Мазмунун көрсөтүү

Кудайдын Падышалыгы деген эмне? Ал жүрөктүн абалыбы?

Кудайдын Падышалыгы деген эмне? Ал жүрөктүн абалыбы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Жок. Кудайдын Падышалыгы адамдардын жүрөгүнүн абалын билдирбейт a. Ыйык Китептеги: «Асман Падышалыгы»,— деген сөздөрдөн анын каякта экенин билүүгө болот (Матай 4:17) Келгиле, Ыйык Китепте жазылгандар анын асмандан башкарган реалдуу өкмөт экенин кандайча далилдеп турарын карап көрөлү.

  •   Кудайдын Падышалыгынын башкаруучулары, жарандары, мыйзамдары бар жана анын максаты — Кудайдын эркинин асманда да, жерде да аткарылышын ишке ашыруу (Матай 6:10; Аян 5:10).

  •   Кудайдын өкмөтү же Падышалыгы бардык элдердин, улуттардын, ар кандай тилдерде сүйлөгөндөрдүн үстүнөн бийлик жүргүзөт (Даниел 7:13, 14). Ал Падышалыкка башкаруу укугун анын жарандары эмес, Кудай берген (Забур 2:4—6; Ышая 9:7).

  •   Иса Машаяк өзүнүн шакирттеринин асман Падышалыгында «тактыларга отуруп», аны менен чогуу башкарарын айткан (Лука 22:28, 30).

  •   Падышалыктын душмандары бар. Жакында Падышалык аларды жок кылат (Забур 2:1, 2, 8, 9; 110:1, 2; 1 Корунттуктар 15:25, 26).

 Асмандагы Падышалык адамдын жүрөгүндө деген окуу Ыйык Китепте жазылгандарга карама-каршы келет. Бирок «Падышалык жөнүндөгү сөз» же «Падышалык жөнүндөгү... жакшы кабар» жүрөгүбүзгө таасир эте алат, таасир этиши да керек (Матай 13:19; 24:14).

«Кудайдын Падышачылыгы силердин ичиңерде» деген эмнени билдирет?

 Кээ бирөөлөрдүн Падышалык адамдын жүрөгүндө деп жаңылыш жыйынтык чыгарышына Ыйык Китептин айрым котормолорундагы Лука 17:21де жазылган сөздөр себеп болушу мүмкүн. Мисалы, «Үмүт нуру» котормосунда ошол аят: «Кудайдын Падышачылыгы силердин ичиңерде»,— деп берилген. Бул аятты туура түшүнүш үчүн анын контекстин карап чыгыш керек.

Кудайдын Падышалыгы Исага каршы чыгып, аны өлтүрүүнү көздөгөн каршылаштарынын жүрөгүндө болгон эмес

 Иса Машаяк бул сөздөрдү фарисейлерге, ага каршы чыгып, аны өлтүрүүнү көздөгөн диний жетекчилерге, айткан (Матай 12:14; Лука 17:20). Кудайдын Падышалыгы ошол тоң моюн диний жетекчилердин жүрөгүндө болушу мүмкүн беле? Андай болушу мүмкүн эмес болчу, анткени Иса аларга: «Ичиңер эки жүздүүлүк менен мыйзамсыздыкка толгон»,— деп айткан (Матай 23:27, 28).

 Башка котормолордо Исанын Лука 17:21деги сөздөрү тагыраак которулган. Мисалы, «Азыркы англис котормосунда» бул аят: «Кудайдын Падышалыгы силер менен»,— деп которулган (жантайынкы ариптер биздики, ред.). Ал эми «Жаңы дүйнө котормосунда»: «Кудайдын Падышалыгы силердин араңарда»,— деп берилген. Кудай дайындаган Падыша Иса Машаяк фарисейлердин алдында сүйлөп жаткандыктан, Падышалыкты ошондой мааниде «алар менен» же алардын «арасында» болгон деп айтууга болот (Лука 1:32, 33).

a Көптөгөн диндер Кудайдын Падышалыгы адамдардын ичинде же жүрөгүндө деп окутушат. Мисалы, «Католик энциклопедиясында»: «Кудайдын Падышалыгы... Кудайдын жүрөгүбүздөгү башкаруусун билдирет»,— деп жазылган. Ошондой эле папа Бенедикт XVI өзүнүн «Назареттик Иса» деген китебинде мындай деп жазган: «Кудайдын Падышалыгы тил алчаак жүрөк аркылуу келет».