Мазмунун көрсөтүү

Шайтанды Кудай жаратты беле?

Шайтанды Кудай жаратты беле?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте Кудай Шайтанды жараткан деп айтылбайт. Кудай аны периште кылып жараткан, бирок ал кийин Шайтан болуп калган. Ыйык Китепте Кудай жөнүндө: «Анын иштери жеткилең, жолдорунун баары адилет. Ал — ишенимдүү Кудай, эч качан адилетсиздик кылбайт, ал адил, чынчыл»,— деп айтылат (Мыйзам 32:3—5). Кудай тууралуу айтылган ушул сөздөрдөн Кудай Шайтанды жараткан эмес, чынында, Шайтан бир учурда Кудайдын жеткилең, адил периштелеринин бири болгон деген тыянак чыгарууга болот.

 Иса пайгамбардын Шайтан жөнүндө: «Ал... чындыктан четтеп кеткен»,— деп айтканынан да Шайтандын бир кездерде Кудайга берилген, эч кандай кемчилиги жок, жакшы периште болгонун билүүгө болот (Жакан 8:44).

 Шайтан болуп калган ал периште, Жахаба Кудай жараткан башка аң-сезимдүү тирүү жандардай эле, жакшы менен жаманды айырмалап, өз алдынча чечим чыгарууга укуктуу болгон. Бирок ал периште Кудайга каршы чыгып, адамзаттын түпкү ата-энесин — Адам ата менен Обо энени да — ошого азгырып, Шайтан болуп калган. «Шайтан» деген сөз душман дегенди билдирет (Башталыш 3:1—5; Аян 12:9).