эмне үчүн Кудай кээ бирөөлөрдүн тиленгенин укпайт?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Кудай чындап эле кээ бирөөлөрдүн тиленүүсүн укпайт. Ал эмнеге байланыштуу экенин карап көрөлү.

1. Кудай өзүнүн эркине карама-каршы келген тиленүүнү укпайт.

 Кудай өзүнүн эркине, башкача айтканда, өзүнүн Ыйык Китепте жаздырган талаптарына каршы келген тиленүүнү укпайт (1 Жакан 5:14). Мисалы, ал ач көздүктү жаман көрөт. Кумар оюндары болсо адамды ач көздүккө түртөт (1 Корунттуктар 6:9, 10). Ошондуктан эгер биз: «Оо, Кудай, лотереядан утуп алсам экен!» — деп тилене турган болсок, андай өтүнүчтү аткарбайт. Биз Кудайды каалообузду айтар замат орундата салган сыйкырчыдай көрбөшүбүз керек. Бир чети, анын ошентпегенине сүйүнсөк болот. Анткени эгер ал адамдын бардык өтүнүчүн аткара берсе, башкалар Кудайдан эмнени тилейт деп коркмокпуз (Жакып 4:3).

2. Кудай ага каршы иш кылгандардын тиленүүсүн укпайт.

 Кудай ага жакпаган иштерди билип туруп кылган адамдардын тиленүүсүн укпайт. Мисалы, Кудай ага кызмат кылабыз деп коюп, бирок аны иш жүзүндө көрсөтпөгөн кызматчыларына: «Алакан жайганыңарда, силерден көзүмдү жашырам. Көп тиленсеңер да, укпайм. Колуңар кан төккөн»,— деп айткан (Ышая 1:15). Бирок эгер алар туура эмес жолунан кайтып, Кудай менен болгон мамилесин «оңдосо», ал алардын тиленүүсүн укмак (Ышая 1:18).