Мазмунун көрсөтүү

Оттуу көл деген эмне? Ал тозок же гээна менен бирдейби?

Оттуу көл деген эмне? Ал тозок же гээна менен бирдейби?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Оттуу көл — түбөлүк жок болуунун символу. Ал гээна менен бирдей, бирок бардык адамзаттын жалпы мүрзөсү болгон тозоктон айырмаланат.

Кадимки көл эмес

 «Оттуу көл» тууралуу айтылган Ыйык Китептеги беш аяттан анын кадимки эмес, каймана маанидеги көл экенин билүүгө болот (Аян 19:20; 20:10, 14, 15; 21:8). Себеби оттуу көлгө төмөнкүлөр ыргытылат:

  •   Ибилис (Аян 20:10). Ибилис рухий жаратуу болгондуктан ал кадимки отко күйбөйт (Чыгуу 3:2; Бийлер 13:20).

  •   Өлүм (Аян 20:14). Өлүм жансыз, кыймылсыз абалды жана өмүр деминин жоктугун билдирет (Насаатчы 9:10). Андыктан өлүмдү кадимки от менен күйгүзүү же өрттөө мүмкүн эмес.

  •   «Жырткыч» жана «жалган пайгамбар» (Аян 19:20). Булар каймана мааниге ээ болгондуктан, алар ыргытылган оттуу көл да каймана маанидеги көлдү билдирет деп жыйынтык чыгарууга болот (Аян 13:11, 12; 16:13).

Түбөлүк жок болуунун символу

 Ыйык Китепте оттуу көл «экинчи өлүмдү билдирери» айтылат (Аян 20:14; 21:8). Ыйык Китепте айтылган биринчи өлүм Адам атанын күнөө кетиргенинин айынан пайда болгон. Биринчи өлүмгө дуушар болгондор кайра тирилет жана ал өлүм акыры жок кылынат (1 Корунттуктар 15:21, 22, 26).

Каймана маанидеги оттуу көлдөн эч ким чыга албайт

 Оттуу көл мындан башка өлүмдү — экинчи өлүмдү — билдирет. Экинчи өлүм да, биринчи өлүмдөй эле, жансыз, кыймылсыз абалды билдирет, бирок Ыйык Китепте экинчи өлүмгө дуушар болгондордун тирилбей турганы айтылат. Анын биринчи өлүмдөн айырмасы ушунда. Мисалы, Ыйык Китепте Иса Машаякта «тозок менен өлүмдүн ачкычтары» бар экени айтылат. Бул анын Адам атанын күнөөсүнүн айынан өлгөн адамдарды тирилтүүгө бийлиги бар экенин көрсөтүп турат (Аян 1:18, «Мукаддас»; Аян 20:13). Ал эми оттуу көлдүн «ачкычы» Иса Машаякта да, андан башка эч кимде да жок. Каймана маанидеги ал оттуу көл түбөлүк жок болууну билдирген жазаны символдоштурат (2 Тесалоникалыктар 1:9).

Гээна менен Ином өрөөнү бирдей мааниге ээ

 Грек тилиндеги «гээна» деген сөз Ыйык Китептин түп нускасында 12 жолу кездешет. Оттуу көл сыяктуу эле, ал да түбөлүк жок болуунун символу. Ыйык Китептин айрым котормолорунда ал сөз «тозок» деп которулган, бирок ал, чынында, тозок (еврейче шеол, грекче адис) менен бирдей эмес.

Ином өрөөнү

Гээна түзмө-түз Иерусалимдин сыртында жайгашкан «Ином өрөөнүн» билдирет. Байыркы убакта ал шаардын тургундары ошол жерге таштандыларды ыргытышчу. Таштандыларды толук жок кылыш үчүн отту өчүрбөй жагып турушчу, оттон калганын болсо курттар жечү.

 Иса Машаяк «гээна» деген сөздү түбөлүк жок болуунун символу катары колдонгон (Матай 23:33). Ал гээнадагылар жөнүндө: «Алардын курту өлбөйт, от да өчпөйт»,— деп айткан (Марк 9:47, 48). Машаяк бул сөздөрдү Ином өрөөнүнө ташталгандарга карата колдонгон жана Ышая 66:24төгү: «Тышка чыгып, мага каршы кылмыш кылгандардын өлүктөрүн көрүшөт. Алардын үстүндөгү курттар өлбөйт, аларды жалмаган от өчпөйт»,— деген сөздөргө шилтеме кылган. Ал муну менен ал жактагылардын түбөлүк кыйналарын эмес, толугу менен жок болорун көрсөткүсү келген. Жогорудагы аяттан айкын көрүнүп тургандай, «үстүндөгү курттар өлбөйт, аларды жалмаган от өчпөйт» деген сөздөр тирүү адамдарга карата эмес, өлүктөргө карата айтылган.

 Ыйык Китепте гээнага ташталгандардын кайра кайтып келери айтылбайт. «Оттуу көл» да, «оттуу гээна» да биротоло жана түбөлүккө жок болууну билдирет (Аян 20:14, 15; 21:8; Матай 18:9).

«Түбөлүктөн түбөлүккө күнү-түнү кыйналышат» деген сөздөр эмнени билдирет?

 Эгер оттуу көл жок болуунун символу болсо, эмне үчүн Ыйык Китепте ал көлгө ыргытылган Шайтандын, жырткычтын жана жалган пайгамбардын ал жерде «түбөлүктөн түбөлүккө күнү-түнү кыйналышары» айтылат? (Аян 20:10). Келгиле, алардын сөздүн түз маанисинде кыйналбай турганын көрсөткөн төрт далилди карап көрөлү.

  1.   Шайтан Ибилис түбөлүк кыйналышы үчүн түбөлүк тирүү болушу керек болмок. Бирок Ыйык Китепте анын «жок кылынары» айтылат (Еврейлер 2:14).

  2.   Түбөлүк өмүр Кудайдын жазасы эмес, белеги (Римдиктер 6:23).

  3.   Жырткыч жана жалган пайгамбар деген сөздөр каймана мааниге ээ болгондуктан, алардын сөздүн түз маанисинде кыйналышы мүмкүн эмес.

  4.   Ыйык Китептин контекстинен көрүнүп тургандай, Ибилистин кыйналышы анын түбөлүккө эч нерсе кыла албай турганын, чектелип каларын же жок кылынарын билдирет.

 Ыйык Китептеги «кыйноо» деп которулган сөз чектелүү, эч нерсе кыла албай калган абалды да билдирет. Мисалы, Матай 18:34төгү түзмө-түз «кыйноочулар» дегенди билдирген грек сөзү Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунда «түрмө сакчылары» деп которулган. Мындан «кыйноо» жана «чектөө» деген сөздөрдүн байланышы бар экенин көрүүгө болот. Ошондой эле жогорудагы аяттын маанилеш аяттарында, Матай 8:29да жана Лука 8:30, 31де, «кыйноо» жана «түпсүз туңгуюк» деген сөздөр бирдей мааниде колдонулган. Түпсүз туңгуюк толугу менен иш-аракетсиз, жансыз же өлүк абалды билдирген каймана маанидеги жерге карата колдонулат (Римдиктер 10:7; Аян 20:1, 3). Ырас, Аян китебинде бир нече жолу кездешкен «кыйноо» деген сөз каймана мааниде колдонулган (Аян 9:5; 11:10; 18:7, 10).