Мазмунун көрсөтүү

Кудай Троицабы?

Кудай Троицабы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Христиан диндеринин көбү Кудайды Троица (үчилтик кудай) деп окутушат. Бирок «Православие дини боюнча энциклопедияда»: «Жаңы Келишимде ыйык Троица жөнүндө айтылбайт»,— деп жазылган. Ал эми «Британ энциклопедиясында» андай окуунун же түшүнүктүн «бир нече кылым бою кызуу талаш-тартышка алынып, акырындап өрчүп отуруп жаралганы» айтылган.

 Чынында эле, Ыйык Китептин бир да жеринде Кудай Троицанын бир бөлүгү деп айтылбайт. Ыйык Китептеги айрым аяттарга көңүл бурсаңар:

 «Кудайыбыз Жахаба — жалгыз Жахаба» (Мыйзам 6:4).

 «Сенин ысмың Жахаба экенин, Жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди баары билсин» (Забур 83:18).

 «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Иса Машаякты таанып-билүү зарыл» (Жакан 17:3).

 «Кудай... бирөө» (Галатиялыктар 3:20).

 Демек, Кудай Троица деп ишенгенге эч кандай негиз жок.